ИИМ интернетти аралаган «Көк киттен» балдарды оолак кармагыла дейт

интернет Сүрөттүн автордук укугу ISTOCK

Бишкек шаарында 8-класстын окуучусу көп кабаттуу үйдөн боюн таштап, каза болгону тууралуу окуя катталды. Ички иштер министрлиги тастыктаган маалыматка караганда, №12-мектептин окуучусу таңкы саат төрттө төртүнчү кабаттан боюн таштаган. Өлүмдүн себеби тууралуу азырынча так маалыматтар бериле элек.

Айрымдар буга интернеттеги социалдык тармактардагы “Көк кит” деп аталган виртуалдык оюндун кесепети тийиши мүмкүн экенин да жазып жиберишти.

Бул "оюн" Кыргызстанга алгач “Инстаграм” социалдык түйүнү аркылуу, ар кандай хэштег менен тарап жатканы айтылып, “оюндун” өтө опурталдуу экени, ал өспүрүмдөрдү жан кыюуга чейин алып барары катуу талкууга түшүп жатат.

Кечээ күнү өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирүү таратып, бул боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүп, кырдаалга байкоо салып жатканын билдирген. Бул “оюндун” кесепетинен өз өмүрүнө кол салган бир да учур болгон эмес деп айткан эле.

Министрлик ата-энелерди балдарына катуу көзөмөл кылып, бул виртуалдык “оюндан” оолак кармоосу керектигин эскертти. Билим берүү министрлиги дагы интернетке байланышууга мүмкүн болгон телефон, планшет, смартфондорду текшерип турууну ата-эне, мугалимдерге милдеттендирип жатат.

ИИМ бул опурталдуу “оюн” Орусияда пайда болгонун билдирген. Өспүрүмдөрдүн өз жанына кол салган окуялары катталгандан кийин Орусияда “чуулгандуу виртуалдык топтун” администратору камакка алынган экен.

Тектеш темалар