Аткезчилик чектен аштыбы?

Окуяга көз салган айрым саясатчылардын бул боюнча пикири башка. Алар бажы инспекциясында мындай коррупция эбактан бери болуп келгенине көз жумган парламент депутаттары менен кээ бир саясатчылар дын бир учурда козголушунда кандайдыр бир шек бар дешет.
Image caption Окуяга көз салган айрым саясатчылардын бул боюнча пикири башка. Алар бажы инспекциясында мындай коррупция эбактан бери болуп келгенине көз жумган парламент депутаттары менен кээ бир саясатчылар дын бир учурда козголушунда кандайдыр бир шек бар дешет.

Кыргызстандын Бажы кызматына ар кандай дооматтар күчөп турган чак. Талаш-талкуулар парламент трибунасына чейин жетип, Бажы кызматы миллиондогон каражаттарды кымырып жатат деп эл өкүлдөрү сынга алууда. Ошол эле учурда мурунтан калыптанган бул көрүнүшкө парламент депутаттарынын кайрылып жатышы кандайдыр бир кызыкчылыктардан улам болушу мүмкүн деп болжогондор да жок эмес.

Жаңы жылдан бери Бажы кызматына байланышкан дооматтар токтобой келе жатат. Башында бул тармактын жетекчилери асман чапчыган каражатты коротуп, чет өлкөлөрдө жаңы жыл тосушат деген нааразы пикирлер айтылган. Көп өтпөй Бажы кызматы өткөн жылы чогулта турган 32 миллиард сомдун 3 миллиарды чогулбай калгандыгы айтылып талкуу кызыган. Бажы кызматынын жетекчиси мындай көрсөткүчтүн себеби Орусияга салынган санкциялардын таасири деп түшүндүрүүдө.

Ансыз да коомчулукта коррупциянын чордону катары айтылып келген Бажы тармагы акыркы жылдары кыңыр иштерин ого бетер күчөткөнүн Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев айтып чыкты.

"Эл аралык уюмдардын анализи боюнча 2008-жылдан 2012-жылга чейин бажы инспекциясы уурдаган акчалардын көлөмү жыл сайын төрт жарым, беш миллиард сом болуп келген. Быйыл эбегейсиз суммага жетти, жыйырма эки миллиард сом. Биздин бюджеттик тартыштык жыйырма үч миллиард сом. Биз байкуш болуп ар кимден акча сурабай, ошол элдин ырыскысын эле элдин чөнтөгүнө салып берсек, жалпы мугалимдердин айлыгын эки эсе көбөйткөнгө жетет эле. Кечээ бажы инспекциясынын башчысы айтып жатат, "жок, бизде эки жүз эмес, он төрт эле киши үй-бүлөөсү менен эс алганы Дубайга барды" - деп. А эмне үчүн Дубайга он төрт мугалим бара албайт?", - дейт Каныбек Иманалиев.

Айтылгандардын чын төгүнүн сурап бажы кызматына бир канча жолу байланышканыбыз менен жооп ала алган жокпуз. Тек гана эфирден сырткары сүйлөшүү учурунда айтылган дооматтардын баары курулай саясат экендигин айтышты. Сот өлкөдөн чыгууга тыюу салбагандан кийин жаңы жылдык эс алууга саналуу эле кызматкерлер арзан баада, жеке каражаттарына эс алгандыгын кошумчалады.

Ошондой эле кытайдан ташылды деген жүктөрдүн талаштуу көлөмү тууралуу, кытай ар бир товарды кутусу менен же чекене санап эсептей турган болсо кыргыз бажысы кандай гана жүк келбесин аны киллограммдап эсептей турганын, тиешелүү жердин баарында видео байкоо орнотулганын билдирген.

Сүрөттүн автордук укугу B
Image caption ЕАЭБге кирүү менен кыргыз-казак чек арасы 2015-жылы 12-августта толук ачылган

Окуяга көз салган айрым саясатчылардын бул боюнча пикири башка. Алар бажы инспекциясында мындай коррупция эбактан бери болуп келгенине көз жумган парламент депутаттары менен кээ бир саясатчылар дын бир учурда козголушунда кандайдыр бир шек бар дешет.

"Мунун эң маанилүү бир себеби бар. Буга чейин унчукпай отурган саясатчылар жана президенттин тегерегиндеги топтор бүгүн президент кетээрде баардыгы активдешип, кандайдыр бир деңгээлде алардын ортосунда саясий согуш башталды. Бул кимиси маанилүү экенин көрсөтүп, президенттин тегерегинен сүрүп чыгарууга болгон аракет.

Негизги маалыматты сыртка ыргытып жаткандар айланып келип эле президенттин тегерегиндеги адамдар болушу мүмкүн. Ошентип буга чейин маанилүү финасы булактарынаа жетпей келген топтор азыр мүмкүнчүлүк пайда болгонун түшүнүштү. Ушул абалдан пайдаланып алар мурдагы өчүн алууга аракет кылып жатышат, же ошол финансылык булакты башка бир топ ээлеп калганга аракет кылып жатышат", - дейт Равшан Жээнбеков.

Image caption Кыргызстан бажы биримдигине киргенден тарта бажы пункттары катуу көзөмөлгө алынып, аткезчиликке тыюу салынаары айтылган.

Кыргызстан бажы биримдигине киргенден тарта бажы пункттары катуу көзөмөлгө алынып, аткезчиликке тыюу салынаары айтылган. Деген менен жакында эле Бишкек четинде кыйраган учактагы жүк да аткезчилик менен Кыргызстанга алынып келгенин парламент депутаты Өмүрбек Текебаев айтып чыгып, аткезчилик аркылуу көмүскөдө өтө чоң суммадагы акчалар айланып жаткандыгын билдирген.

Тектеш темалар