«Мураскорго» каршы канча күч бириге алат?

  • 13 февраль 2017
Мураскор маселесинде саясий партиялардын баарынын ою, көз карашы көп жагынан ар түрдүү экени көрүнүп калды.
Image caption Мураскор маселесинде саясий партиялардын баарынын ою, көз карашы көп жагынан ар түрдүү экени көрүнүп калды.

Жаңырган жылы Кыргызстанда саясий активдүүлүк күчөдү. Үч саясатчы президенттик кызматка талапкер экенин жарыялады. Ага удаалаш эле өлкөдөгү саясий партиялардын лидерлери чогулуп, алдыдагы шайлоодо президенттин "мураскор" операциясына жол бербеш үчүн биригүү аракетин баштады.

"Мураскор" операциясы болбойт деген бул жомок. Бийликтин табияты ошондой. Кетип аткан бийлик өзүнө ыңгайлуу, өзүнүн салтын уланта турган, өзүн ревизия кылбай турган күчтү алып келгенге аракет кылат. Балким, бийликте болсоңор, силер да ушуну кылмаксыңар. Эки эле жол бар: Биринчи күчтүү жарандык коом. Түштүк Корея менен Францияда жакында шайлоо болот. Бирок шайлоого жеткенче эле эл электен өткөзүп, кээ бир адамдарды баш тартканга аргасыз кылат",- деди бүгүнкү жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев.

Бирок дал ушул мураскор маселесинде саясий партиялардын баарынын ою, көз карашы көп жагынан ар түрдүү экени көрүнүп калды. "Ата-журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев мураскор маселесинде этият болууга чакырып жатат:

"Мына мураскерге каршы деп атасыңар. Мураскор ар түрдүү болушу мүмкүн. Муну дагы тактап алалы. Эртең Алмаз Шаршенович чыгып, урматтуу туугандар мен жакшыны да, жаманды да көрдүм, алды-артын да көрдүм. Келгиле Ѳмүрбек Чиркешовичти мураскор кылып алалы, баарыбыз ушуну шайлайлы десе эмнеге каршы чыгышыбыз керек. Же болбосо, урматуу туугандар, эң жакшы адамдардын бири Адахан Кимсанбаевич экен, келгиле ушуну мураскор кылалы десе, эмне үчүн каршы чыгышыбыз керек. Ошондуктан урматтуу туугандар, мураскорго да этият мамиле кылыш керек",

Камчыбек Ташиевдин Текебаев менен Мадумаровду мисал тартканы көбүрөөк тамашага окшоп кеткени менен бул маселеде саясий күчтөрдүн ар кимисинин оюнда өзүнчө бир план-жүрүштөр бар экени көрүнүп калды.

Image caption Президент Алмазбек Атамбаев өзүнө мураскор тандабасын көп жолу айтты.

Президент Алмазбек Атамбаевдин бийлиги ушул жылы аяктайт. Мамлекет башчы кийинки президентти эл өзү тандасын үчүн бардык шартты камсыз кыларын кайра-кайра эле айтып келатат. Бирок президенттин сөзүнө өлкөдөгү саясий күчтөр ишенбей жатышат. Ошондуктан алар азыркы шайлоо системасын тез арада алмаштыруу керек деген талап коюшууда. Атап айтканда автоматтык эсептегич урналардан баш тартыш керек, ал система бийликтин оюндагыдай кылып оңдоп койгонго оңой экен дешет. Бирок бул маселеге келгенде дагы саясатчылардын ою бир жерде эмес.

"Туура. Бүгүнкү системада да кемчиликтер бар. Бирок биз андан баш тартпастан алдыны көздөй жылышыбыз керек. Бул жердеги саясат - Конституция сакталсын, узурпация болбосун, шайлоо таза өтсүн жана "мураскор" операциясы болбосун деген ойлордун айланасында биригише алат",-деди "Ата Мекен" партиясынын лидери Ѳмүрбек Текебаев.

Image caption Президенттик жарышка түшө турганын озунуп жарыялаган саясатчылардын бири - Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев

Айтмакчы, президенттикке өзүнүн талапкер боло турганын озунуп жарыялаган саясатчылар Темир Сариев, Бакыт Төрөбаев жана Ѳмүрбек Бабанов бүгүнкү жыйынга чакырылышкан, бирок келишкен жок. Бир катар аналитиктер муну алардын башкалар менен биригүүдөн көрө ар кими өз-өзүнчө жол издеп жатканы катарында жоромолдошууда.

Тектеш темалар