Кышкы универсиадада кыргыз спортчуларынын таймашы башталды

Кышкы Универсиаданы Алматы шаарында өткөрүү тууралу расмий чечим 2011-жылы 29-ноябрда Брюссель шаарында кабыл алынган.
Image caption Кышкы Универсиаданы Алматы шаарында өткөрүү тууралу расмий чечим 2011-жылы 29-ноябрда Брюссель шаарында кабыл алынган.

Бүгүн Алматы шаарында өтүп жаткан 28-кышкы универсиада оюндарында Кыргызстандан барган эки спортчу күч сынашты. Жалпысынан 57 өлкөдөн келген эки миңдей спортчу 86 комплект медалдар үчүн таймашышат.

Бүткүл Дүйнөлүк 28-кышкы универсиада 28-январь күнү Алматы шаарында старт алды. Ачылыш аземинде казак президенти Нурсултан Назарбаев спортчуларга ийгилик каалап, жаңы бийиктиктерди күтөөрүн айтты. Кыргызстандан 15 кишиден турган спорттук делегация кеткен. Алардын ону спортчулар болсо үчөө машыктыруучулар жана федерациялардын өкүлдөрү. Буга чейин универсиада оюндары, студенттердин жана окуучулардын спорттук сынактары Билим берүү министрлигинин жоопкерчилигинде болуп келген. Жаңы жыл алдында өкмөттүн атайын токтому менен мындан ары Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен чогуу иш алып барары чечилген. Серепчилер бул чечим өз жемишин берет деп баалап жатышат.

Image caption Канат Аманкулов

"Башка жылдарга салыштырмалуу студент спортчуларга быйыл толук шарттар түзүлдү десем болот. Орто эсеп менен алганда курама команданын тамагы, жол киресине 800 миң сомдой каражат жумшалды. Жалпылап орто эсеп менен алганда жалпы 2 миллион сомдой акча жумшалды. Универсиадага катышып жаткан студенттер бир эле дене тарбия окуу жайы эмес ар кайсы университеттерде билим алып жаткандар. Бул универсиадада алдыңкы орун алып калса студенттерибиз 25 миңден 45 миң сомго чейин стипендия алышы мүмкүн. Тоодон лыжа тээп түшүү боюнча спорчуларыбыздан үмүт чоң. Себеби алар эл аралык башка таймаштарга көбүрөөк катышып, бир топ тажырыйбага ээ. Ошондой эле биатлончуларыбыздан да жакшы жыйынтык чыгып калабы деп турабыз",- дейт аталган агенттиктин директору Канат Аманкулов.

Кыргызстандык студенттер буга чейин жайкы универсиадада бир топ ийгиликитерге жетишкени менен кышкы оюндарда байгеден алыс калып келишет. Ошондой болсо да бул саам бирин-экин үмүт жараткандар да жок эмес дешет.

"Эч убакта кышкы универсиадада ийгиликке жеткен спортчубуз болгон эмес. Бирок жайкы универсиадада байгелүү орундарды ээлегендер бар. Игорь Паклин универсиаданын чемпиону болгон. Ахмед Анарбаев совет доорунда биринчи жолу универсиадага катышып, күмүш байгеге татыган. Айрыкча эгемендикти алгандан кийин Казань универсиадасында көп байгелүү орундарды алганбыз. Өзгөчө күрөш түрлөрүнөн алдыга чыгышкан.бул жолу чоң ийгиликке жетишебиз деп айтуу кыйын. Евгений Тимофеев деген жигит Сочиде универсиадга да катышкан. Жаш, курч спортчу катары ушул жигит байгеге татып калышы мүмкүн. Сонуборд боюнча кыргыз командасы Азияда алдыңкылардан болуп жүрөт. Алар да ийгиликке жетип калышы ыктымал",-дейт спорттук баяндамачы Кабыл Макешов.

Бул ирет кышкы универсиада оюндарына 57 өлкөнүн тандалган беш миңден ашуун студент спортчулары катышууда.

Image caption Бул ирет кышкы универсиада оюндарына 57 өлкөнүн тандалган беш миңден ашуун студент спортчулары катышууда

Кышкы Универсиаданы Алматы шаарында өткөрүү тууралу расмий чечим 2011-жылы 29-ноябрда Брюссель шаарында кабыл алынган. Ошентип, Алматы шаары мурдакы советтик республикалардын ичинен кышкы универсиаданы алгач ирет кабыл алды.

Алматы универсиадасына катышып жаткан кыргызстандык спортчулар:

Тариэль Жаркымбаев (лыжа жарыштары)

Кундуз Абдыкадырова (лыжа жарыштары)

Евгений Тимофеев (тоо лыжа спорту)

Кристина Бедросова (көркөм муз тебүү)

Николай Матвеев (биатлон)

Тимур Губаев, Алексей Вакурин, Павел Вакурин (сноуборд)

Максим Гордеев (тоо лыжа спорт)

Бүгүн таймашка чыккан кыргызстандык лыжачылар Кундуз Абдыкадырова жана Тариэль Жаркымбаев алдыңкы орундарга чыга алган жок.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар