Илимий диссертациялар: саны бар, а кайтарымы кана?

ЖАКтын эксперттери диссертациялардын төрт гана пайызын жогорку деңгээлде деп баалашкан. 85 пайызы орто жана жетишерлик деңгээлде.
Image caption ЖАКтын эксперттери диссертациялардын төрт гана пайызын жогорку деңгээлде деп баалашкан. 85 пайызы орто жана жетишерлик деңгээлде.

Илимий иштерге коюлган талаптардын барган сайын күчөтүлүп жатканына карабастан, бул илим жактоонун сандык көрсөткүчүнө көп деле таасир эткен жок. Маселен, 2015-жылы 77 докторлук, 281 кандидаттык иш корголсо, 2016-жылы докторлук диссертация 65, кандидаттык иш 262, баардыгы 327 болду.

Саны жагынан алганда коомдук жана гуманитардык илимдер боюнча эң көп иштер корголуп, 191 илимий даража ыйгарылган. Анын ичинде эң көбү экономисттер - сегиз докторлук, 39 кандидаттык иш корголду.

"Изилдөөлөрдүн басымдуу көпчүлүгү экономика илимдери боюнча болуп жатканын көрүүгө болот. Бирок, тилекке каршы, бул аталган чөйрөдө олуттуу изилдөөлөр жүрүп жаткандыгы жөнүндө кабар бербейт. Бир катар ийгиликтүү изилдөөлөр менен бирге илимий жаңычылдыгы, илимий тыянактары республикабыздын айрым бир аймакатарын (областтарын) изилдөө менен гана чектелип калган иштер учурайт. ЖАКтын президиуму тарабынан экономика илимдери боюнча диссертациялык кеңештерге бул маселе боюнча бир нече жолу эксертилгендигине карабастан, дагы деле илимий изилдөө темасы Чүй областынын мисалында, Жалалабад областынын мисалында ж.б. деп даярдалган диссертациялар корголуусу уланууда",-деди

Ошондой эле көп жылдардан бери келаткан тенденция сакталып, медицина тармагы боюнча да илимий иштер көп корголууда. Бул тармакта баары 43 илимий наам ыйгарылды. Сегизи докторлук, 32 кандидаттык.

Ошол эле учурда кээ бир адистиктер боюнча адистиктер боюнча жыл ичинде бир да диссертация коргоого коюлган эмес. Маселен, кур чыккан тармактар катары тоо машиналары, жол, курулуш жана көтөрмө транспорт машиналары, имараттар жана курулмалардын архитектурасы адистиги, темир жол, темир жолдорду изилдөө жана долбоорлоо адистиктирди айтса болот.

Антиплагиат системасы текшергенден кийин жети диссертация жараксыз катары четке кагылган, дагы эки диссертацияны изденүүчүлөр өздөрү алдыртышкан.

Диссертациялардын даярдалуусу боюнча эксперттер орто жана жетишээрлик дэңгээлде деп 85% диссертацияга баа беришкен. Эң төмөнкү чекте деп 10% белгиленген. Жогорку дэңгээлде деп 4% гана диссертация табылган.

УИАнын президенти Абдыганы Эркебаев өз кезегинде кийинки жылдары бийликтеги кызмат адамдары тарабынан ыгы келсе да, келбесе да диссертация жактооо адаты сээлдеп калганын жакшы көрүнүш катары атады:

"Убактысы барбы-жокпу, болбой эле илимдин кандидаттары, доктору көбөйүп кетти эле, өзгөчө саясат таануу, экономика боюнча. Мунун, ачык айтканда, көпчүлүгү эле коррупция болчу. Алардын эч убакта диссертация жазганга убактысы болбойт. Кээ бир чиновниктер отуруп алып эле ызгытып эле диссертация жазган учурлар азыр тыйылып калды. Негизинен жоюлуп калды, бул абдан жакшы көрүнүш".

Ошондой эле ЖАКтын эксперттери тилдик эмес илимдерден мамлекеттик тилде даярдалган диссертациялардын төмөнкү деңгээлде болуп жатканын белгилешүүдө.

"Чынында эле мындай диссертацияларды окуганда, кыргыз тилинин илимий стилинин өнүгүшүнө эмес, анын талкаланышына салым кошулуп жаткандай туюлат. Айрым тексттерди окуганда, орус тилинен түзмө-түз которулуп калгандыгына байланыштуу маанисиз эле сүйлөмдөр жаралып калганына күбө болуудабыз",-деди ЖАКтын окумуштуу катчысы Нургул Атабекова өзүнүн отчеттук баяндамасында.

Кыргызстанда көп жылдардан бери илимий диссертациялардын экономикалык кайтарымы төмөн болуп жатканы белгилүү. Ошол себептүү, өлкөдөгү эң башкы илимий мекеме болгон УИАны өзүнө кеткен чыгымды актабай жатат деп сынга алышып, акыры анда кыскартуулар болуп, бирок чыр-чатак менен коштолууда.

Мамлекеттин илимпоздорго камкордугу көп анча жакшы эмес болсо дагы, илимий иштердин сандык көрсөткүчтөрү өлкөдө илимге кызыгуунун, изденүүчүлүктүн деңгээли түшпөй келатканын көрсөтөт. Докторлук даражага каралган кошумча 600 сом, илимий даражага 300 сом жыйырма жылдан бери көбөйө элек.