Активисттер депутатты мандатынан ажыратуу үчүн кол топтоодо

Ирина Карамушкинаны депутаттык мандатынан ажыратууну талап кылган активисттер кол топтой баштады
Image caption Ирина Карамушкинаны депутаттык мандатынан ажыратууну талап кылган активисттер кол топтой баштады

Фейсбук социалдык тармагында ЖК депутаты Ирина Карамушкинаны депутаттык мандатынан ажыратууну талап кылган активисттер кол топтой баштады. Демилгечилердин бири Руслан Бекназаровдун Би-Би-Сиге билдиришинче, учурда баш-аягы 5 миң кишинин колу топтолду:

“Депутат Карамушкинанын бир эле сөзүнө териккен жокпуз. Колтоптоого бир эмес, бир нече ирет айткан сөздөрү негиз болду. Мисалы, буга чейин “эки жүз сомдуктагы А.Осмоновдун көзү туура эмес тартылып калыптыр, оңдоп койсок болбойбу?” деген сунуштарга жооп катары Карамушкина өз баракчасына “балким Осмоновдун көзү чалыр болуп жүрбөсүн?” деп жазып, коомчулуктун ачуусуна тийген. Дагы бир мисал, социалдык тармактарда бийликке акарат айткандарга кылмыш ишин козгоп, суракка алуу керек деген сыяктуу демилге көтөргөн. Ал эми акыркы жума намаз тууралуу айткан билдирүүсү дагы дүрбөлөң жаратты. Биз бул кишиге жаман сөз гана айтып, акарат кылбай, цивилдүү жол менен аракет кылсакпы деп чечтик”.

ЖК депутаты Ирина Карамушкина мындан бир нече күн мурда мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери жума күнү түштөн кийин дээрлик иштебей жатат деп сын айтып, бул үчүн атайын мекеме аралык комиссия түзүү зарылдыгын билдирген. Андан көп узабай интернет баракчаларында “Карамушкина Исламга каршы” деген ойлор айтылып, аягы кол топтоо менен уланууда.

Карамушкина өзүнө каршы кол топтолуп жатканын түшүнбөй жатканын Би-Би-Сиге билдирди. Ал жума намаз тууралуу айткан ою- мамлекетке кам көрүп жатканын туюнтарын билдирди:

“Кыргызстан светтик-демократиялык өлкө. Эң биринчи биздин муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлерибиз мыйзамга баш ийип иштеши керек. Мага Ош, Жалал-Абад, Баткеноблусутарынын тургундары арызданып, жума күнү саат экиден кийин муниципалдык жана мамлекеттик мекемелерде эч ким калбай жатканын билдиришти.Бөлмөлөрдүн баары жабык. Студенттер дагы, мектеп окуучулары дагы окуудан кетип калышат экен. Мен муну мыйзамды кыянат пайдалануу деп ойлойм. Мага каршы кол топтоп жаткандар дагы светтик өлкөнүн мыйзамын бузууга макулдугун бергендер болуп калат ошондо. Мен пикиримден кайтпайм жана демократиялык, светтик өлкөнүн сакталышына байланыштуу оюмду айта берем”.