Учак кырсыгынан жабыр тарткандарга чогулган жардам дале таратылууда

Image caption 16-январда “Манас” аба майданынан 1,5 чакырым чакырым алыстыктагы Дача СУ айылына жүк ташуучу «Боинг 747» кулап, 39 кишинин өмүрүн алды

Дача СУ айылындагы учак кырысыгынан жабыркагандар үчүн өкмөттө чогулган гуманитардык жардам толук бөлүнө элек. Аймактагы бийлик өкүлдөрү кийинки апта аны таратып бүтөбүз деди Би-Би-Сиге. Ал эми өкмөттүк эсепке 91 миллион сомдон ашык каражат түштү.

Бишкектин четиндеги авиакырсыкта жакындарын жоготкон он төрт үй-бүлө алардын кыркылыгын өткөрүүдө.

Ал арада тонналап чогулган гуманитардык жардамдар менен акчалар кандай таратылууда?

Өкмөткө чогулган гуманитардык жардамдардын бир бөлүгү кырк ашка бөлүнүп берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Туруспек Султаналиев билдирди.

“Жабыркагандарга таратып бергенбиз. Андан тышкары кырк ашка ар бир үй-бүлөгө беш мүшөктөн ун, бир мүшөктөн кум шекер, 25 литр өсүмдүк майы, күрүч, буурчак өңдүү азыктардан 50 кг, 15 куту чай, туз, кесме, 20 кг макарон, 17 кг момпосуй жана кыйма таратылды”, - деди Султаналиев Би-Би-Сиге.

Мындан мурдагысы кырсык жаңы болгондон кийин таратылган. Өкмөткө чогулган гуманитардык жардам толук бөлүнүп бүтө элек. Өкмөт убакытты создугуп кетти деп эсептебейт. Калганы Сокулук районундагы Дыйкандарга суу бөлүштүрүү башкармалыгынын кампасында турат.

Өкмөт өкүлү Туруспек Султаналиев ал ишеничтүү кайтарууда экенин билдирип, эсеп менен өткөрүп алганбыз, ошо менен тапшырабыз деди:

“Ундан эле 18 тонна түшкөн. Тараткандан кийин 14 тонна калды. Дача СУдагы жашоочуларга калган ун, май, чайларды дүйшөмбү күнү таратып берели деп атабыз”.

Дача СУда 230 үй-бүлө бар. Айылда өздөрүнөн комиссия түзүлгөн.

Бат бузулчу жашылча-жемиш өңдүү жардамдар балдар үйлөрүнө, интернаттарга берилиптир.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Жабыр тарткандар менен президент жолукканда Түриялык компаниядан компенсация алуу тууралуу убадалар берилген

Кырсыкта бала-чакасы курман болгон, Манас айылынын тургуну Рахат кыркылык ашты өткөркөнү турат. Ал ар кандай ишканалар, базарлар, ишкерлер жана башка тармактардан эсепсиз гуманитардык жардам келди дейт. Өкмөттөн да башында бир, кыркылыгына экинчи жардам кечээ келген экен:

“Менин эч кимге доом жоок, жардам алып жатам. Балким, башкалар сизге башкача ойду айтаар. Бирок мага чалып ал-акыбалды сурап койсо деле ыраазы болом. Мен өзүм Манас айлында тургандыктан, Дача СУда кандай жардам алып жатышат билбейм. Бирок ал жакта кийимдерди тандап, анча-мынчасын албай калышты, жакшы жардам болуп атат деп уккам”, - деди Рахат Би-Би-Сиге.

Ал эми өкмөттүк эсепке 17-февралдагы маалымат боюнча 91 миллион сомдон ашык акча түштү. Бул акчадан азырынча эч кимге эч нерсе бериле элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Элмира Шерипова билдирди:

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Учак кулаган айылда айрым бүлөлөр толугу менен курман болду

“Атайын эсеп ачык, акча каражаттары түшүп жатат. Бөлүштүрүү боюнча өкмөттүк комиссия иштейт. Кандай багытта, кантип бөлүштүрүүнү комиссия чечет. Эсеп жабылса маалымдайбыз”.

Буга чейин активисттер арасында, маалымат каражаттарында чогулган жардам акчалар түбөлүктүү муктаждыктарга кетсе, жетим калгандардын баш калкалоо жайы, билим алуусуна көңүл бөлүнсө деген пикирлер айтылган. Жаш үй-бүлөдөн жети жаштагы бир небереси аман калган Рахат эч нерсе сурабайм, бергенин алам дейт:

“Категорияларга бөлүп, таратабыз, болжол менен айдын аягында чечилет деп айтышкан. Марттын онуна чейин бөлүнөт дешкен. Мен тигини же муну бер деп айтпайм, ал туура эмес болуп калат. Башында эле эмне берсеңер ошону алабыз деген оюмду билдиргем”.

Учак кырысыгы боюнча өкмөттүк комиссияны биринчи вице-премьер министр Мухамметкалый Абулгазиев жетектейт. Ал өкмөттүн жыйынында Түрк компаниясы төлөп берчү компенсация боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген. Жабыр тарткандарга да бул боюнча убадалар берилген.

Кырсыкта кырктан ашык турак-жай жабыркаган. Ушу тапта он эки бүлөнүн үч айлык ижарасы төлөнүп, батирлерде баш калкалап жатат.

16-январда “Манас” аба майданынан 1,5 чакырым чакырым алыстыктагы Дача СУ айылына жүк ташуучу 'Боинг 747' кулап, 39 кишинин өмүрүн алды. Алардын он алтысы балдар.