Базар-Коргондо Текебаевди колдогон митинг башталууда

Базар-Коргон районунда парламенттеги "Ата-Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин бошотулушун талап кылган нааразылык акциясы башталууда.

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда парламенттеги "Ата-Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин бошотулушун талап кылган нааразылык акциясы өтүп жатат.

"Ата-Мекен" партиясынын жергиликтүү активисттери митингке 300дөн ашуун киши чогулганын кабарлашты.

"Ата Мекен" фракциясынын активисти Кубат Артыков митингде Текебаевди тез арада бошотуу, фракциянын депутаттарына карата куугунтукту токтотуу талаптары айтылат деди

Кечээ күнү Өмүрбек Текебаев Европадан иш сапарынан кайткан учурда, "Манас" аэропортунан таңкы саат төрттөр чамасында атайын кызмат тарабынан камакка алынган. Өмүрбек Текебаев орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин 2010-жылы бир миллион доллар пара алган деген көрсөтмөсү менен камакка алынды. Ага "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш ишин козголгон эле.

Өмүрбек Текебаевдин 48 саатка камакта кармалып, анын баш коргоо чарасы сотто каралат. Парламентте айрым фракциялар бул окуяга байланыштуу кезексиз жыйынга чогулууну демилгелеп, учурда фракция лидерлеринин жыйыны өтүп жатат.

Тектеш темалар