Өмүрбек Текебаев адвокаты аркылуу кайрылуу жасады

Текебаевдин партиялаштары муну саясый куугунтук катары баалашты.

Өткөн апта соңунда камакка алынган Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев жактоочусу аркылуу кат жолдоп, өзүн колдоп жаткан тарапташтарына ыраазычылык билдирди.

"Мен өзүмдүн ак экениме ишенем. Мага коюлуп жаткан жалаа - саясый провакация",-деп айтылат Текебаевдин адвокаты аркылуу жолдонгон катында.

Ушул тапта Парламентте Текебаевке байланышкан маселе каралып жатат. Ал жерде УКМК жетекчиси жана Башкы прокурор бул иш боюнча депутаттарга маалымат берүүдө.

Өмүрбек Текебаев "шылуундук" жана "коррупция" боюнча айыпталууда. Улуттук коопсуздук комитети ал орусиялык ишкерди "Мегаком" компаниясын башкарууга кошуп жана ага калкалоо болуп берем деп бир миллион доллар алган деп айыптап жатат.

Текебаевдин партиялаштары муну саясый куугунтук катары баалашты. "Ата Мекен" лидери камакка алынгандан бери Бишкекте жана Жалал-Абадда аны бошотууну талап кылган митингдер өтүүдө.

Тектеш темалар