Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы митинг

Бишкектин Ала-Тоо аянты

Бишкектин Ала-Тоо аянтында "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди бошотууну талап кылган митинг башталууда.

«Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Нуразиз Шайырбек уулунун айтымына караганда митинг үчүн алынып келе жаткан үн күчөтүүчү атайын жабдууларды милиция унаасы менен кошо камап койгон. Ал ошондой эле бул митингге эл өз ыктыяры менен келип жатканын айтып, митингде баары бир ооздон Текебаевге боштондук сурап жатканын айтат.

"Бүт баары «Ата-Мекен» партиясынын мүчөлөрү эмес. Маданият ишмерлери, дарыгерлер, мугалимдер, жөнөкөй жарандар митингге чыгып атат. Алар адилетсиздикке чыдабай чыгып жатышат. Мөөнөтсүз митинг улана берет, өлкөдө баардык саясий күчтөр биригип жатышат. Алар артынан элди эрчитип, бийликти бурчка такай турган кадамдарга барышы толук мүмкүн",-дейт Нуразиз Шайырбек уулу.

Бишкекте өтүп жаткан нааразылык акциясына Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын кээ бир депутаттары да келишти. Колдоруна ар кандай ураандарды кармап, кыйкырып тургандар менен катар эле абалга көз салып турган кээ маданият ишмерлерин да байкоого болот. Жазуучу Чолпонбек Абыкеев өзүнүн коопсуздугуна эч кандай ишеним калбай калганын айтып, кайсы бир саясатчыдан мурун өз укугум үчүн келдим дейт.

"Мен бул жерде Текебаевди бошоткула, ал апакай дебейм. Балким анын күнөөсү бардыр, ошону тактоо үчүн сот чечиши керек да. Мыйзамдуулук үчүн ушул жерге келип жатам. Текебаевди аэропорттон эле баса калып, камап аткандан кийин мендей карапайым адамды бийлик эмнени кааласа кылып коё турганын көрсөтүп жатпайбы",-дейт Чолпонбек Абыкеев.

Ошондой эле наразылык акциясына келгендердин арасынан адатта саясий чыгууларга аралашпай келген жаштарды да байкоого болот. Алардын бири "Көчмөн" коомдук фондунун жетекчиси Улан Үсөйүн мындай абал эртең эле дагы башкалардын башына келип калбайбы деген чочулоодон улам чыканын айтат.

"Текебаевди эле колдоп келип аткан жерим жок. Фейсбукта да жаздым аны. Мага азыр Акматпы, Ташматпы, Бокмурунбу айырмасы жок. Мен сөз эркиндиги, демократия үчүн чыгып атам. Бийликтин мыйзамсыз иштери бир нече жолу кайталангандыктан өзүмдүн атуулдук мүдөөмдү билдирейин деп чыктым",-дейт Улан Үсөйүн.

Текебаевди колдогондор Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда да нааразылыкка чыгышкан. Митингдин катышуучусу Алмаз Мустапакулов Би-Би-Сиге билдиргендей үч жүздөй киши Бишкек Ош жолун тосууга бет алышкан.

"Азыр эл эч кимди укпай жолду тоскону баратышат. Элдин саны үч жүздөй болот, Акман айылы жактан жолду тособуз. Акимчиликтин жанына боз үй тигишти, ал жерге да тигилет. Элдин талабы Текебаевди бошотуу"-дейт Алмаз Мустапакулов.

Митингде эл кууп жиберди деп жаткан укук коргоочу Токтайым Үмөталиева негизинен тууган туушкан, таныштардан сырткары аянтка ар кандай курч көйгөйдөн келген элдин саны теңме-тең деп эсептейт. Ал ошондой эле дал ушул системаны түзгөн Текебаев өзү ушундай абалга кириптер болду дейт.

Image caption "Ата-Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди бошотулушун талап кылган нааразылык акциясы Жала-Абаддын Базар-Коргон районунда да өтүп жатат.

"Кеңсеме кол салып, далай кыйын иштер болгондо Өмүрбек Чиркешовичке кайрылганымда, бийликтин клыаары ушул да деп эле койчу. Өзү көп ыкмаларга жол ачып берип коюп, тилекке каршы азыр анын кесепетин өзү көрүп жатат. Текебаевдин тууган-уругу чыккандан тышкары жөнөкөй адамдардын жүрүшү өлкөдө баары жакшы эмес экенин айгинелеп турат",-дейт Токтайым Үмөталиева.

Саясий абалга көз салгандар жаздын келиши менен өлкөдө саясий активдүүлүктүн башталышын бир эле Текебаевдин камалышы менен байланыштырууга болбойт дешет. Соңку учурда кысымга кабылды деп жаткан «Ата Мекен» партиясынын айрым мүчөлөрүнүн тарапкерлери менен кошо эле турмуш тиричиликтеги көйгөйлөрдөн улам нааразылык акциясына чыкандардын катарын толуктап жатат дешет. Текебаевдин камалышы боюнча социалдык тармактарда да ар кандай талкуулар жүрүп, бийликтин аракеттерин кескин сынга алгандар менен бийликти колдогондор ортосунда кайым айтышуулар кызуу жүрүп жатканын байкоого болот.

Кечээ күнү Өмүрбек Текебаев Европадан иш сапарынан кайткан учурда, "Манас" аэропортунан таңкы саат төрттөр чамасында атайын кызмат тарабынан камакка алынган. Өмүрбек Текебаев орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин 2010-жылы бир миллион доллар пара алган деген көрсөтмөсү менен камакка алынган. Ага "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон эле.

Өмүрбек Текебаевдин 48 саатка камакта кармалып, анын баш коргоо чарасы сотто каралат.

Парламентте айрым фракциялар бул окуяга байланыштуу кезексиз жыйынга чогулууну демилгелеп, учурда фракция лидерлеринин жыйыны өтүп жатат.

Тектеш темалар