Жол кырсыгына кабылган КТРК жетекчисине операция жасалды

Илим Карыпбеков Коомдук телерадиоберүү корпорациясын 2015-жылдан бери жетектейт
Image caption Илим Карыпбеков Коомдук телерадиоберүү корпорациясын 2015-жылдан бери жетектейт

Бүгүн таң менен жол кырсыгына учураган Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Илим Карыпбековдун бутуна операция жасалып бүттү. Бул тууралуу аны көрүп чыккан кесиптештери билдирди.

Алардын айтымында, Карыпбеков Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун реанимация бөлүмүндө.

Маалыматтарга ылайык, окуя Бишкектин түштүк магистралында таңкы саат үчтөрдөн өтүп болгон.

Карыпбеков Range Rover үлгүсүндөгү автоунаасын өзү башкарып баратканы, ал жол четине чыгып кеткени айтылууда. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы маалыматтар такталып жатканын билдирди.