Т. Батыралиев: Медицинабыздын өнүгүп да, өксүп да жатканы чын

  • 17 февраль 2017
Саламаттыкты сактоо министринин кызматтан кетүүсүн талап кылган митинг
Image caption Саламаттыкты сактоо министринин кызматтан кетүүсүн талап кылган митинг

Кечээ саламаттыкты сактоо министринин кызматтан кетишин талап кылып бир топ адам Ак үй алдына митингге чыккан.

Алар медицина тармагында шарттар улам начарлап баратканын айтып, жемкорлук ого бетер күч алып жатат деп нааразылыгын билдиришти.

Би-Би-Си Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге кайрылып, айтылган дооматтарга кандай жүйөөлүү жообу бар экенин сурады.

Т.Батыралиев: Мен алардын талаптарын мурда эле уккам. Кечее коррупцияга каршы кызматтанбыз деп да келишкен. Ошентип келип ар кандай талаптарды койгондор көп, а бирок кайсынысы чыныгы коррупцияга каршы кызмат экенин биз деле билбей калдык. Ошого карабастан биздин атыбызга кайрылып жаткандан кийин биз аны угушубуз керек.

Image caption Талантбек Батыралиев

Коюлган дооматтарды окуп чыктым, кошула албайм, анткени домааттардын бири мындай: "Медициналык академиянын клиникалык базаларын башка бирөөлөргө, Ата-Түрк университетине берип койду",-деген бул эч кандай негизсиз. Ансыз эле ал университет жаңы факультет ачып, заманбап клиниканы курууга атайын документтерин тапшырып, билим берүү тармагынан лицензия алган. Биз аларга эгер жаңы клиника курула турган болсо, сөзсүз түрдө өзүнүн клиникалык базасын куруу боюнча талапты койдук.

Экинчиси, дары дармек департаментинин жетекчисин Батыралиев дайындап койду дейт. Аны мен эмес өкмөт дайындайт.

Үчүнчүсү, "Гонконг" деген поликлиника боюнча, биз лицензиясын токтотуу боюнча чечимибизди үч ай мурун бергенбиз - бул да негизсиз.

Би-Би-Си: Министр болуп дайындалгандан бери сиз эмнелерди өзгөртүп, жакшырта алдыңыз?

Т.Батыралиев: Жарандарыбыз чет мамлекеттик клиникалардын босогосун сагалап, оор акыбалда жүргөн учурда, инвесторлорду тартканыбыз - Кыргызстан үчүн абдан чоң жетишкендик. Мен толук кандуу айта алам, учурда жүрөк боюнча биздин жарандарыбыз Ош, Бишкек, Жалал-Абадда эч жакка барбай эле дарыланса болот. Аксаган жагыбыз жаңы төрөлгөн ымыркайлардын жүрөктөрүн дарылоо боюнча кыйынчылыктар болуп жатат. Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду менен биргелешип, кардиохирургиялык бөлүмдөрдү ачып, ошо жерде ымыркайларга да операцияларды баштайлы деп жатабыз. Буюрса жылдын аягына чейин ишке ашып калат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Т.Батыралиев: Мен толук кандуу айта алам, учурда жүрөк боюнча биздин жарандарыбыз Ош, Бишкек, Жалал-Абадда эч жакка барбай эле дарыланса болот.

Нааразы болгондор мени орган сатуу боюнча закон кабыл алды деп жаңылышат. Андай закон кабыл алынган жок. Бирок органдарды алмаштыруу боюнча мыйзам кабыл алып, инвесторлорду алып келип, иш баштабасак болбойт. Анткени бул иш Орто Азия боюнча бир эле Кыргызстанда жок. Биздин жарандарыбыз трансплантация үчүн чет мамлекетке кыйналып барып жатат. Эмнеге биз өзүбүз курбашыбыз керек? Мыйзамды өзгөртүш керек, андай ишти мен колдойм.

Дагы бир жетишкендик мен иштеп баштаганда ак үйгө чейин чуу болуп, гемодиализге толтура кезек эле. Биз атаандаштыкты өнүктүрүп бүгүнкү күндө кезек жок. Кийин ошолор келип, мага сыйлык да берип кетишти. Дагы алты атайын жайыбыз бош турат.

Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption Т. Батыралиев: Дагы бир жетишкендик мен иштеп баштаганда ак үйгө чейин чуу болуп, гемодиализге толтура кезек эле. Биз атаандаштыкты өнүктүрүп бүгүнкү күндө кезек жок.

Эгер объективдүү караса 2 жыл 3 ай иштеп келе жатам. Беш жолу өкмөт алмашты, а инвесторлор туруктуулукту каалайт. Өкмөт өзгөрөт деп жатканда инвесторлор токтоп, солгундап калат. Ошого карабастан чоң курулуштардын экөө башталып, бирөө Фучиктеги Кыргыз-Түрк Орто Азиядагы эң чоң клиника 31-августта ишке берилет. Оштогу 250 орундуу клиника да бул жылы ишке кирет. Сауд Арабиясы менен балдар ооруканасы боюнча чоң иш жүрүп жатат. Мындай алганда сегиз объекттин долбоорлору бүтүп калды. Бул жетишкендик.

Би-Би-Си: Эмнелерди ишке ашыра албай жатасыз? Эмне тоскоол болуп атат?

Т.Батыралиев: Кемчиликтер жок эмес. Тилекке каршы азыр да 40 жыл мурун мен окуган база, ошол эле шарттар. Жаңы ачылган университеттер деле ошо кырк жыл мурунку шарттарда окутуп, даярдап жатат. Бул туура эмес, сапаттуу кызмат бере албай жатабыз.

Дагы бир кемчилик, жайында баардык ооруканалар ичеги карын ооруларына кабылгандарга толуп калат. Чоң көйгөй. Элдин да, мамлекеттин да акчасы кетип жатат. Дары-дармек, убакыт, убара дегендей. Бирок мунун чечими бир эле -таза кол, таза суу, таза туалет. А эмнеге муну кыла албайбыз? Мен билем айрым чет мамлекеттерде 2-4 млн. Калк жашаган шаарларда жүз орундуу инфекция бөлүмдөрү бош турат. Ошондуктан айылдарга таза сууну алып барышыбыз керек, ошондо биз кереги жок чыгымдардан кутулабыз.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Т. Батыралиев: Дагы бир кемчилик, жайында баардык ооруканалар ичеги карын ооруларына кабылгандарга толуп калат. Дары-дармек, убакыт, убара дегендей. Бирок мунун чечими бир эле -таза кол, таза суу, таза туалет.

Өтө ойлондурганы союз учурунда календардык эмдөөдөн өтпөй калуу мүмкүн эмес эле. Эгемендүүлүк жылдарында каалаган-каалабагандарга дегендей өзгөртүүлөр кирип, өткөн жылы башыбыздан өттү. Кызамык болгондо 12% чейин эмдөөдөн өтпөгөндөр бар экени аныкталды. Бул аябай чоң коркунуч. Анткени кызамык жакшылап дарыланбаса кыздарда тукумсуздук, а свинка деп эти бар албай аткан кесел убагында дарыланбаса, эркек балдар ьукумсуз калат. Ошол себептен эмдөөнүн канчалык маанилүү экенин коомго милдеттүү түрдө таратышыбыз керек.

Би-Би-Си: Айрым учурда медицина акы төлөө тартибине өтсө гана оңолот деген ойлор айтыла калып жүрөт. Ошол эле учурда медицина бекер болушу керек деп талап кылгандар бар. Кандай болгонун сиз жактайт элеңиз?

Т.Батыралиев: Жыйырма беш жылдан бери эркин экономика деп жатабыз, а жатык тил менен айтканда - капитализм. Же андай эмеспи? Миң койуң болуп, 100 койго салык төлөсөң, убагында электр акчасын төлөбөсөң, анан кантип мамлекет бай болот? Мурда болсо баары бекер деп социализмде жашадык, ал башка коом болчу. Мамлекет 13% чейин бюджеттен социалдык тармакка берип жатат. 13% абдан көп, бирок коомдогу өсүшкө караганда аябай эле аз болуп жатат. Азыр акча заманбап аппаратураны, оорукананы куруп, сапаттуу кызмат бергенге жетпейт. Мындан чыгуунун бир жолу бар - ички жана тышкы инвестиция. Инвестицияны тартып, чет мамлекетке кетүүгө мажбурлабай Кыргызстанда сапаттуу кызмат бере турган клиникаларды ачуу керек. Болбосо алардын жол кире, тамак ашы, жаткан жайы чыгымды дагы 2-3 эсе көбөйтүп бейтапты ого бетер кыйнап атат. Бирок, кескин түрдө айткым келет камсыздоого муктаж болгон катмар: балдар, жетимдер, майыптар, пенсионерлер деп так категорияларды коюшубуз керек, булар сөзсүз түрдө мамлекет тарабынан бекер каралышы керек.

Би-Би-Си: Мен билгенден сиз он лабораторияга каныңызды тапшырып, он башка жыйынтык алдыңыз эле. Бул иштин аягы эмне болду?

Т.Батыралиев: Мен ошонун жыйынтыгында тиешеси бардын баарын чакырдым, конкреттүү приказды чыгардым. Мындай болбойт, аттестациядан өтөсүңөр, каалагандай аппаратты алып келип иштебесин деп муну ирээтке келтирдик. Мен муну аргасыздан кылдым, анткени ушундай деп башка бирөөнүкүн жарыялай албайт экем, мына деп өзүмдүкүн койдум. Онуна тең атымды жашырып текшерилип көрдүм, жыйынтыктарына ынанган жокмун.

Бул жерде кан берүү эле эмес, кандай шартта алат, бейтапка мамилеси кандай ушул сыяктуу көп факторлорду карадым. Жарандын акчасы кетип, ден-соолугуна зыян келип жатат, кайсынысына ишенериңди билбейсин. Ушунун баарын эске алып, мамлекеттик өнөктөштүк менен үч проектти киргиздик. Биринчиси диализ боюнча, экинчиси лабораториялар, үчүнчүсү компьютердик томография боюнча. Технико-экономикалык негиздемеден өтүп жатат, жылдын аягына чейин тендерге чыгып калабыз. Оңой болгон жок, анткени буга каршы болгондор, кызыкчылыгы барлар көп экен. Бирок тартип керек.

Би-Би-Си: Демек, жакында ишенимдүү, текшерүүдөн өткөн лабораториялар иштеп баштайт деп ишенсек болобу?

Т.Батыралиев: Албетте, бул мага да, сизге да, баарыбызга керек. Менин же менин жакындарымын оорубай турганын кепилдиги барбы?

Би-Би-Си: Ооруканаларда орун жетишпей, кире беришке чейин жатып калган учурларды көп кездешет. Ага карабай бейтаптардан акча өндүрүү жагы да байкалат. Муну кантип тескесе болот?

Т.Батыралиев: Эки маселе бар. Биринчиден, "мен барып, ооруканага жатам" деген болбош керек, ооруканага муктаж болгон жатыш керек. Кээде мага кайрылып "мен жылына эки жолу жатчу элем, ысык дары алчу элем, кан басымым көтөрүлүп калды" дегендер бар. Бул туура эмес. Чет мамлекетте кан басымы менен эч кимди жаткырбайт, сокур ичеги менен деле бүгүн операция кылып, кечинде кайра чыгарат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Т. Батыралиев: Баары эле ооруканага жаткысы келет, а ал жактан тескерисинче грипп менен ооруган башкалар менен реинфекция болот да.

Экинчиси, кышында болуп жаткан грипп. Баары эле ооруканага жаткысы келет, а ал жактан тескерисинче грипп менен ооруган башкалар менен реинфекция болот да.

Үчүнчүсү, канча биз реорганизация кылдык, кыйраттык баарын дедик, бирок калктын саны өстү да, а биз канча оорукана курдук? Дээрлик курулган жок да. Маселе ушул жакта.

Тема боюнча башка макалалар