Табып Зайналиевге кайрадан кылмыш иши козголду

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда лицензиясы жок табыптарга барып дарылануу азайбай келатат
Image caption Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда лицензиясы жок табыптарга барып дарылануу азайбай келатат

Буга чейин Cаламаттыкты сактоо министрлиги аркасына түшкөн жеке дарыгердин, атап айтканда табып Ашым Зайналиевдин менчик клинкасында дарыланган дагы бир оорулуунун көз жумганы тууралуу бүгүн маалымат тарады. Анда эмчек рагы менен ооруп келген кырк жаштагы аялга Зайналиев ийне сайгандан кийин бейтаптын абалы оорлоп, көп өтпөй көз жумган. Би-Би-Си кабарчысы мунун чын-төгүнүн билүү үчүн табып Ашым Зайналиевдин Бишкектеги Көк-Жар кичи районундагы менчик клиникасына барганда, табып өзү чыккан жок.

“Ашым агай бош эмес, кардарларды тейлеп жатат. Мен бул жерде он күндөн ашык дарыланып келатам. Инфаркт оорума байланыштуу дарыланганы жаткам, он эки күндө ден соолугум жакшырып, кадимкидей чуркап жүрөм. Табып тууралуу айтылган пикирлердин эч бири туура эмес. Мен өз көзүм менен 60-70ке жакын оорулуунун сакайып чыгып кеткенин көрдүм. Зайналиев ак, таза экенин сакайып чыккан ар бир адам айтып бере алат”, - деди табыптын кардары Бейшенбек Бекешов.

Өткөн жылдын июль айында да табып Зайналиевдин дарегине катуу сындар айтылган. Эмчек рагы менен ооруган элүү алты жаштагы аял табыптын медициналык борборунда каза тапкандан кийин анын кызы дарыгер күнөөлүү экенин жергиликтүү маалымат каражаттарына айтып чыккан. Андан кийин Бишкек милициясы бул иш боюнча кылмыш ишин ачкан. Бирок маркумдун кызы арызын кайтарып алып, кылмыш иши жабылган. Ошентип арадан жарым жыл өтпөй кайрадан адам өлүмү менен коштолгон окуя катталып отурат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Ашым Зайналиевге кайрадан кылмыш иши козголду.

“Козголгон кылмыш иштин кайра жабылганына маркум аялдын кызы өз арызын кайтарып алганы себеп болду деп расмийлер түшүндүрүп жатышат. Учурда кайра кылмыш иши козголуп, комиссия тыкыр иштеп баштады. Табыптын менчик клиникасына аталган комиссия барганда, ал эшигин ачпай, сот чечими чыкмайын киргенге акыңар жок дептир. Ушул күндөрү да өз ишин улантып жатат. Биздин министрлик болгон аракетин көрүп, тиешелүү мекемелердин баарына кайрылууда жана бул клиника өз ишин токтотушу керек деп эсептейбиз”, - деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Бурул Арзыкулова.

Министрликтин өкүлү кошумчалагандай, Ашым Зайналиев өзүнүн менчик клиникасында жүздөгөн адамдарды дарылап, чоң кирешелерди бүгүнкүгө чейин таап келатат. Алардын финансылык полицияга шилтеме келтирип айткан маалыматына караганда, Зайналиевдин июлдан сентябрга чейинки эле кирешеси дээрлик бир миллион сомду түзгөн.

Адистердин баамында, лицензиясы жок, дасыкпаган табыптарга барып, ден-соолугун тобокелге салуу эң туура эмес кадам болгону менен, мамлекеттик ооруканалардагы узакка созулган кезек, шарттын жоктугу жарандарды менчик клиникаларга же болбосо табыптарга барууга мажбурлоодо.