Канат Исаев: Сарпашев Максимдин жери экенин көргөндөн кийин терең ойлонуп чечиши керек болчу

Канат Исаев: Сарпашев Максимдин жери экенин көргөндөн кийин терең ойлонуп чечиши керек болчу
Image caption Канат Исаев: Сарпашев Максимдин жери экенин көргөндөн кийин терең ойлонуп чечиши керек болчу

Бүгүн Жогорку Кенеште Бакиевдердин айланасындагы адамдарга тиешелүү мүлктөрдү изилдөө боюнча депуттатык комиссиянын жыйыны болду. Анда жумушчу топтун төрагасы Канат Исаев маалымат берип, негизинен Бишкек шаарындагы Скрябин 45 даргениде жайгашкан жер тилкеси боюнча талкуу болду. Жыйынга Жогорку Кеңештин дептутаттары Канат Исаев, Өмүрбек Текебаев, Ирина Карамушкина, мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев жана башкалар катышты.

"Сөз болуп жаткан жер тилкесинин аянты 1гектар 28 сотуйду түзөт. Бүгүнкү базар баасы менен алганда бул бери дегенде 3 миллон доллар турат. Жер текейден арзан баада сатылганы түшүнүктүү. Бул атайын схема. Мындан сырткары бери дегенде дагы беш, алты мүлк боюнча маалыматтарды талап кылып, иликтеп жатабыз. Убактылуу өкмөттүн учурунда баарын ийне-жибине чейин тактоо мүмкүн болгон эмес. Иликтей келсек булар Максим Бакиевдин жакындары аркылуу колдон колго өтүп кеткени белгилүү. Эгер мамлекеттик органдар ыкчам иш алып бара турган болсо бир айга жетпеген убакыт ичинде аягына чыгарабыз. Мындай иштерди таасири жок киши жасай албайт",-дейт Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев.

Cөз болуп жаткан жер тилкесин сатууда эч кандай мыйзам бузулган эместигин Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы жана орун басарлары бир ооздон билдирди.

"Бул иште биздин аткара турган кызматыбыз келген документтерге таянып, аны каттоо. Биз бул жерде ал канчага бааланган, эмнеге андай экенине кийлигише албайбыз",-дейт мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев.

Бирок комиссия мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов Максим Бакиевдин Скрябин 45 даргенидеги жерин сатууга Мамлекеттик каттоо кызматы баштан аяк аралашкан деп айыптоодо.