ЕАЭБ жеңилдик берген мөөнөттө Кыргызстан эмнеге жетти?

  • 15 февраль 2017
Вице-премьер министр Олег Панкратов өнөктөш өлкөлөр арасында чек жок, болгону азык-түлүк коопсуз болуш керектигин белгиледи Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Вице-премьер министр Олег Панкратов өнөктөш өлкөлөр арасында чек жок, болгону азык-түлүк коопсуз болуш керектигин белгиледи

Евразия экономикалык биримдигине кирген Кыргызстан үчүн өткөөл мезгил бүтүп баратат. Ушул жылдын августунан тарта бир топ жеңилдиктер токтоп, Кыргызстан биримдиктин жалпы эрежелерине ылайык иштей башайт.

Бул аралыкта өлкө биримдикке канчалык интеграция боло алды? Мамлекет жеңилдиктер берилген мөөнөттүн кандай артыкчылыктарын колдонуп, эмнелерге жетишкен жок?

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдикке кирген бир жарым жыл ичинде анын Кыргызстанга пайдасы менен зыяны талкууланып бүтпөй келатат. Ал эми парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы өкмөттүн отставкага кетүүсүн так ушул маселеге байланыштуу талап кылууда. Алар өкмөт алдына койгон иштерди аткара алган жок дешүүдө.

“Ата Мекенден” депутат Каныбек Иманалиев айрымдарына токтолду:

“Өкмөт 19 фермердик ишкана товарын сыртка сатууга уруксат алды деп жатат. Ал эми Кыргызстанда 320 миң фермердик чарба бар. Ири чарбалар десе, анда 1800 чарба бар. 1800 чарбанын бир эле пайызы тышкы дүйнөгө товар чыгара алат экен. Ошондой өлкөдө кантип экономикалык өнүгүү болсун? Машина ташып келгендер 2014-жылы 106 миң болсо, 2015-жылы 2280, 2016-жылы 200 экен. Жумушчу орундары кыскарып жатат”.

Кыргызстандын айыл чарба тармагындагы 18-19 ишкана ЕАЭБге, анын ичинен сегиз ишкана Казакстанга товарын экспорттоп жатат. Алардын басымдуусу сүт азыктарын, үчөө балык, экөө бал, ал эми бирөө гана эт азыктарын өндүрөт. Казакстан чек арасында ветеринардык көзөмөлүн алган жок. Бул Кыргызстандагы ветеринардык текшерүүлөр аларды канааттандырбайт дегенди билдирет. Коңшу өлкө менен бир нече сүйлөшүүлөр жыйынтык берген жок.

Бул боюнча мурунку өкмөт башчы Темир Сариев буларды билдирди:

“Техникалык регламентке жооп бере турган товарлар чыгыш керек, бул биринчиси. Эт менен сүт маселеси малдын идентификациясына байланышкан. Ал даяр продукция болуп чыкканга чейинки талапты толук аткарышыбыз керек, ошол жерде мүчүлүштүктөр кетип жатат. Экинчи жагынан, мен сүйлөшүүлөрдө да кемчиликтер бар деп ойлойм. Мүмкүн өкмөттөр арасындагы сүйлөшүүдө толук түшүнүк болбой жатат”.

Image caption Мурунку өкмөт башчы Темир Сариев товар өткөрүүдө Казакстан менен сүйлөшүүдө түшүнүшүү болбой жатат деп божомолдойт

Вице-премьер министр Олег Панкратов өнөктөш өлкөлөр арасында чек жок, болгону азык-түлүк коопсуз болуш керектигин белгиледи. Товардын сапатынын айынан кайсы бир өлкө өткөрбөй койсо – бул нормалдуу дейт. Ал биримдикке кирер алдындагы прогноздордун эң оптимистүүсү орундалып, өткөн жылы ички дүң өндүрүм 3,8 пайыз болгонун, кирбесе 0,1 болорун айтты. Панкратовдон бажы төлөмдөрүн да сурадык:

“Караңыз, 2014-жылы Бажы кызматы импорттук салыктан 40 млрд сом жыйнады. 2016-жылы 48 млрд сом алды. Бюджетке 8 млрд көп түшүп жатат. Сын эмнеге айтылууда, болгону андан да көп болжолдогонбуз. Эки миллиард жетпей калды, 50 млрд сом болжол кылганбыз”.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынан депутат Бакыт Төрөбаев Казакстан сүйлөшүү жолдору менен Дүйнөлүк соода уюмунун жеңил шарттарын колдонууну улантууда деди. Мурдагы ишкер, экспортчу Кыргызстан стандартташтыруунун айынан сыртка товар чыгара албай отурганын баса белгилөөдө.

“Эл аралык стандарттагы сертификациябыз жок. Анткени эл аралык стандарттагы лабораториябыз жок. Эки жыл куруп атат, куруп атабыз дейт. Чынында мен эки жылда үч завод кургам учурунда. Башка жактан келген товарлар биздин товарларга техникалык регламент менен тоскоолдук кылат. Катуу көзөмөлгө алып, талапты күчөтүштү”, - деген Төрөбаев экономикалык биримдиктин талаптары жергиликтүү ишкерлерди өлкө ичинде эмнеге коргобой калганын түшүндүрүүдө.

Анткени бул биримдик түзүлбөгөн күндө да, эл аралык базарга чыгыш үчүн Крыгызстан ишкерлери дүйнөлүк стандарттарга жооп берген товар өндүрүш керек болмок.

Ушул жылдын августунан тарта өткөөл мөөнөт деп өлчөнгөн мезгилдеги Кыргызстанга берилген жеңиликтер бүтө баштайт. Кыргызстан толук кандуу мүчө катары Орусия, Казакстан, Беларус, Армения менен тең ата иш алып барат.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption “Жаш ишкерлер ассоциациясынын” төрагасы Умбриэль Темиралиев

“Жаш ишкерлер ассоциациясынын” төрагасы Умбриэль Темиралиев алдыдагы экономикалык кайра түзүлүү абдан оор болорун, бирок өлкө кыйынчылыктар менен бирге алып сатардан өндүрүүчүгө айланарын айтты. Ал жеңилдетилген мөөнөт бүткөндө биримдиктеги кыргызстандык топ жергиликтүү ишкерлердин кызыкчылыгына жараша сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш керек деди.

“Мисалы, Казакстан менен Орусия силерге бул жеңилдиктерди беребиз десе ошону ала бербеш керек. Же бул жеңилдикти бербейбиз десе кыргызстандык топ өз кызыкчылыгына туура келгенин талашып алыш керек. Биз силерге муну беребиз, силер бизге муну деп соодалашуу зарыл. Эгер жол картасын чыгарбай туруп эле сүйлөшүү жараянына кирип кетсек, көп нерсени уттуруп салышыбыз мүмкүн”.

Анткени бир жарым жылдан берки кемчиликтер менен утуштар да толук анализделген жок дешет экономисттер.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдикке 2015-жылы августта кирген. Негизги эрежелеринин бири – анын стандарттарына жараша товар алмашуу. Ошондой эле бажыдан түшкөн төлөмдөр чогултулуп, кайра ар өлкөгө бөлүнөт. Тиешелүү адистер Кыргызстандын негизги маселеси, стандартташтыруу, ал үчүн лабораториялардын зарылдыгы жана өндүрүштүн ири көлөмдө болушу деген тыянакка келүүдө.

Тектеш темалар