Камоолор эмнеге алып келет?

  • 28 февраль 2017
“Атамекенчилер” лидери Өмрбек Текебаев саясий куугунтуктун курмандыгы деп эсептешет
Image caption “Атамекенчилер” лидери Өмрбек Текебаев саясий куугунтуктун курмандыгы деп эсептешет

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев тергөө абагына эки айга камалды. Анын партиялаштары менен тарапташтары каршылык акцияларын токтотпой турганын айтышууда.

Ал эми саясат таануучулар бийлик жана ага каршы белдүү саясатчылардын оппозицияга биригиши Кыргызстанда мурда болуп жүргөн кырдаалды элестетип жатканын, бирок эл арасындагы чыңалуу болбой турганын айтышууда.

Улуттук коопсуздукту коргоо комитети “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди эки айга камакка алгандан кийин анын тарапташтары каршылык акцияларын уланта берерин айтышууда.

Анын партиялаштары Текебаевдин аракетинде кылмыш аракети болгон күндө да коррупция беренеси туура эмес колдонулаганын, ал эми экинчи кылмыштын түрүнө ылайык, депутатты камоого Жогорку Кеңештин уруксаты керек экенин айтышты.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова кылмыш ишинин жасалма экени көрүнүп турат деп, кандай кылмыш болбосун далилдениш керектигин белгилөөдө.

“Таза укуктук жагынан алганда, жоопко караганда суроо көп. Жети жыл үн катпаган киши минтип саясий күрөш күчөп жатканда табылып чыгып жатат. Пара берүү фактысын колунан кармап алганда да далилдөө абдан оор. Маевский өзүнүн колуна бергем деп айткан жок. Бул кылмышты кандай кылып далилдейт, мага түшүнүксүз”, - деди Сооронкулова Би-Би-Сиге.

Сооронкулова Кыргызстанды укуктук мамлекет деп айта албайбыз, андыктан адамдардын көрсөтмөсүнө ылайык, кылмыш далилденди деп коюшу ыктымал деди.

Саясат таануучу Марс Сариев биринчи тарапта бийлик, экинчи тарапта ири саясатчылардан турган оппозиция болуп бөлүнүү 2010-жылдагы кырдаалга окшошуп калганын, бирок эл арасындагы чыңалуу жок экенин айтууда.

Ал депутат эки айга камалган соң абал тынчыбайт, анткени кырдаалды колдонууну күтүп турган өлкөдөгү жана сырттагы ар кандай саясий күчтөр бар дейт.

Image caption Депутатты колдоп Базар-Коргондо митинг өттү

“Биз азыр оюнчук болуп жатабыз. Бийлик менен оппозиция өз оюнун ойноп жатканда анын үстүндөгү чоң оюнчулар пайда болду. Батыш дагы, Орусия дагы кирише баштады. Президенттик шайлоо – бул чоң приз, жаңы президент Батышка ооп кетиши мүмкүн же Орусияга. Биздин кошуналарда режим катуу болуп, чөлкөмдө демократияга жакын Кыргызстан гана калды. Ошондуктан тиреш катуу болот. Чоң геосаясий оюндун ичиндебиз ”, - деди Сариев Би-Би-Сиге.

Ал эми саясий ишмер Эдил Байсалов Өмүрбек Текебаевди алып калуу Жогорку Кеңештин колунан келмек деген ойдо.

Эки тарап элдин ырысын жеген деп бири-бирине доомат коюп келаткан менен саясатчылардын жеке амбицияларынын гана согушу болуп, эл андан эч нерсе таппай турганын байкоочулар айтып келатышат.

Байсалов да эл арасында Текебаевди колдобосоң, Атамбаевдин аракеттерин жактаган болосуң же тескерисинче деген туура эмес пикир жаралып калганын айтууда. Ал эки тараптын тең чекиликтерин баса белгилейт.

“Булардын баары башында эле “ээрге кыйшык отурушкан”. Мисалы, Текебаев Конституция аркылуу эркиндиктерди репрессияга өзү салып берди, депутаттык иммунитет жок. Канча деген депутат камалды. Бийликтин саясий оппоненттери камалып жатканда Текебаев керек болсо табалап, колдоп, атүгүл жетектеп турган. Текебаев, Салянова, Шыкмаматов өздөрү бийликте турганда, көпчүлүктө жүргөндө оппозициянын укуктарын, конституциялык эркиндиктерди, демократиянын принциптерин коргой алышкан жок”.

Өмүрбек Текебаев көз боёомочулук жана коррупцияда айыпталууда. Улуттук коопсуздук комитети ал орусиялык ишкерди “Мегаком” компаниясын башкарууга кошуп жана ага калкалоо болуп берем деп бир миллион доллар алган деп жатат.

“Атамекенчилер” муну жалаа дешүүдө.

Текебаев менен жогорку бийликтин тирешүүсү депутат конституциялык реформага каршы пикирин айтып чыкканда башталган. Президент 31-августта ага жана убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө катуу сын айткандан кийин, бул саясатчылар оппозицияга биригишти.

Тектеш темалар