Кыргыз шайлоосуна тышкы күчтөрдүн таасири

Image caption Президент Путиндин Бишкекке сапары февралдын аягында болору айтылган.

Кыргызстандагы президенттик шайлоого тышкы күчтөрдүн таасири кандай болот жана канчалык болот деген тема шайлоо жакындаган сайын көп талкуулана баштады. Россия президенти Владимир Путиндин февралдын аягында Бишкекке пландалган сапарына байланыштуу бул талкуу ого бетер күчөдү.

"Акылга сыйбаган сөз"

Тышкы күчтөр жөнүндөгү талкууну президент Атамбаев Европага сапары учурунда өзү баштады. "Евроньюска" сүйлөгөн сөзүндө ал Путин Бишкекке сапарынын учурунда Кремлге ыңгайлуу талапкерди көрсөтөт деген ушакты акылга сыйбаган сөз катары четке кага турганын билдирди.

Кыргыз саясатында соңку отуз жылдан бери түшпөй келаткан “Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов дагы Атамбаевдин пикирине кошулат. Анын айтымында, эч бир өлкө Кыргызстандагы шайлоонун тагдырын аныктай албайт.

“Эч ким эч кимди дайындай албайт. Мындай болбойт. Бирок саясатчы өзүнүн өлкөсүнүн кызыкчылыгын ойлобосо, ошол эле учурда ал башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгы менен байланышта болсо, же болбосо тескерисинче башка өлкөлөргө кас позицияда болуп жатса, андан өлкөгө пайда болбойт. Ошондуктан мындай жолугушуулардын болуп жатканында жаман эч нерсе жок. Башка маселе, биздеги президенттик шайлоого бир да мамлекет таасир көрсөтө албайт, мен муну түз эле айта алам”.

Имиштин да таасири болот

Ошол эле убакта эксперттер баары бир тышкы күчтөрдүн тигил же бул деңгээлде таасири болбой койбойт дешет. Себеби Кыргызстан менен коңшулаш же алака-катыштагы мамлекеттер үчүн кыргыз мамлекетинин башына ким келери баары бир эмес. Ошондуктан алар ал-күчүнүн жетишинче ар кандай жолдор менен бул процесске аралашышы ыктымал.

“Таасири сөзсүз болот. Канчалык деңгээлде чечүүчү мааниге ээ болот, бул башка кеп. Бирок Кремль баланчаны колдойт экен, түкүнчөнү колдобойт экен деген сөздөр имиш деңгээлиндеги болсо да бир топ эле таасир этери белгилүү нерсе”,-дейт аналитик Жолдош Турдубаев.

Кыргызстанда күзүндө боло турган шайлоого, эксперттердин баамында, ошентип биринчи кезекте Россия менен Казакстандын таасири боло турганы айдан ачык. Бирок Путиндин Кыргызстанга сапарынын жүрүшүндө бул маселе каралат деп айтууга болбойт. Бул сөз эгер бул теманы кыргыз тарап өзү козгоп калганда гана болушу мүмкүн дейт журналист Кабай Карабеков:

“Албетте, Россия да, Казакстан да четте карап турушпайт. Кыргызстандын башына ким келери алар үчүн абдан маанилүү. Эгер кыргыз тарап алдыдагы шайлоо жөнүндө маселени талкуулайлы деп сунуш кылып калса, анда албетте, президенттик шайлоого катышарын жарыя кылган саясатчылардын келечеги талкууга алынышы мүмкүн”.

Акаев менен Бакиевге жол беришпейт

Тышкы күчтөр дегенде, Кремль же Вашингтон эле эмес, куулуп сыртта жүргөн мурдакы кыргыз президенттери Акаев же Бакиевдин таасири жөнүндө сөз кылышууда. Башкасын айтпаганда да, Бакиевдин Лондондо жашап жүргөн уулу Максим Бакиевдин акчасы көп деп жатышат. Бирок бул жерде эске ала турган жагы, Москвада Акаевдин, Минскиде Бакиевдин жашап турганынын башкы шарты, аларга Кыргызстандагы саясатка кийлигишпөө талабы коюлган. Ошондуктан Текебаевдин Кипрде Бакиев менен жолугушту деп жазган түрк гезиттеринин кабары “бул логикага сыйбайт”, дейт Феликс Кулов.

“Бул эки адамдын биздин ички саясатка кийигишүүсүнө президент Путин да, президент Лукащенко да жол бербейт. Акаевдин жана Бакиевдин ал жакта жашап турганын башкы шарттарынын бири алардын биздин саясатка кайтып келбеши жөнүндө болгон. Бул эң башкы талап болгон”,-дейт Феликс Кулов.

Чоң акчаны чоң капчыктан издешет

Кабай Карабековдун баамында президенттик шайлоого бир талапкерге керек акча 20 млн доллардан кем болбойт. Ошондуктан, кандай болгон күндө да, президенттикке талапкерлер сырттан саясий эле эмес, каржылык да колдоо издебей койбойт. Бул Кыргызстанда кызыкчылыгы бар капчыгы калың байлардын да тымызын таасири болот деген сөз.

Кыргызстанда БШК кезектеги президенттик шайлоону 19-ноябрга койгону белгилүү. Азырынча президенттик жарышка катыша турган үч талапкер жарыялашты. Азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков да, балким, бийликтин партиясынын атынан шайлоого катышып калышы ыктымал дешет.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар