УКМК: Текебаев 48 саат кармалат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 24-февралда «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге карата “Мегаком” боюнча кылмыш ишин козгогон.
Image caption Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 24-февралда «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге карата “Мегаком” боюнча кылмыш ишин козгогон.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди камакка алганын маалым кылды. Атайын кызматтын Би-Би-Сиге кабарлашынча, Текебаев 48 саттык тергөө бүткөнгө чейин бошотулбайт.

Европа сапарынан кайткан Текебаевди УКМК кызматкерлери “Манас” аэропортунан түңкү үчтөр чамасында кармады. Депутатты колдоп барган тарапташтарын да милиция кармап кеткени кабарланууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 24-февралда 'Ата Мекен' фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге карата “Мегаком” боюнча кылмыш ишин козгогон. Атап айтканда, Кылмыш жаза кодексинин “Алдамчылык” жана “Коррупция” беренелери боюнча кылмышка шектелгенин атайын кызмат билдирген.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев Белиз өлкөсүнөн жаңы кат алып, ага ылайык ал жана башка партиялаштары “Мегакомдо” үлүшү жок экенин билдирген. Бирок ушул эле күнү “Мегакомду” башкаруу укугуна ээ болуп жүргөн Penwell Business Limited компаниясынын мурдагы өкүлү Раушан Айткулова Текебаев “Мегакомдун” Кыргызстандагы иштерине кийлигишип, ал башында турарын айтып чыккан.

Андан көп узабай “Ата Мекен” лидери президент Алмазбек Атамбаевдин мүлктөрү тууралуу ЖМКларга маалымат берген эле.

Өз кезегинде президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Башкы прокурору Индира Жолдубаевага “Ата Мекен” партиясынын маалымат каражаттарына берген кайрылуусу боюнча иликтөөнү тапшырган.