Интернетти аралаган кооптуу оюнга каршы комиссия иштей баштады

Эгер бала интернет баракчасына киттин сүрөтүн коюп же мен оюндамын деп жазган болсо анда шектенүүгө негиз бар.
Image caption Эгер бала интернет баракчасына киттин сүрөтүн коюп же мен оюндамын деп жазган болсо анда шектенүүгө негиз бар.

Интернеттеги "көк кит" деп аталган кооптуу оюндун тарап жатышына байланыштуу мекемелер аралык комиссия өз ишин баштады. Бул комиссия өспүрүмдөрдү интернетте эмне иш кылып жатканын көзөмөлгө алуу менен бирге, аларды өлүмгө жетелеген оюндан сактап калуу чараларын көрүү үчүн түзүлдү дешет расмийлер. Аталган оюн өткөн айдан тартып мектеп окуучулары арасында тездик менен тарап, аңгыча аягы өлүм менен бүткөн учурлардын алгачкылары катталганы маалым болду.

1-февралда бешинчи кабаттан секирип жан берген мектеп окуучусунун өлүмү интернетти каптап бараткан "көк кит" оюну тууралуу бир катар жүрөк үшүн алган окуяларды ашкере кылды. Адегенде, кайсы мектеп окуучусу менен сүйлөшүп көрбө бул оюн тууралуу маалыматы буга чейин эле болуп, көпчүлүгү ойноп да жүргөнү ачыкка чыкты. Сөзүм куру болбошу үчүн Бишкектеги айрым мектеп окуучуларына "Көк кит" оюну тууралуу эмнелерди билесиңер деген суроо узатып көрдүм.

Алина, 12 жашта: Бул оюн тууралуу уккам. Интернетте жайылып жатат азыр. Оюнга катышуу үчүн бир группага кирип, алардын талаптарын аткарасың.

Чыңгыз, 14 жашта: "Көк кит" суицидке алып барган оюн экенин билем. "ВКонтакте" социалдык тармагында кеңири тараган. Бирок мен ойнобойм.

Гүлжан, 7-класстын окуучусу: Оюн жөнүндө көп эле уккам. Интернетте отургандардын көбү катышып көрөт. Бирок ушул оюндун артынан биздин мектептен балдар өмүрүнө кол салгынын уккандан кийин коркуп калдым. Мугалимдер эскертип жатат.

Ал арада интернетти каптап бараткан "Көк кит" оюнуна каршы күрөшүүгө мамлекет жапатырмак киришкенин бүгүн маалым кылды. Атап айтканда, мекемелер аралык комиссия түзүлүп, айрымдары интернет айдыңын көзөмөлгө алууна баштаса, дагы башкалары мектептерде, билим берүү жайларында түшүндүрүү ишин өткөрүүдө. Комиссияга Улуттук коопсуздук кызматы, Ички иштер, Билим берүү министрликтери, Башкы прокуратура жана психологдор кирген.

"Виртуалдык оюндар күч алып жатат деп буга чейин эле айтып жатканбыз. Андан көп өтпөй эле 8-класстын окуучусу өзүн терезеден таштап өлдү. Буга интернеттеги оюндар түрткү болдубу деген оюбуз бар. Андыктан кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүп жатат. Комиссия жаш балдарды виртуалдык оюндарга киргиздирбей же оюндарды кантип жапсак деген ой-пикирлерин айтып, маселени чечүү жолдорун карап жатабыз", - деди Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун өкүлү Эрнис Осмонбаев.

Кыргызстанга алгач "Инстаграм" социалдык түйүнү аркылуу тараган көк кит оюнунун эрежесине ылайык, «өлүм флешмобунун» катышуучусу өздүк интернет баракчасына алгач "мен оюндамын" деп жазат. Андан ары ага анонимдик аккаунттан тапшырмалар жөнөтүлө баштайт. 50 этаптан турган ал тапшырмалардын арасында "венаңды кесип, сүрөтүн бизге жибер" деген дагы жери бар. Айрым байкоочулардын айтымында, бул тапшырманы Бишкектеги бир катар окуучу кыздар аткарып, венасын кескен сүрөтүн интернетке жүктөгөн. Бирок бул окуучу кыздардын өздөрү менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон жок. Ал эми соңку этап катары жаныңды кый деген буйрук эсептелет.

Учурда ата-эне, мугалимдерге коомчулук, бийлик тарабынан көптөгөн эскертүүлөр берилип жатат. Алардын эң негизгилеринин бири, интернетте отурган баланын ар бир аракетине маани берүү керек. Эгер бала интернет баракчасына киттин сүрөтүн коюп же мен оюндамын деп жазган болсо анда шектенүүгө негиз бар. Бул учурда баланына өмүрүн сактоо үчүн тийиштүү органдарга кайрылуу керек.