Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга сапары

Владимир Путин Сүрөттүн автордук укугу official

Орус Президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий иш сапары менен келүүдө. Расмий жолугушуулар бүгүн түштөн кийин башаталат.

Путиндин сапары Бишкекте белгилүү саясатчы, Жогорку Кеңештеги "Ата-Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин бошотулушун талап кылган митингдерге туура келди.

Буга чейин орус Президенти Владимир Путин Кыргызстанга бир нече жолу келип, эки өлкө ортосундагы достук алакалары, экономикалык карым-катнаш, жаңы долбоорлор тегерегинде макулдашуулар, келишимдер болгон. Бул жолу жергиликтүү басылмалар жана айрым серепчилер бул иш сапарды Кыргызстанда күзүндө боло турган Президенттик шайлоо байланыштырып да карашууда.

Күзүндө өтө турган шайлоодо "мураскер" ким деген маселе кызуу талкууларды жаратып турган учурда Путиндин Бишкек сапары ушундай пикирлерге жем таштады көрүнөт. Бирок Президент Атамбаев Европа өлкөлөрүнө жасаган расмий иш сапарында шайлоого тышкы күчтөрдүн кийгилишүүсүн четке какты. Ал "Евроньюс" телеканалына берген интервьюсунда, Кыргызстандын Президенти ким болорун Москва менен Вашингтон эмес, Kыргызстандын эли чечет деп айткан.

Путин кечээ күнү Казакстанда болгон. Кыргызстанга иш сапары жыйынтыкталгандан кийин Борбор Азиянын дагы бир өлкөсү Тажикстанга сапар алат деп кабарланып жатат.

Путиндин Кыргызстанга иш сапары учурунда ЕАЭБ алкагындагы кызматташтык жана бир катар биргелешкен долбоорлор тегерегинде сүйлөшүүлөр болору айтылган эле. Кыргызстанда Евразия экономикалык биримдигине кирген бир жарым жыл ичиндеги пайдасы менен зыяны кечээ жакында эле парламентте кызуу талкууну жаратканы бар. Ал тургай айрым фракциялар бул маселеден улам өкмөттүн отставкага кетүүсүн дагы талап кылып чыгышкан.

Орусия Президентинин Бишкекке расмий сапары Кыргызстан менен Орусиянын дипломатиялык мамилелеринин 25 жылдыгын утурлап келатат. СССР таркагандан кийин эки эгемен ѳлкѳ 1992-жылы 20-мартта жаңы саясий шарттагы дипломатиялык мамилелерди түзүшкөн.

'Путиндин сапарынын учурунда эки тараптуу кызматташтыктын абдан кеңири спектрдеги маселелери каралган жатат. Анын ичинде биринчи кезекте саясий кызматташтык жѳнүндѳ сүйлөшүүлөр жүрөт. Соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык жана миграция, аскердик кызматташтык сыяктуу маселелердин баары жолугушууда каралат', -деди Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин биринчи саясий департаменттин жетекчиси Айбек Молдогазиев.

Путин менен Атамбаев эки тараптуу жолугушуу учурунда талкуулай турган саясий, соода-экономикалык маселелер кѳп. Анын ичинде Евразиялык экономикалык биримдиктин ичиндеги жана регионалдык коопсуздукка байланышкан да маселелер бар.

Тектеш темалар