Президенттик шайлоодо диндин орду кандай болот?

Кыргызстандагы шайлоодо талапкердин жери, уруусу чоң роль ойноп келген, эми дин фактору жогорулоодо
Image caption Кыргызстандагы шайлоодо талапкердин жери, уруусу чоң роль ойноп келген, эми дин фактору жогорулоодо

Кыргызстандын бул жолку президенттик шайлоосунда дин чоң ролду ойнойт деп жатышат эксперттер. Анткени эки жыл мурдагы парламенттик шайлоо алдында диний баалуулуктарды жар салуу, диний лидерлерди колдонуу аракети болду.

Ал эми динди, айрыкча мусулманчылыкты тутунгандар күн санап өсүп жатканы тууралуу фактыларды расмий органдар келтирүүдө.

“Талапкерлердин дин боюнча позициясы бул жолку үгүт иштеринде маанилүү болот. Анткени бизде көп түрдүү дин бар. Ал эми кескин жайылып жатканы - ислам”, - деди эксперт Эмиль Насритдинов.

Бул шайлоодо дин факторун алдыга чыгарчу дагы бир жагдай – эксперттердин элдин добушун алууда эски ыкмалар өтпөйт деген божомолдору. Анда бул боштукту да дин менен толтуруу аракети болушу мүмкүн дешет байкоочулар.

Дин менен саясат өтө тыгыз экенин тарых көрсөтүп келатат. Бул чиркөө саясатты башкарып турган учурдан бери бар. Кыргызстанда буга чейин улутуна, жерине, уруусуна көңүл бурулуп келген. Аларды азыр да жокко чыгарууга болбойт. Бирок ушу таптагы өлкө жетекчилеринин да кайсы бир динге жакындыгын ачык билдирип калганы диндин саясатка таасирин көрсөтүүдө.

Бирок бул кубулуштар бийликке азыр эле динчил адамдын келишин аныктабайт.

“Диний чакырыктар менен 2017-жылдагы шайлоону утам деп эч ким максат койбойт болуш керек. Бирок келечекке, кийинки беш-алты жылдын эсебин алып жаткан саясатчылар болушу мүмкүн ”, - дейт Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нуркамил Мадалиев.

Диндин саясатка таасири Кыргызстанда гана актуалдуу эмес. Эң эле жакынкы мисал – АКШдагы президенттик шайлоо. АКШда евангелисттер республикачыларды демократтарга салыштырмалуу динге жакын деп эсептегендиктен аларга добуш берип келет.

Андай чакта өлкөнүн диний башкармаларынын позициясы да шайлоодо роль ойнойт. 2005-жылдагы шайлоолордо Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы диний аалымдарды тиги же бул партияга үгүттөөдө чектеген.

Image caption Акыркы жылдары саясатчылар борбордук аянттардагы айт намазына көп катышууда

Мусулман болуу менен исламдын өкүлү болуу эки башка нерсе. Муну светтик да, диний да аалымдар баса белгилешет.

Эксперт Аман Салиев саясатчылардын дин баалуулуктарын жар салуусуна, добуш алууда аны колдонуусуна караманча каршы. Ал мындай оюн нагыз ички баалуулуктардын көз карашынан алып айтууда.

“Кыргызстандагы диндин деңгээлин караңыздар. Мечиттерге эл көп келип атат, намазга жыгылып атышат, сөз жок. Бирок ошол эле намазга жыгылгандар иштеген мамлекетте эмне болуп жатат? Коррупция азайдыбы - жок, билим берүү жакшырдыбы - жок, саламаттык сактоо өнүктүбү - жок, бизнесмендер адилет иштеп жатабы - көз боёмочулар толуп кетти”, - деген Салиев динди колдонгондорго добуш бербеш керек деген ойдо.

Бирок эксперттер бул жолку президенттин жеңиши анын динге байланышынан көз каранды болот деп айтуу туура эмес дешүүдө.

Image caption Эксперттер жакын арада динчилдер утпаса да, ушул жылкы президенттик шайлоодо диний чакырыктар болот дешүүдө

“Салыштырмалуу ийгиликтүү талапкерлер динге байланыштуу орточо позицияны карманганга аракет кылат. Светтик көз карашка да же кандайдыр бир радикалдуу исламчыл ойлорго да артыкчылык беришбейт. Жеке мен, мисалы, бардык динге толеранттуу мамиле кылган талапкерди колдомокмун”, - деди Эмиль Насритдинов.

Насритдинов ислам тез жайылып жаткан менен Кыргызстанда динге кайдыгерлер да көп дейт. Ал талапкерлер муну да эске алыш керектигин белгилөөдө. Анан калса мусулманчылыкты кармангандар да натыйжа көрсөтчү, адилет, билимдүү адамга добуш бергиси келет деди ал.

Аман Салиев белгилегендей, Кыргызстанда ислам рационалдуу түптөлө элек болгондуктан муну саясатка аралаштыруунун өзү кооптуу. Анткен менен дагы башка эскперттер динди мамлекеттин кызыкчылыгына колдонууну сунушташат.

Айтор, Кыргызстан шайлоосундагы дин темасы изилдөөчүлөр көңүл бурчу терең темалардын бири.