Муфтий шайлоодон чыр чыкты

Бүгүн Бишкекте Учурдагы муфтий Максат ажы Токтомушевдин диний жогорку билими жок деген укук коргоочулар маалымат жыйынын өткөрүп, ал уставды бузуу менен шайланып келген деп билдирип чыгышты.
Image caption Бүгүн Бишкекте Учурдагы муфтий Максат ажы Токтомушевдин диний жогорку билими жок деген укук коргоочулар маалымат жыйынын өткөрүп, ал уставды бузуу менен шайланып келген деп билдирип чыгышты.

4-апрелде Кыргызстанда жаңы муфтийди шайлоо өтөт. Боло турган шайлоого талапкер катары катышат деп жаткан азыркы муфтий Максат ажы Токтомушевдин диний жогорку билими боюнча талаш чыгып, талкуу күчөп турган кез.

Бүгүн Бишкекте Учурдагы муфтий Максат ажы Токтомушевдин диний жогорку билими жок деген укук коргоочулар маалымат жыйынын өткөрүп, ал уставды бузуу менен шайланып келген деп билдирип чыгышты. Алар ошондой эле азыркы муфтий бийликтеги таасирдүү адамдардын колдоосуна таянып, коркутуп-үркүтүү менен кызматка келген деп айыптап жатышат.

"Светтик жогорку билими бар, аны эч ким танган жок. Мында диний билими күмөн болуп жатат. Бул окуп келген медресе мамлекеттик стандарттан өтпөптүр дагы, жогорку болуп эсептелбейт дагы экен. Бул иштей берсин, имам, казы болсун. Бирок муфтий боло албайт, анткени ушул уставды өздөрү киргизген. Балким ошол учурда өзү окуп бүткөн медресеси жогорку болуп эсептелбей турганын өзү да билген эместир. Биздин Тышкы иштер министрлиги сурап, алар официалдуу жооп бериптир. Бул медресе мамлекеттик стандарттан өткөн эмес, жогорку болуп эсептелбейт деп так көрсөтүлгөн",- дейт өзүн укук коргоочу деп тааныштырган Келдибек Аскаралиев.

Алар ошондой эле Максат Токтомушевдин муфтий болгондон тарта алган айлык акысы мыйзамсыз экендигин айтып, акчаны кайра казынага кайтарсын деген талапты коюп жатышат.

Укук коргоочулар муфтийдин жогорку диний билими жок деген билдирүүсүнө негиз кылып, Пакистандын билим берүү тармагынан Кыргызстандын Тышкы иштер министирлиги аркылуу алынган расмий катты көрсөтүшүүдө.

Image caption Укук коргоочулар муфтийдин жогорку диний билими жок деген билдирүүсүнө негиз кылып, Пакистандын билим берүү тармагынан Кыргызстандын Тышкы иштер министирлиги аркылуу алынган расмий катты көрсөтүшүүдө

Укук коргоочу Акин Токталиев Пакистанда мамлекет тарабынан расмий таанылган медреселердин тизмеси жазылган кат 2015-жылы эле колуна тийгенине карабай бул маалыматты жашырып жаткан деп Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы жетекчиси Орозбек Молдалиевди сынга алууда.

"Экинчи мөөнөткө мыйзамсыз бара жатат деп мага бул катты Молдалиев ачык эле берди. Датасын карабай эле жакында алган экен деп ойлогом. Карасам эки жыл мурун эле алып койгон экен. Орозбек Молдалиев эмне үчүн катып жүргөн, ошондо эле дароо маселе көтөрүш керек болчу да. Так жазылган расмий кат колунда турганда",-дейт Акин Токталиев.

Бирок аталган катта азыркы муфтий билим алган окуу жайдын көрсөтүлбөгөнү эч кандай маселе жаратпайт жана укук коргоочулар айтып жаткан кинелер негизсиз айыптоо дейт муфтият өкүлдөрү.

Image caption Укук коргоочулар бул уставды бузган деп муфтийди күнөөлөп жатышат

"Кыргызстанда Ислам университети бар. Мамлекет Ислам университетинин дипломун жогорку деп тааныбайт. Пакистанда 16 миңден ашык окуу жай бар. Устав бузулду деп жатат булар, бирок уставда жазылган эмес. Муфтий боло турган киши чет өлкөдөгү мамлекеттик диний окуу жайдан окуш керек деген жазуу жок. Азирети муфтий бүткөн окуу жай тогуз жылдык окуу. Аны бүтүп диний деген диплом алып жатат. Андан кийин жыйырма бир кишиден турган аалымдар кеңешинин курамы муфтийди жогорку светтик билими бар экен деп тандап, шайлап жатат",- дейт муфтияттын маалымат кызматынын өкүлү Максат Атабаев.

Учурда муфтийди шайлоо менен бирге эле Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын аалымдар кеңешине жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына сынак жарыяланган.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы болуу үчүн талапкерге он эки талап коюлган. Алардын негизгиси, такыба, саясий партияларга мүчө эместиги, соттолбогондугу жана светтик да диний да жогорку билими болушу шарт делет.

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи кандай сапат, көрсөткүчтөргө ээ болушу маанилүү?

"Кыргызстанда өздөрүн мусулман эсептегендер 90%дын тегерегинде деп ойлойм. Муфтий - бул мусулмандардын руханий лидери. Биринчиден, сөзү менен дагы, иши менен дагы өрнөк боло турган адам болуш керек. Экинчиден, илими-билими болуш керек, бул бир эле диний билим эмес, дүнүйөнүн да билими болсо жакшы болмок. Бул өтө маанилүү.

Үчүнчүсү, дипломатиялык сапат керек, анткени азыр диний чөйрөдө өзүңүздөр билгендей ар түрдүү көз карашты тутунгандар бар. Светтик өлкө десе аны туура эмес түшүнгөндөр да жок эмес. Коомдо ушул негизде бир чоң балекет болуп кетпеши үчүн дипломаттык сапаттар болуш керек. Эл аралык байланыштарга да жөндөмү керек, анткени дин деген дүйнөлүк феномен. Анан жаңычыл, модернизацияга жакын болсо жакшы болот эле. Азыр технологиянын заманы",-дейт "Ыйман"диний маданиятты өнүктүрүү фондунун директору Нуржигит Кадырбеков.

Кыргызстандын азыркы муфтийи 44 жаштагы Максатбек Токтомушев бул кызматка 2014-жылы шайланган. Жакында өтө турган муфтий шайлоого талапкерлер 24-февралга чейин тиешелүү документтерин тапшыруусу керек.