Папанда кар көчкү алдында калып бир аял каза тапты

кар көчкү Сүрөттүн автордук укугу official

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн түштөн кийин Оштун Кара-Суу районундага Папан айыл аймагынын Кожокелен айылында жүргөн кар көчкү 37 жаштагы аялды басып калганын кабарлады.

"Кожокелен айылында 2017-жылдын 19-февралында болжол менен саат 15:00дө кар көчкү түшүп, 1979-жылы туулган аялды басып калган. Жергилүүктү жашоочулардын күчү менен саат 15:40та аялдын сөөгү табылды. Учурда каза болгон адамдын аты-жөнү такталууда. Окуя болгон жерге КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары чыгып кеттишкен",-деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Мындан алдын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жаш-Тилек айылында 19-февралда таңга маал жүргөн кар көчкү эки турак-жайды басып калып, эки наристе каза тапкан. Кар көчкү алдында калган үйлөрдөгү он кишини жергиликтүү тургундар куткарып калышкан экен. Алар азыр аймактык ооруканага жаткырылган.

Ал эми кар көчкү алдында калып кеткен наристе балдардын сөөгү түшкө жуук гана табылды. Алардын бири 3-класста окуган уул бала, экинчиси, 4-класста окуган кыз.