Өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесинде эки фракция калды

Өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесинде эки фракция калды
Image caption Өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесинде эки фракция калды

Жогорку Кеңеште өкмөттү кетирүү тууралуу талкуулар жүрүүдө. Бул маселени бүгүн эки оппозициялык фракция - "Өнүгүү-Прогресс" менен "Ата Мекен" жабык карады. Бир күн мурда "өкмөттүн тагдырын фракция жыйынында чечебиз" деген "Республика-Ата-Журттун" лидери Өмүрбек Бабанов башкача билдирүү жасады.

Парламентте кечээ фракция лидерлеринин өкмөткө катуу сынынан кийин өкмөттүн отставкага кетиши тууралуу сөз жүрө баштады эле. Бирок бүгүн "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов өкмөттү отставкага кетирүүгө эрте, ал эми өкмөт башчы тууралуу ооз ачкан эмесмин деди журналисттерге.

"Жакшылап угуп чыккыла, мен премьер-министр эмес, өкмөт тууралуу айткам. Бүгүн Тасирбек Сарпашевдин маселесин карадык, эртең өкмөттүн башка мүчөсүн карашыбыз мүмкүн. Ал эми өкмөттүн иши бизди эч ынандыра албайт. Бирок азыр аны отставкага кетирүү учуру эмес", - деди Бабанов.

Бабанов бир күн мурдагы жыйында Жогорку Кеңештин чоң залында өкмөттү катуу сынга алып, анын тагыдырын чечебиз деген болчу.

Дагы эки фракциянын - "Ата Мекен" менен "Өнүгүү-Прогресстин" лидерлери өкмөткө ишеним көрсөтпөөнү карап жатат. Бул фракциялардын жыйыны жабык өттү. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев өкмөт отставкага кетиш керек деген чечимге толук келишкенин Би-Би-Сиге билдирди.

"Биз кечээ деле ачык айттык. Экономикалык көрсөткүчтөр боюнча аргументтер, фактылар бар. Ошондуктан биздин азыркы чечимибиз - өкмөттү отставкага кетирүү демилгеси. Абалды оңдосо болот, акча жок эмес бар".

Ал эми "Ата Мекен" фракциясысынын лидери Өмүрбек Текебаев өкмөткө ишеним көргөзбөө үчүн кол топтой башташаарын мурунку күнү эле айткан:

"Евразиялык экономикалык биримдиктин идеясын дискредитация кылганы үчүн биз бүгүнкү өкмөттүн курамына ишеним көрсөтпөө жараянын баштап, добуш жыйноону баштайбыз".

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов өкмөттү отставкага кетирүүгө эрте деди

Жогорудагы үч фракция тең оппозицияда. Кыргызстандагы тажрыйбага ылайык, өкмөт демейде парламенттеги коалициялык көпчүлүк тараганда кетип жүрөт. Бирок 40тан ашык кол болсо, оппозициялык фракциялар өкмөттү отставкага кетире алат. Бул тууралуу "Республика-Ата-Журт" фракциясынан депутат Акылбек Жамангулов айтып берди.

"Бюджеттеги кемтик, бажы төлөмдөрүнүн 2,5 млрд сомдой, салыктын алты млрд сомдой аз түшүүсү, ЕАЭБ боюнча кечээ бир топ сындар айтылды. Ал эми оппозициялык фракциялар 40 депутаттан ашса, өкмөттүн отставкасын демилге кыла алат".

Баса Амангулов алардын фракциясы өкмөткө ишеним көрсөтпөшү мүмкүн экенин Би-Би-Сиге лидери Бабанов жабык жыйын өткөрлөрдүн алдында билдирген.

Үч фракциянын депутаттарынын саны 52 болмок. Бирок эми "Республика-Ата-Журт" оппозициядагы калган эки фракцияны колдобосо алар бириккенде да 24 эле депутат калууда.

Image caption "Ата Мекен" фракциясысынын лидери Өмүрбек Текебаев өкмөткө ишеним көргөзбөө үчүн кол топтой башташаарын мурунку күнү эле айткан

Коалициялык көпчүлүктөгү "Социал-демократтар", "Бир бол" жана "Кыргызстан" үн ката элек. Бирок бийликтеги КСДП фракциясынын мүчөлөрүнүн арасында да өкмөттүн ишине ичи чыкпаганын ачык айткандар бар. Социал-демократ депутат Рыскелди Момбеков буларды айткан:

"Бажы кызматынан, салык кызматынан канча акча жыйналбай калды. Өкмөттүн ЕАЭБ берчү акча, олжо келбей калды, ошондон кыйналып калдык дегени туура эмес. Өкмөттүн өзүнүн бул багытта ишинин, даярдыгынын жоктугун көрсөтөт".

Маалымат каражаттары менен саясатчылар арасында өкмөткө, аны менен премьер-министрге ишеним көрсөтпөө президенттик шайлоого байланыштырылып жатат. Анткени маалымат каражаттары премьер-министр Сооронбай Жээнбеков социал-демократтардан президенттикке талапкерлигин коёт деп жазышкан.

Мындан сырткары бүгүн айрым интернет булактары социал-демократ Аалы Карашевдин президенттик аппараттан Жогорку Кеңешке депутат болуп келишин, ал спикерликке барат деп божомолдоду. Анткени президенттик шайлоонун эрте өткөрүлүшү тууралуу сөздөр да жүрүүдө. Анда спикер президенттин милдетин аткаруучу болуп калат деп божомолдошот журналисттер.

Бирок Өмүрбек Бабанов президент Алмазбек Атамбаев кадимкидей иштеп жатат, ден соолугу жакшы, андыктан шайлоо эрте өтүшүнө негиз жок деди.

Фракциялар спикерди чакытртып алууну да карап жатат. "Республика-Ата-Журт" бул тууралуу ишенимдүү билдирди.