Базар-Коргондо митингчилер Ош-Бишкек унаа жолун бөгөөгө аракет кылды

Жол тосууга келгендер саны жүзгө чамалайт дейт жергиликтүү активисттер.

Базар-Коргон районунда "Ата Мекен" лидери Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери Ош-Бишкек унаа жолун бөгөп алууга аракет кылды.

Бирок милиция алардын жолду бөгөшүнө жол бербей, митингчилерди таратууга аракет кылып жатат.

Бүгүн райондун аймагында парламент депутаты Өмүрбек Текебаевдин бошотулушун талап кылган нааразылык акциясы өттү. Мтингке үч жүздөн ашуун киши катышканы кабарланган.

Жол тосууга келгендер саны жүзгө чамалайт дейт жергиликтүү активисттер.

Текебаевдин кичи мекениндеги нааразылык жүрүштөрү кечээ башталган.

Өмүрбек Текебаев Европадан иш сапарынан кайткан учурда, "Манас" аэропортунан таңкы саат төрттөр чамасында атайын кызмат тарабынан камакка алынгандан кийинки наарзылык акциялары Бишкекте да уланып жатат.

«Ата Мекен» лидери орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин 2010-жылы бир миллион доллар пара алган деген көрсөтмөсү менен камакка алынган болчу. Ага "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголду.