ӨКМ: Чоң-Алайдагы кар көчкүдөн жабыркагандардын абалы жакшы

кар көчкү Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Кар көчкү алдында калган үйдөгү балдардын сөөгү кечээ түшкө жуук табылган эле.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кечээ таңга маал Чоң-Алай районундагы Жаш-Тилек айылында болгон жер көчкүдөн жабыр тарткандардын ону ооруканада дарылануусун улантып жатканын кабарлады.

Маалыматтарга караганда жаракат алган сегиз кишинин абалы жакшы, ал эми экөө башынан жаракат алгандыктан абалдары салыштырмалуу оор деп айтылды.

Жаш-Тилек айылында 19-февралда таңга маал жүргөн кар көчкү эки турак-жайды басып калып, эки наристе каза тапкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги каза тапкан наристелердин өздүгү аныкталганын билдирди. Алар бир туугандар болуп чыккан. Наристе балдардын сөөгү кечээ түшкө жуук табылган эле. Кар көчкү алдында калган үйлөрдөгү он кишини жергиликтүү тургундар куткарып калышкан экен.

“Кулубаев Абдысатар аттуу жарандын үй-бүлөсүндөгү алты адамды КР ӨКМнин Өрт куткаруу бөлүмүнүн 10 куткаруучусу жергиликтүү тургундардын жардамы менен куткарышып, аймактык ооруканага жеткиришкен. Эшенкулов Шербото аттуу жарандын үйүндө алты адам болгон алардын төрт адамы куткарылып, аймактык ооруканага жөнөтүлгөн. Ал эми 2 жаран каза болгон. Каза болгондор: Шерматов Караматулло Сагыновичтин (2006-жылы туулган )Шерматова Бактыгүл Сагыновнанын (2007-жылы туулган) жансыз денесин табышкан”,-деп айтылат ӨКМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Image caption Кар көчкүнүн көлөмү болжолу 25 миң куб метрди түзгөн деп кабарланды.

Кар көчкүнүн көлөмү болжолу 25 миң куб метрди түзгөн деп кабарланды. Учурда аймакта тазалоо иштери жана материалдык чыгымдар тактоо жумушу жүрүүдө. Көчкү алдында мал-жандыктар дагы калып кеткен.