“Мегаком” боюнча Текебаев менен Айткулованын билдирүүлөрү

Текебаевдин айтымында, South Field компаниясынын агенти алардын адвокатынын катына жооп жиберген
Image caption Текебаевдин айтымында, South Field компаниясынын агенти алардын адвокатынын катына жооп жиберген

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев Белиз өлкөсүнөн жаңы кат алып, ага ылайык ал жана башка партиялаштары “Мегакомдо” үлүшү жок экенин билдирди. Бирок ушул эле күнү “Мегакомду” башкаруу укугуна ээ болуп жүргөн Penwell Business Limited компаниясынын мурдагы өкүлү Раушан Айткулова Текебаев “Мегакомдун” Кыргызстандагы иштерине кийлигишип, ал башында турарын айтты.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев журналисттерди жыйнап, Белиз өлкөсүнөн алардын өтүнүчүнө ылайык маалымат берилбейт деген кат алганын билдирди:

“Текебаев, Салянова, Шыкмаматов South Field компаниясынын кайсы бир убакта акционерлери болгон болсо, биз өзүбүзгө тиешелүү документтерди алганга Белиздин мыйзамдары боюнча толук укугубуз бар экен. Биз өзүбүздүн атыбыздан кайрылдык. “Ээси келсе бээсин бер”, мына биз келдик дедик”.

Image caption Белизден документтерди алганын УКМК президентке айткан

Текебаевдин айтымында, South Field компаниясынын агенти алардын адвокатынын катына жооп жиберген.

“Мына бизге келген кагаздары. Анын кыскача маңызы: маалыматтар ээсине гана берилет. Силер андай эмессиңер, силерге биз эч кандай маалымат бере албайбыз деп жатат. Эгер биз акционер болсок, Белиздин мыйзамы боюнча, алар бизге бергенге милдеттүү болмок”, - деди Текебаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Мегаком” боюнча айыпталуучу тараптын жоктугунан 2012-жылы токтотулган кылмыш ишин кайра жандандырганын кабарлады.

Ал эми 2016-жылдын аягында алар Белизден алган документтерге ылайык, жогорудагы үч “атамекенчи” депутат ар кандай мамлекеттик жогорку кызматта турганда “Мегакомдун” 51 пайызын Максим Бакиевдин компаниясына алып берип, андан үлүш алганга аракет кылган деп билдирген. Бул боюнча териштирүү жүрүп жатат.

“Мегакомдун” 49 пайызы 2010-жылдагы окуядан кийин улутташтырылган. Ал эми 51 пайызы 2011-жылы орусиялык Penwell Bussines Limited компаниясынын сактоосуна берилген. Бул компаниянын өкүлү Раушан Айткулова, ал учурдагы Рыкунова да маалымат каражаттарына чыга баштады.

Ал бүгүн “Мегаком” 100 пайыз мамлекеттики экенине карабай, Penwell Bussines Limited андан акчаларды сыртка алып кетип жатканын муну, Текебаев калкалаарын айтты.

“2012-жылдын сентябрынан бери “Мегакомду” Penwell Bussines Limited компаниясына иштегендер башкарат. Бул 100 пайыз далилденген маалымат. Азат Базаркулов Текебаев менен Penwell Bussines Limited компаниясын байланыштырган киши. Ал эми компаниянын өлкө ичиндеги курулуш, жарнама жана башка боюнча клеишимдеринин баары Текебаевдин кызыкчылыгына иштейт. “Пенвелдин” түшүнүгү менен айтканда, Текебаев аларды калкалайт же калкалап келаткан”, - деди Айткулова.

Image caption Раушан Айткулова жолдошу, адвокат Икрамидин Айткулова

Муну менен Айткулова Кыргызстандын коопсуздук комитети же башкалар Текебаев үчүн айыпты сырттан эмес, өлкө ичиндеги компаниядан издесе болорун айтты.

“Текебаев бүгүн биз компанияга ээлик кылбайбыз, мына анын далили деди. Бирок аларды ээси деп эч ким айткан жок. Эгер келген апостилдер боюнча Текебаев Максим Бакиевге 51 пайызды алып берсе, андан үлүш алмак деп жатат. Сегизбаев болгон документтерди так, даана көрсөтүп жатат”, - деди Айткулова.

Анын акыркы күндөрү маалымат каражаттарына чыгып жаткан ушул тариздеги айыптоолорун Текебаев төгүндөп, бийлик аны колдонуп жатканы өңдүү пикирин билдирген.

Раушан Айткулова “Мегакомдон” акча жеген деген айып менен түрмөдө үч жыл отуруп чыкты. Кыскасы кирешелүү “Мегаком” компаниясынын тегерегендеги чыр узун окуя болсо, азыркы айтылып жаткандар анын бир гана эпизодундай.