Кыргызстан: Орусиянын аскер объекттери жөнүндөгү жаңы келишим

  • 30 январь 2017
Канттагы орусиялык аскер базасы 2003-жылы ЖКК уюмунун алкагында ачылган Сүрөттүн автордук укугу Wikipedia
Image caption Канттагы орусиялык аскер базасы 2003-жылы ЖКК уюмунун алкагында ачылган

Кыргызстандын Генералдык штабы “Орусиянын Кыргызстандагы бириккен аскер базасынын макамы жана базанын Кыргызстанда туруу шарттары тууралуу” 2012-жылы түзүлгөн келишим күчүнө киргенин билдирди. Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы бул жаңы келишимди Жогорку Кеңеш беш жыл мурун ратификациялаган эле. Документте айтылгандай, макулдашуу он беш жылга түзүлүп, автоматтык түрдө беш жылга узартылып турат.

Парламентте 2012-жылдын декабрь айында кабыл алынган документте “Кыргызстандын аймагындагы Орусия Куралдуу Күчтөрүнүн аскер базасы бир катар объекттер бириккен базага айланат деп жазылган.

Бирдиктүү базанын курамына Канттагы аскер аба майданы, Чалдыбардагы байланыш түйүнү, Караколдогу жана Ысык-Көл аймагындагы сыноо полигону, ошондой эле Майлы-Суудагы автономдуу сейсмикалык борбор кирет.

“Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы бул келишим он беш жылга түзүлүп, автоматтык түрдө беш жылга узартылып турат. Эгер тараптар бул келишимди узартууну каалабаса, алдын ала айтышы зарыл. 2012-жылы кабыл алынган келишим бүгүн күчүнө кирди. Эми он беш жылдык мөөнөт менен 2032-жылга чейин орусиялык база Кыргызстанда калат”, -деди Би-Би-Сиге Кыргызстандын Генералдык штабынын маалыматтык камсыздоо башкармалыгынын башчысы Майрамбек Мусиев.

Беш жыл мурда Орусия Канттагы аскер базасын 49 жылга калтыруу тууралуу маселе койгондо, бул кыргыз коомчулугунда катуу сынга кабылган. Бирок Кыргызстан бул мөөнөттү 15 жыл менен чектөөгө жетишкен.

Канттагы орусиялык аскер базасы 2003-жылы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында ачылган. Анын карамагында "СУ-25" штурмовик учактары, Ми-8 тик учагы, бир нече үйрөнчүк учактар бар. Базада 400дөй аскер кызмат өтөйт деп айтылып келет. (ErA)