Кан жолду бууган кар көчкү көйгөйү

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда февраль айынын онуна чейин жааган кар айлык өлчөмдөн ашкан. Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Кыргызгидрометтин маалыматына караганда февраль айынын онуна чейин жааган кар айлык өлчөмдөн ашкан

Кыргызстанда соңку эки күндө эле кар көчкү үч адамдын өмүрүн алып, эки турак жайды басып калган. Калың кардын кесепети бир топ оор болгонун жана кар көчкү кырсыктары дагы кайталана турганын адистер Би-Би-Сиге билдирди. Атайын кызматтар учурда өлкөдөгү негизги авто жолдор ачык болгону менен мындай жолдордо зор көлөмдөгү кар көчкү коркунучу бар экенин айтып, сак болууну эскертет.

Кар көчкүнүн зыянын азайтуу чаралары кандай?

Ош-Бишкек жолуна түшкөн соңку кар көчкү 12 саатка кыймылды токтоткон. Кар көчкүлөрдүн көп болуп жаткандыгынын негизиги себебин тиешелүү мекемелер кардын калыңдыгы менен байланыштырууда.

Стратегиялык маанидеги кан жолдордо кар көчкү жүрөт деп эскертүү берилгени менен анын алдын алуу иштери аксап жатканы талкуу менен сынды күчөтүп турган кез. Өзгөчө Бишкек-Ош жолунда кыштан жазга дейре бир эле жерде 2-3 жолу кар көчкү жүргөн участоктор азыр да көйгөй бойдон калууда. Алардын бири Токтогул районундагы Көчкүлүү Булак аймагы. Транспорт министирлиги бул жер такай баш оору болуп келгенин айтып, буюрса бул жылы Япониялык гранттын эсебинен бул маселе толук чечилет деп ишендирүүдө. Алар көчкүдөн сактанууда Кыргызстан Кавказ өлкөлөрү, Канада сыяктуу өнүккөн мамлекттер колдонгон баардык ыкмаларды колдонуп жатканын айтат.

"246-километрге атайын галерея куруу пландаштырылып жатат. Анын узундугу 450 метр болот, акчасын грант түрүндө Япон өкмөтү төлөйт. Андан башка көчкү көп түшкөн 224, 133- чакырымдарга текчелер деп коёт. Дал ошондой тоскоолдуктар даярдалган. Ошол текчелер далай көчкунү тосуп жатат. Болбосо көчкү мындан да көп түшмөк. Ушундай текчелерди дагы кесиш керек. Пайдасы көп. Муну Финляндияда, башка тоолуу мамлекеттерде дагы колдонушат экен. Биз дагы ошону колдонуп, жакшы натыйжа көрүп жатабыз. Ал эми тик капталдарда галерея кургандан башка эч нерсе кыла албайбыз. Анын башка технологиясы да жок",- дейт Бишкек-Ош жолу мамлекттик дирекциясынын башчысы Изатбек Токтомамбетов.

Сүрөттүн автордук укугу S/shaiumkulov
Image caption Кыргызгидрометтинтин Би-Би-Сиге билдиришинче, Кыргызстанда эки метрден ашыгыраак кар 1969-жылы түшүп, залаксы абдан оор болгон. Бул жылы айрым жерлерде кардын калыңдыгы 170 сантиметрден ашкан

Сөз болуп жаткан текче ыкмасы соңку он беш жыл ичинде жакшы натыйжа берип жаткандыгы айтылууда. Аталган ыкма тоо боорун тик кесип даярдалып, көр көчкүсүн майда-майда топторго бириндетип жиберет. Бирок транспорт министирлиги убада кылып жаткан галереянын курулушунан шек санагандар четтен табылат. Алар мындай убада 25 жылдан бери айтылып келе жаткандыгын жүйөө келтирип, муну жеке менчикке өткөрүү аркылуу чечүү керек дешет.

"Жыл сайын ошол жакка мамлекет акча бөлөт бюджеттен, бирок кылган ишинин бир тыйын майнабы жок. Жыл сайын ошол жерге көчкү түшөт, элдин баары кейип-кепчип кала берет. Эми муну жеке менчикке берип, эл аралык деӊгээлге жооп бере турган галерея куруш керек, элдин салыгынан түшүп жаткан акча жыл сайын кардай ээрип, эки же үч акмактын чөнтөгүнө кетпейт. Өтмөк жолдордо алып аткан акчалардын тарифиндей кылып туруп, ал жерге дагы бир минималдуу тариф коюш керек. Ошондо жол кыймылы эч кандай үзгүлтүккө учурабай ишке аша турган долбоор бар. Транспорт министрлиги куруп жиберээрине мен ишенбейм.",-дейт коомдук ишмер Талант Бекжанов.

Image caption Зарылбек Итибаев

Кыргызгидрометтинтин Би-Би-Сиге билдиришинче, Кыргызстанда эки метрден ашыгыраак кар 1969-жылы түшүп, залакасы абдан оор болгон. Бул жылы айрым жерлерде кардын калыңдыгы 170 сантиметрден ашкан. Аталган мекеменин директору Зарылбек Итибаев Өзгөчө кырдаалдар министирлиги тарабынан чөнтөк телефонго жиберилген билдирүүлөргө жана атайын кабарларга олуттуу мамиле кылууну эскертет.

"Бизде 96 пайыз тоолу аймак болгондуктан, отуз миӊден ашык көчкү коркунучу бар булактар эсептелип жүрөт. Биз өтө коркунучтуу деген гана стратегиялык жолдорго божомол даярдап үлгүрүп жатабыз. Ошого таянып алдын-ала билдирүүлөрдү берип жатабыз. Калган жерлерге кол жетпейт. Кардын, нымдуулуктун мындай көп өлчөмү биринчиден, кар көчкүсүн андан кийин таш көчкүсүн, анан барып жер көчкүсүн козгойт. Ага мисал январь айында бизде эч убакта жер көчкүсү болгон эмес. Статистиканы да карап чыктык. Ошондуктан мен айткым келет, быйылкы жыл бул жагынан абдан катаал жыл болот деп күтүлүп жатат",-дейт Зарылбек Итибаев.

Ал ошондой эле айыл жеринде да кар көчкүдөн сактануунун элдик эски ыкмасы унутулуп бара жатканы да өз кедергисин тийгизип жатканын айтууда.

"Көчкү булагы бар жерлерден ата-бабаларыбыз канча киши болсо да дабыш чыгарбай өтүшкөн. Жаӊырык болсо ал сөзсүз түрдө көчкүнү козгойт. Ошондуктан ал жерден мал дагы айдаган эмес. Азыр эмне, туристтер лыжа, скутер менен жүрүп атышат. Көчкүнүн алдында калып калган окуялар катталып, куткаруучулар куткарып жатышат. Аӊ улоолор көбөйүп кетти. Даӊгыратып мылтык атып, жаӊырык чыгарып жатышат. Транспорт дагы катуу дабыш берсе, ал дагы көчкү булагын козгойт.",-дейт Зарылбек Итибаев.

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда февраль айынын онуна чейин жааган кар айлык өлчөмдөн ашкан. Ал эми кийинки каардын баары ашык өлчөмдөгү кар деп эсептелинет. Андыктан кундүн жылышы менен суунун деңгээли көтөрүлөрү турган иш дешет адистер.

Тема боюнча башка макалалар