Диний мектептер билим берүү стандарттарын өзгөртүп жатабы?

Мамлекет диний радикалдуу идеялардын жайылып кетишинен кооптонуп, медреселерде светтик сабактарды дагы окутууну киргизип жатат
Image caption Мамлекет диний радикалдуу идеялардын жайылып кетишинен кооптонуп, медреселерде светтик сабактарды дагы окутууну киргизип жатат

Кыргызстандын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жүргүзгөн мониторинг тогузунчу классты бүтө элек балдардын арасында мектепти чанып, медресеге өтүп окуп жаткандары дагы деле бар экенин көрсөттү. Адистер мунун бир себеби катары ата-энелердин светтик мектепке эмес, диний окуу жайларына көбүрөөк ишеним артып жатканы деп жатышат.

Бишкек шаарында мурдагы муфтий Чубак Ажы Жалиловдун "Даанышмандык үйү" деп аталган хадис академиясы өз ишин баштады. Бул диний борбор Кыргызстанда светтик билим берүүнүн кризиси күчөп, мечит-медреселердин күнү тууп жаткан учурда ачылып отурат. Байкоочулардын айтымында, жаңы ачылган даанышмандар үйү Бишкектеги диний билим берүү жайларынын орчундуусу болуп калмакчы.

“Бизде хадис академиясы алгачкы жолу ачылып жатат жана бул түшүнгөн кишиге өтө чоң окуя болуп жатат. Аалымдарыбыз пайгамбарыбыздын осуяттарын элге ачыктап жеткирип көптөгөн илимдүү жаштар керек деп айтып калчу. Буга чейин да бар болчу, бирок бир жерге топтолуп, Чубак ажыдан сабак алып, динди туура жолго багыттаган жигиттердин тарбияланышы өтө чоң жакшылыктын белгиси”, - дейт диний ырларды ырдап жүргөн төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр.

Ошол эле учурда Кыргызстанда совет заманынан бери келаткан светтик билим берүүнүн позициясы күчтүү бойдон келатат. Мамлекеттик эле эмес, жеке менчик светтик мектептерди ачкандар да болууда. Маселен, ушул жекшембиде “Гарвард Кидс Клуб” деп аталган дагы бир чоң билим берүү борбору ачылып, ондогон жеткинчектерди кабыл ала баштады. Негиздөөчүлөрдүн айтымында, бул борбордон балдар тил үйрөнүүдөн баштап, жаңы технологияларга чейин өздөштүрө алат.

Image caption “Гарвард Кидс Клуб” деп аталган билим берүү борборунун ачылышы

“Биз азыр жеткинчектер клубунун ачылуу аземинде турабыз. Биздин борбордо бир катар курстар бар. Маселен, тил үйрөнүү, мектептке даярдоо, бий жана сүрөт өнөрү. Кыскасы бул жайда көп тармактуу билим алса болот”,- дейт аталган борбордун жетекчиси Назира Абирова.

Ал арада дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жүргүзгөн мониторинг тогузунчу классты бүтө элек балдардын арасында мектепти чанып, медресеге өтүп окуп жаткандары дагы болуп жатканын көрсөттү. Адистер мунун бир себеби катары кээ бир ата-энелердин светтик мектепке эмес, диний окуу жайларына көбүрөөк ишеним артып жатканы деп жатышат.

“Азыркы учурда динчилдер светтик билим берүүгө анчейин ишене беришпейт. Башкача айтканда, светтик билим берүүдөн балдарына пайдалуу нерсе ала турганына көздөрү жетпейт. Динчилдер арасында балдарыбыз андан көрөкчө медреседе адеп-ахлакты, динди үйрөнсүн деген көз караш жайылып жатат”,- Ислам изилдөө институтунун жетекчиси Мамедбек Мырзабаев.

Ошол эле учурда диний окуу жайларда балдарга эмнени окутуп жатканын мониторинг так аныктай алган эмес. Анткени текшерүү кыска убакытта болду. Медреселерде радикалдуу диний көз караштар окутулуп жаткан же жатпаганын так аныктоо үчүн сабактарга такай катышып, окуучулар жана мугалимдер менен көбүрөөк сүйлөшүү керектиги айтылууда.

Мамлекет диний радикалдуу идеялардын жайылып кетишинен кооптонуп, медреселерде светтик сабактарды дагы окутууну киргизип жатат. Ошону менен катар окуучулардын диний сабатсыздыгын жоюу үчүн светтик мектептерге дин таануу сабактарын киргизүүдө.

Маселен, быйыл сентябрь айынан баштап он мектепке "Дин маданиятынын тарыхы" деген сабак пилоттук негизде өтүлө баштады. Бул ишти эми бардык мектептерге жайылтуу учун окуу китептерин жана мугалимдерин даярдоо керек. Бирок бул ишти аткарууга тийиштүү көлөмдө каржы мамлекеттин колунда жок болуп жатат.

Тектеш темалар