Ала-Букада сөөктү казып алгандар шарттуу кесилди

  • 2 февраль 2017
70 жаштан ашкан аялдын сөөгүн жергиликтүү тургундар эки жолу көрдөн казып алышкан
Image caption 70 жаштан ашкан аялдын сөөгүн жергиликтүү тургундар эки жолу көрдөн казып алышкан

Өткөн жылы Ала-Бука районунда тутунган динине карап көрдөн сөөк казып алуу боюнча эки жаранды сот жазага тартты. Дагы бир айыпталуучуга тосмо арыз берилгендиктен жоопкерчиликтен бошоду. Бул сөөктү казып алуу боюнча биринчи сот иши.

Жогорку Соттун 2-январда билдиришинче, Ала-Бука районунун Ала-Бука айлынын эки жашоочусуна соттун өкүмү 12-январда чыкты. Алар кылмыш жаза кодексинин "Өлгөн адамдын денесин жана алар көмүлгөн жерди мазактоо" беренесине ылайык, күнөөлүү деп табылып, үч жылга шартуу кесилди, бир жылдан сыноо мөөнөтү берилди. Дагы бир шектүүгө жабырлануучу тарап тосмо арыз жазып берген.

Маалымат каражаттарынын жазганына караганда сөөктү, казууга бир топ киши катышкан же үндөгөн.

Дин иштери боюнча комиссиянын аналитикалык бөлүмүнүн башчысы, окуяны жеринен иликтеп келген Гүлназ Исаева мурда көмдүрбөй койгон окуялар болуп келсе, биринчи жолу көрдөн казып алышты дейт:

"Бул окуя абдан орчундуу, анткени көмүлгөн сөөктү казып алышты. Өлүктү зарыл учурда, атайын чечим менен гана кайра казууга болот. Өз алдынча казып алуу мыйзамды одоно бузгандык болуп эсептелет. Чынында көп эскперттер жаза аткаруучуларга гана берилип калды, үндөгөндөр же башка катышуучулар четте калды деп жатышат".

Бишкектен барган эксперттер Ала-Букада протистант кыргыздар кысынып, кооптонуп, элден обочолонуп жашаганын байкашкан. Андыктан аймактарда ар башка диндегилерди интеграциялоо маселеси да турат дейт Исаева.

Кыргызстанда басымдуулук кылган мусалманчылыктан башка динди карманган деп айыпталган маркум Сары-Талаа айылында турган. Анын жашоочулары сөөктү айылга коюуга башынан каршы болгон. Ала-Бука айылы район борбору жана ал жерде христиандардын көрүстөнү болгондуктан туугандары менен ошол жерге көмүү чечимине келгенбиз деди Ала-Бука райондук администрация башчысынын орун басары Калчабү Үсөнбаева.

Маркумдун жердеши Сары-Талаа айылынын тургуну Кубандыктан окуя боюнча айылдаштарынын азыркы маанайын сурадык.

"Бул үй-бүлө өзү эки жыл мурда эле көчүп келген. Ошондуктан алар тууралуу көп нерсе билбейбиз. Алардын динин да жакшы түшүнбөйбүз, кайда барып сыйынышат белгисиз. Үйдү сатып алгандан кийин жашап жатышса керек, кабарыбыз деле жок".

Image caption Динине карап сөөк койдурбай коюу Кыргызстандын ар жеринде болуп жүргөн. Андай окуя боюнча сот иши биринчи жолу болду

Гүлназ Исаеванын айтымында, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мыйзамды сактоо каалоосу болгон менен калктын көпчүлүгүнүн кызыкчылыгын ойлошот, алар көпчүлүктүн таасиринде:

"Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жергиликтүү жамааттын, көпчүлүктүн кызыкчылыгын коргоп жатабыз деген позицияда болуп калышыптыр. Мыйзамды биринчи иретте ошолор абсолюттук түрдө аткарбаса, мындай жагдайлар, балким, башка бир маселелер боюнча чыгы бериши мүмкүн".

Диний кызыкчылыгына карап сөөк койдурбай коюу Кыргызстандын ар жеринде болуп жүргөн. Андай окуя боюнча сот иши биринчи жолу болду дейт дин иштери боюнча комиссиянын бөлүм башчысы Исаева.

Ала-Букадагы окуядан кийин өкмөттө жумушчу топ түзүлгөн. Ал динге карап көрүстөн жерин бөлүштүрүү эрежесин калыптандырууну карап жатат. Анткени жерге берүү боюнча мыйзам эрежелери жок экени ушундай окуяларда билинген эле.

Өткөн жылдын октябрь айында 70 жаштан ашкан аялдын сөөгүн жергиликтүү тургундар эки жолу көрдөн казып алышкан. Алар мусулмандардын көрүстөнүнө башка диндегилерди койбойбуз деп, маркум баптист болчу дешкен. Бирок анын жакындары, жабырлануучу тарап менен байланышканыбызда башка динге өтпөгөнүн айтып даттанышкан.

Соттун чечимимине мыйзам белгилеген мөөнөттө эч ким даттанган жок.