Аптанын алты окуясы: Путиндин сапары, Кимдин чатагы, жемиштин пайдасы

Келе жаткан аптанын башында Орусия президенти Владимир Путин расмий иш сапары менен Бишкекке келүүсү күтүлүп жатат.

Сүрөттүн автордук укугу official

1. Кыргыз шайлоосуна тышкы күчтөрдүн таасири

Албетте, буга чейин деле Путин далай ирет Кыргызстанга келип, эки өлкө ортосундагы достук алакалары, экономикалык карым-катнаш, жаңы долбоорлор тегерегинде макулдашуулар, келишимдер болгон. Бул жолу жергиликтүү басылмалар жана айрым серепчилер маселени Кыргызстанда күзүндө боло турган Президенттик шайлоо байланыштуу карай баштады.

Күзүндө өтө турган шайлоодо "мураскер" ким деген маселе кызуу талкууларды жаратып турган учурда Путиндин Бишкек сапары ушундай пикирлерге жем таштады көрүнөт. Бирок Президент Атамбаев Европа өлкөлөрүнө жасаган расмий иш сапарында шайлоого тышкы күчтөрдүн кийгилишүүсүн четке какты. Ал "Евроньюс" телеканалына берген интервьюсунда, Кыргызстандын Президенти ким болорун Москва менен Вашингтон эмес, Kыргызстандын эли чечет деп айтты.

Mакаланы бул жерден окуңуз: Кыргыз шайлоосуна тышкы күчтөрдүн таасири

2. Илхам Алиев жубайын вице-президент кылып дайындады

Азербайжан Президенти Илхам Алиев жубайы Мехрибанды өлкөнүн вице-президенти кылып дайындады.

Эми Алиевдин жубайы өлкөдөгү Президенттен кийинки эле мартабалуу кызматтагы адам болуп калды дейт эксперттер.

Сүрөттүн автордук укугу AP

Ѳткөн жылдын сентябрь айында өлкөнүн конституциясы өзгөртүлүп, биринчи вице-президент жана вице-президент деген кызматтар киргизилген эле.

Көпчүлүк өлкөлөрдө өзүнүн жубайын же жакын тууганын мамлекеттик кызматка дайындаганга мыйзам жол бербейт. Бирок бир катар өлкөлөрдө коомдук пикирден династиялык салттар жана кландар үстөмдүк кылып, бийлик бул чектөөлөрдү буйтап өтүп кетет.

Буга айкын далил болуп берген мисалдарды Борбор Азиянын мурдагы постсоветтик өлкөлөрүнөн көрсө болот. Мыйзамдык тыюуга карабастан жакын тууганын мамлекеттик кызматка дайындоо кеңири жайылган.

Макаланы толук окуш үчүн бул шилтемени басыңыз:КЭДР жана АКШдан Азербайжанга: жакындарын бийлик башына алып келүү

3. Полиция Ким Чен Ындын агасы өлтүрүлгөн ууну аныктады

Интернетте КЭДР лидери Ким Чен Ындын бир тууган агасы Ким Чен Намга кол салуу учуру тартылган тасма тарады.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Куала-Лумпур аэропортундагы видео байкоого тартылып калган кадрларды япониялык Fuji TV телеканалы жарыялаган. Андан соң Малайзиянын полициясы КЭДР лидеринин бир тууган агасы согуштук эсептелген токсин каражаты менен ууканын жарыялады.

Макала бул жерде: Полиция Ким Чен Ындын агасы өлтүрүлгөн ууну аныктады

4. НАСА Жерге окшош жети планета табылганын билдирди

Космикалык мейкиндикти иликтеген НАСА көлөмү Жерге окшош болгон Күн системасынан 40 жарык жылдык аралыкта турган жети жаңы планета табылганын кабарлады.

Сүрөттүн автордук укугу NASA

Байкалган планеталардын баары TRAPPIST-1 деп аталган жылдыз менен бир орбитада жайгашып, аларда суюуктук түрүндө суу болушу мүмкүн. Ал эми үч планета TRAPPIST-1 айланасындагы теориялык жактан жашоо болушу мүмкүн делген тегеректи айланып жүрөт.

НАСА Жерге окшош жети планета табылганын билдирди

5. Муфтий шайлоодон чыр чыкты

4-апрелде Кыргызстанда жаңы муфтийди шайлоо өтмөкчү.

Алдыдагы шайлоого талапкер катары катышат деп жаткан азыркы муфтий Максат ажы Токтомушевдин диний жогорку билими боюнча талаш чыгууда.

Апта башында Бишкекте учурдагы муфтий Максат ажы Токтомушевдин диний жогорку билими жок деген укук коргоочулар маалымат жыйынын өткөрүп, ал уставды бузуу менен шайланып келген деп билдирип чыгышты. Алар ошондой эле азыркы муфтий бийликтеги таасирдүү адамдардын колдоосуна таянып, коркутуп-үркүтүү менен кызматка келген деп айыпташкан.

Макала менен толук таанышыңыз: Муфтий шайлоодон чыр чыкты

6. Айдоочусуз башкарылган унаалар: келечек кандай көрүнүштө болот?

Соңку жылдарда айдоочусуз башкарылган унаа чыгаруу өндүрүшү күтүлбөгөндөй прогресс жаратты.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Автоунаа каалаган жерибизге өзү эле алып барып, биз болсо өз ишибиз менен алек болобуз деген эми жомок болбой калды окшойт. Албетте, автоунаалар өз алдынча болуп калганы менен транспорт каражатын толук автоматташтырууга али жете элекпиз. Азырынча айдоочунун катыштыгы баары бир зарыл болуп жатат.

Bloomberg маалыматына караганда Ford компаниясы айдоочусуз башкарылган унааларды толугу менен автоматташтырууга өтүүгө камынууда.

Макала менен толук таанышыңыз: Айдоочусуз башкарылган унаалар: келечек кандай көрүнүштө болот?

___________

Dessert: Cуткасына 800 граммдан жашылча-жемиш жеген киши узак жашайт

Окумуштуулар суткасына 800 граммдан жашылча-жемиш жеген киши узак жашайт деген тыянакка келүүдө.

Лондондогу империялык коллеждин окумуштууларынын эсеби боюнча, бул сунуштар аткарылганда дүйнөдө жылына 7,8 млн эрте өлүмдү алдыналууга мүмкүн эле.

Сүрөттүн автордук укугу Thinkstock

Мындай тыянак 95 түрдүү иликтөөлөрдүн негизинде чыгарылды. Иликтөөдө 22 миллион кишинин тамактануу адаты изилденген. Иликтөө тыянактары International Journal of Epidemiology журналына жарыяланды.

Күндө 800 граммдан жашылча-жемиш жеген киши узак жашайт