Акылдуу эсептегич жаңылбаса ката кайдан кеткен?

А. Мадалбеков: Акылдуу эсептегичтерди биз өткөрүп алуу процесси бүтө элек. Процесс жүрүп жатат. Түркиялык "Акай" компаниясы ишти улантып жатат.
Image caption А. Мадалбеков: Акылдуу эсептегичтерди биз өткөрүп алуу процесси бүтө элек. Процесс жүрүп жатат. Түркиялык "Акай" компаниясы ишти улантып жатат.

Акылдуу эсептегичтердин күмөндүү эсептери боюнча суроолордун аягы тыйыла элек. Бул боюнча энергохолдинг да техникалык мүчүлүштүк болгонун моюнуна алган. Электр энергиясынын баасын эсептөөдөгү талаш-тартыштар боюнча абонент Мурат Иманкулов, электр тармагы боюнча эксперт Расул Үмбөталиев жана "Түндүк электронун" энергия сатуу бөлүмүнүн башчысы Алмаз Мадалбековдор ой бөлүштү.

Би-Би-Си: Акылдуу эсептегичтердин күмөндүү эсептерине элдин суроосу дагы деле бүтө элек. Өкмөт башчысы дагы Улуттук энерго-холдингдин жетекчиси Айбек Калиевге бул боюнча атайын кайрылган жагдай да бар. Акылдуу эсептегич боюнча катар-катары менен көп кайчы пикирлер айтылып жатат. Себеби такталдыбы?

А. Мадалбеков: Февраль айынын аяк жагына чейин Бишкек шаары жана Чүй облусунун бир-эки районунда акылдуу эсептегичтер боюнча маселелер пайда болду. Бул негизинен декабрь айында эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн алганда байланыш операторлорунун биринен техникалык себептерге байланыштуу көрсөткүчтөр серверге толугу менен жетпей калган.

Image caption Солдон оңго: Мурат Иманкулов, Алмаз Мадалбеков, Расул Үмбөталиев.

Би-Би-Си: Кайсыл оператордон?

А. Мадалбеков: "Сапаткомдон". Ошонун негизинде декабрь айында айрым бир абоненттерибизге билдирмелерди орто эсеп менен жөнөткөнбүз. Январь айында бул маселе такталып, кардарлардын колдоруна жеткен. Мисалы, ноябрь айында беш жүз сомго электр энергияны жакса, декабрь айында миӊ сомго электр энергиясын жаккан кардарга миӊ сомго эсеп билдирмесин бере албагандыктан, декабрь айында калып калган беш жүз сом январь айына кошулду дагы, январь айына биз бир жарым миӊ сомго эсеп билдирмесин бердик.

Би-Би-Си: Ошол"Сапатком" менен келишимди сиздер түздүнүздөр да. Сапатком ишти үзгүлтүккө учуратып жатса, жоопкерчиликти ким алат?

А. Мадалбеков: Албетте, кардарлардагы түшүнбөстүктөр кээ бир учурларда нааразычылыктарды пайда кылды. Себеби, бир айда беш жүз сомго билдирме алса, кийинки айда бир жарым миӊ сомго чыгып келип атса, көпчүлүк кардарларга керек болсо акылдуу эсептегичтердин иштөөсүнө дагы күмөн жараткан учурлар пайда болду.

Би-Би-Си: Демек, ушундай бир техникалык мүчүлүштүктөр болгонун сиздер мойнуӊуздарга аласыздарбы?

А. Мадалбеков: Биз мойнубузга алабыз. Акылдуу эсептегичтерди биз өткөрүп алуу процесси бүтө элек. Процесс жүрүп жатат. Түркиялык "Акай" компаниясы ишти улантып жатат.

Би-Би-Си: Сиз буга чейинки талкууда айттыӊыз эле, кээ бир кардарлар бизге ушундай суроолор менен келип жатышат. Тактап, эсептеп бергенден кийин, түшүнүп калып жатышат деп. Ал эми азыр айтып жатасыз, "Сапаткомдун" айтылган маселесинен кийин, биз техникалык кемчилик болгонун мойнубузга алдык деп.

Эми Расул агай сизге суроо: Сиз айтып калдыӊыз, акылдуу эсептегич, аты акылдуу болгону менен, өзү иш жүзүндө "акылсыз" болуп жатат деп. Муну эмне менен негиздейт элеӊиз?

Р. Үмбөталиев: Акылдуу эсептегич, акылдуу энергетиктин колунда "акылсыз" болуп калат. Акылдуу эсептегич боюнча жалпы айтсак, бул энергетикалык реформага кирет. Тилекке каршы, ишке ашкан жок. Жалпы Кыргызстанда бир миллион эки жүз отуз төрт миӊ колдонуучу бар. Учурда өлкө боюнча болгону жүз он беш миӊ акылдуу эсептегич коюлган. Бул болгону он пайыз дегенди түшүндүрөт. Электр энергяны акылдуу эсептегичтер туура эсептеп жатабы же жокпу мен баарын изилдеп чыктым. Бул акылдуу эсептегич эмне үчүн акылдуу?

Булардын өзүнүн диапазону бар, кубаттуулугу, көлөмү, ошонун негизинде иштейт. Дүйнөлүк практикада бул электр энергия 220 вольт болушу керек. 220 вольтко муздаткыч деле, үтүк деле баардыгы ылайыкташтырылып чыгарылган. Мен өлчөп жүрөм, бизде 160-170 вольтко араң жетет. Жайында микротолкун мешке такматы бир мүнөттө ысытсаӊыз, бүгүнкү күндө беш-алты мүнөткө барып ысып жатат. А негизи бир мүнөттө ысыш керек эле. Сапатсыз электроэнергия берилип жатканынын бир далили. Лампалалар араң эле кызарат.

Акылдуу эсептегичти коюп жатканда 150 вольттон 230 вольтко чейин коюп жатат. Эмне үчүн 150 вольт? Үч жыл мурун "Түндүк электрдин" башкы директору Кубанычбек Турдубаев, Ак-Өргөөдө акылдуу эсептегич коюп туруп электр энергиясын берсек иштебей койду деп кайсы бир түз эфирде ачык айтып алды. Эмне үчүн? Себеби, вольт жетпей эсептегич иштебей койгон. Анан булар эмне кылган? Чуркап жүрүп дагы бир көмөкчү чордон, трансформатор койгондо гана 160-170 вольт менен иштей баштаган.

Азыр эле уктуңар, ноябрь, декабрды булар "Сапаткомго" шылтап атат. Төлөм 5-10 эсе кымбат чыгып келгени үчүн эл нааразы болуп жатат да.

Би-Би-Си: Эмне себептен колдонуучулар текши 220 вольт кубаттуулуктагы электр энергиясы менен камсыз болбой жатат?

А. Мадалбеков: Акылдуу эсептегич деп аты эле айтып тургандай бул иштөө принциби мурдагыдай эле эсептегич, башкы айырмасы бул так жана туура эсептейт. Ошондой эле аралыктан туруп өчүрүп же күйгүзө алат. Же жогоруда Расул ага айтып кеткендей кубаттуулукту коюп, кардарга ченеп берүүгө болот. Ал эми чыңалуу боюнча жаңы конуштардын айрым жерлеринде чындап эле аз болуп калат. Аны четке какпайбыз.

Бирок маселени чечүү жагын айтсак, ал жерлерге жол салуу, суу киргизүү, электрлештирүү сыяктуу маселенин баарын жергиликтүү бийлик чечип бериши керек. Учурда ал иштер толук кандуу аткарылган эмес. Трансформаторлорду коюу жана башка ушул сыяктуу иштердин баары ошолордун милдетине кирет.

Төлөм маселесине келсек кубаттуулук кем же ашык болуп калыптыр деп башка тариф каралган эмес. Баарына бирдей баа бекитилген. Биз ошол боюнча гана иш алып барабыз. Арзандатып же кымбаттатып бере албайбыз. Бул мыйзам менен жөнгө салынат.

М. Иманкулов: Акылдуу эсептегичтер боюнча атайын изилдеп көрдүм. Мисалы мага 644 киловаттан баштап бааны кошуп эсептешиптир. Мага болгону жыйырма төрт килловатт кошулуптур. Бул мен үчүн көп деле эмес. Мен сөгүп-сагып туруп муну деле төлөп койсом болмок. Бирок мындайга туш болгон жалгыз мен эмесмин да.

А. Мадалбеков: Ток этерин айтканда өкмөттүн токтому менен 700 киловатт бир айга норма болуп белгиленген. Биздин тарифтерди, 700 киловатты кантип бөлүштүрүү боюнча өкмөттүн алдындагы отун-энергетика комплексин карай турган агенство бар. Ошол агенство бизге инстуркцияны иштеп чыгып беришкен. Биз ошол боюнча иш алып барабыз. Анда так көрсөтүлгөн. 700 киловатт сатты бир жылга эсептеп он эки айга көбөйтсөк 8400 киловатт болот. Ал эми бир күндүк норманы тактоо үчүн 8400 киловатты 365 күнгө бөлөбүз. Карап көрсөңөр бир күндүк ченем жыйырма үч киловатт болуп калат. Биз ушул норманы так берүүгө милдеттүүбүз. Кардар 645 киловатт пайдаланса биз нормага ылайык бир киловатты 2сом 16 тыйындан эсептейбиз. Ошондуктан кардардын айткандарына мен толугу менен кошулбайм.

М. Иманкулов: Мынакей силер өзүңөр ошол эле эрежеңер боюнча 8400 киловатты бир жылга өлчөп, аны жетимиш жети тыйындан бааланат деп атасыңар. Демек менин бир жылдык ала турган өлчөмүм 8400 киловатт да туурабы?

А. Мадалбеков: Ооба, ошондой деп эсептелет.

М. Иманкулов: Жай мезгилинде керектөө кескин кыскарып, мен 700 киловатт энергияны албайм. Ал артып калат. Экинчиден, мен отун-энергетика комплексинде Александр Николаевич деген бар экен ага байланыштым. Силердин кайсы инструкцияңарда 700 киловаттка жетпесе деле 2 сом 16 тыйындан төлөйт деп жазылган деп сурадым. Ал өзү да так жооп айта албай калды. Бул алдоонун бир механизми деп ойлойм.

А. Мадалбеков: 700 киловатт саатты эсептеп чыккан учурда энергетикалык абал абдан кыйын болгон. Ага токтолбой эле койсом туура болот. Бул жерде биз жайдын күнү мынча көп жакпайбыз да деген маселе жаралып жатат. Жайында 300 киловатт коротсом ашкан 400 киловаттын кышында пайдалансам болбойбу дегенди айтып жатат окшойсуз?

М. Иманкулов: Ооба, бул эрежеңерде ошондой деп жазылып турбайбы?

А. Мадалбеков: Жок, мен эми тактап койсом. Электр энергиясын турак жайды жылытуу үчүн пайдаланбаса анда ар бир үй бүлө ошол 700киловатт деген нормага кирет. Эгер жылытуу үчүн пайдалана турган болсо анда ал нормага кирбей калат. Аны моюнга алуу керек.

Р. Үмбөталиев: Эми мен жыйырма үч киловатт деген боюнча тактап айтып берейин. Бул өкмөттүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы №606-токтомунда так жазылып турат. Тарифтер ошонун эсебинде жөнгө салынат. Бир айлык ченем 700киловатт деп так кесе жазылып турат. Булар токтомду өздөрү бузуп жатат.

Би-Би-Си: Буга кандай жүйөңүз бар?

А. Мадалбеков: Токтомдун бир да жери бузулган жок.

Р. Үмбөталиев: Мисалы бир ай ичинде 700 киловатт пайдаланылат. Андан ашса 2 сом 16 тыйын төлөйсүн деп турат. А булар болсо айлыкты четке чыгарып суткалык норма деп жатышат. Анда биротоло мүнөткө, секундга деп бөлүп чыкпайсыңарбы?

Тектеш темалар