Текебаев эки айга камалды

Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 26-февралда таңкы саат үчтөрдө “Манас” аба майданынан кармалып келген
Image caption Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 26-февралда таңкы саат үчтөрдө “Манас” аба майданынан кармалып келген

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасы райондук сотто каралары күтүлүп жатып, кеч түндө гана белгилүү болду. Улуттук коопсуздук комитети ал 25-апрелге чейин комитеттин убактылуу кармоо жайында кармаларын билдирди.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары соттун чечими алдын ала даярдалган деп эсептешет.

Ал эми Жогорку Кеңеште Текебаевдин кармалышы боюнча кезексиз жыйын өткөрүү аракети жыйынтык берген жок.

Ал эми Жогорку Кеңеште Текебаевдин кармалышы боюнча кезексиз жыйын өткөрүү аракети жыйынтык берген жок. Парламент төрагасы менен фракциялардын лидерлери Текебаевдин камакка алынуу маселесин таалкуулашты. Анда “Ата Мекенден” депутат Алмамбет Шыкмаматов менен “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев кезексиз жыйын өткөрүүнү сунуштады.

Жабык өткөн жыйындан Шыкмаматов буларды билдирди:

“Ар бир фракциянын лидери өз пикирин толук айтты. Бардыгы мындай болбош керек деп 100 пайыз айтышты. Өмүрбек Чиркешович ушундай кылмышка шектелип, ушундай ыкма менен кармала турган адам эмес эле дешти. Ошондой эле укуктук мыйзам бузуулар болбосун деген сарысанаасын билдиришти”, - деди Шыкмаматов.

Ал эми Текебаевдин аба майданынан кармалып келүү жолун сындагандардын бири Төрөбаев Би-Би-Сиге эки тараптын тирешин ичинен билбей турганын айтты:

“Бул биринчиден, саясий күрөш. Саясий чөйрөдө дайыма күрөш болот. Экөөнүн чыры тууралуу көп маалыматым жок. Биз интернет аркылуу, маалымат жыйыдарынан эле билип жаттык. Экинчиден, Өмүрбек Чиркешовичти чынында камаганда дагы аба майдандан эмес, чакыруу менен алып барса жакшы болмок”.

Бул боюнча бүгүн расмий оюн жарыялаган мурдагы президент Роза Отунбаева бийликти репрессияны токтотууга чакырды. Өз бидирүүсүндө ал Текебаевди аба майданынан кармап кетүү жолу, андан кийин телеканалдар аркылуу бир беткей маалымат таратуу саясий куугунтук деп атоого негиз берет деди.

Москвалык эксперт Аркадий Дубнов Текебаевдин камалуусунда саясий өң бар экенин билдирди. Дубнов бул аракет бийликтин былтыр бириккен мурдагы убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө жана алардан эң эле активдүүсү Текебаевге айбат көрсөтүүсү деп баалайт. Бул президенттик шайлоого байланыштуу эмес, анткени Текебаевдин анда колдоого ээ болуу мүмкүнчүлугү жогору деп олойбойм деди Дубнов Би-Би-Сиге.

Image caption Өмүрбек Текебаевди колдогон митинг уланууда

“Атамбаев башында турган режим өлкөдөгү кырдаалды толугу менен көзөмөлдө кармап турганын, ага оппозиция болуп жаткан мурдагы убактылуу бийликтин мүчөлөрүн жок кыла аларын көрсөткүсү келүүдө. Жети жыл мурда болгон кылмыштуу окуянын азыр ачылуусу Атамбаевге сокку уруу бекеринен ушул учурда, Путиндин сапары алдында күчөбөдү го деген божомол жаратат”, - деди Дубнов Путин президенттикке Атамбаев колдогон талапкерди колдоорн эске алып.

Ал арада Улуттук коопсуздук комитети Текебаевдин узак сааттар бою суракка алынганы жалган деп, арасында тыныгуулар болгонун, Текебаев адвокаты менен сүйлөшүп жатканын, өз учурунда тамактанууга убакыт бөлүнгөнүн билдирди. Фракция лидерлеринин сүйлөшүүсүнө келген Коопсуздук комитетинин төрагасы Абдиль Сегизбаев да анын абалы, кармоо шарты жакшы экенин айткан.

Ал эми президент Алмазбек Атамбаев бүгүн мыйзам бузгандарды күч органдары териштирип, жоопко тартаарын, алар эми бийликке күч менен басым жасай албай турганын айтты.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев болсо иликтөө объективдүү болуш керек деген оюн жарыялады:

“Зарыл иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн эч ким тоскоолдук кылбаш керек. Ага биринчиден, ал өзү кызыктар. Муну менен бирге айтылган күнөөлөр далил талап кылаарын белгилеш керек. Конституция күнөөсүздүк призумциясына кепилдик берет жана объективдүү иликтөө гана адам күнөөлүүбү же ага жалаа жабылдыбы деген суроого сотто акыркы жопту бере алат”.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 26-февралда таңкы саат үчтөрдө “Манас” аба майданынан кармалып келген. Коопсуздук кызматы аны 48 саатка камаганын айтты. Текебаев көз боёомочулук жана коррупцияда айыпталууда. Улуттук коопсуздук комитети ал орусиялык ишкерди “Мегаком” компаниясын башкарууга кошуп жана ага калкалоо болуп берем деп бир миллион доллар алган деп жатат.

“Атамекенчилер” муну жалаа дешүүдө.

Текебаев менен жогорку бийликтин тирешүүсү депутат конституциялык реформага каршы пикирин айтып чыкканда башталган. Президент 31-августта ага жана убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө катуу сын айткандан кийин, бул саясатчылар оппозицияга биригишти.