Президент “Ата-Мекен” лидеринин кайрылуусун иликтөөнү Башкы прокуратурага тапшырды

Өмүрбек Текебаев

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Башкы прокурору Индира Жолдубаевага “Ата-Мекен” партиясынын маалымат каражаттарына берген кайрылуусу боюнча иликтөөнү тапшырды. Бул тууралуу Президенттин расмий сайтында кабарланды.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн Бишкекте өтүп жаткан оппозициянын форумунда Кипирдеги офшордо президентке тишелүү мүлктөр тууралуу маалыматы бар экенин айтып чыккан.

Мындан алдын басылмалар Текебаевдин Кипрге сапарын ар кандай чечмелеп жазып чыгышкан эле. Башкы прокуратура бул айтылгандар боюнча иликтөө жыйынтыгын коомчулукка жана президентке маалымдашы керек.

Буга чейин “Ата-Мекен” лидери президент Алмазбек Атамбаевдин мүлктөрү тууралуу ММКларга маалымат берген эле. Анда өзүнүн жана президенттин киреше-чыгашалары тууралуу кеңири айтып чыкканы бар.

Тектеш темалар