Айылдык окуучунун биологиялык үй-музейи
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Айылдык окуучунун биологиялык үй-музейи

Талас районундагы «Манас» лицейинин 10-классынын окуучусу Залкар Ѳкүмбеков өзү жашаган үйдө биологиялык музей ачып, ал жерге таш бака, кекилик, көгүчкөн, африка торопою сыяктуу ар кандай жаныбарларды тирүү кармап, багып келатат. Музейде андан сырткары кашкулак, суур, жарганат, бака, жылан сыяктуу жаныбарлардын экспонаттары да коюлган. Анын ошондой эле музейдин бир бурчунда ар кандай химиялык эксперименттерди өткөрө турган чакан лабораториясы да бар.