Жакынкы айларда биометрикалык паспорт бериле баштайт

Эксперттер кыргыз паспортунун тегерегиндеги маселелерди талкуулашты Сүрөттүн автордук укугу social media
Image caption Эксперттер кыргыз паспортунун тегерегиндеги маселелерди талкуулашты

Мамлекеттик каттоо кызматы кийинки айлардан тартып биометрикалык-электрондук паспортторду берип баштайт. Аталган мекеме жарандардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, нике жөнүндө күбөлүктү, дегеле адамдын өздүгүн аныктаган бардык документтерди электрондук түрдө гана түзүп, кол жазма менен толтурууга тыюу салганы жатат. Ал ортодо Башкы прокуратура апта соңунда Мамкаттоо кызматында иштегендерге карата кылмыш ишин козгоп, иликтөө баштады.

Өткөн жылдары террористтик топтордон, чет өлкөлүк кылмышкерлерден, кримтөбөл жана башкалардан табылган кыргыз паспортторунун айланасындагы чыр кайрадан тутангансыды. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы бул ирет Кыргызстандан Түштүк Кореяга иштегени кетип жаткан жарандарга мыйзам бузуу менен документ берген тараптарга, анын ичинде Мамлекеттик катоо кызматында иштегендерге "кызмат абалынан пайдалануу" жана "жасалма документ жасоо" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратуранын өкүлү Алманбет Абдрамановдун билдиришинче, Мамкаттоо кызматында иштегендер элүүдөн ашык кыргыз жарандарынын аты-жөнүн өзгөртүп, Түштүк Кореяга барып иштөөсү үчүн Кыргызстандагы этникалык корейлер менен кагаз жүзүндө никеге каттап, кайра никени жокко чыгарган:

“Бишкек шаарынын Ленин, Свердлов, Биринчи Май жана Октябрь райондорунун жарандык абалды каттоо бөлүмүнүн кызмат адамдары 2016-жылдын июнь-сентябрь айларына чейин 56 жарандын атын жана фамилиясын өзгөртүү үчүн жасалма жол менен никеге тургузуп жана никени бузган фактылар аныкталды. Жогорудагы кызмат адамдары өздөрүнө материалдык пайда табуу үчүн бир фирманын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып, Түштүк Кореяга тоскоолдуксуз кетүүсүн уюштурушкан. Бул иш учурда УКМКга өткөрүлүп берилди”.

Image caption Мамкаттоо кызматынын төрага орун басары Дастан Догоев

Мамлекеттик каттоо кызматы болсо бул факты боюнча мекеменин ичинде атайын иликтөө тобун түзүп, айрым кызматкерлерди кызматынан четтетип, кээлерине сөгүш жарыялаганын айтууда. Бул окуядан улам биз өзүбүз үчүн жыйынтык чыгардык дейт аталган мекеменин жетекчилери.

Чуулгандуу иштерге "аралашкан" кыргыз паспорту

Мыйзамды бузуу менен документ жасоо паспорт чырынын тегерегиндеги кылмыштардын бир чети гана. Өткөн жылдын май айында Стамбулдагы аэропорттон уйгур тектүү 98 кытай жараны жасалма кыргыз паспорту менен кармалган болчу. Алдамчыларга дагы курал болгон кыргыз паспорту аркылуу өлгөн адамдын документи менен банктан 10 миллион доллар которулган. Кыргыз паспорту башка мамлекеттердеги террористтик топтордон гана эмес, кримтөбөлдөр, олигархтардан табылганы да коомчулуктун эсинде. Чуулгандуу бул иштердин аягы эмне менен бүткөнү жөнүндө так маалыматтар айтылган эмес.

Жасалма паспорттор маселеси буга чейин Жогорку Кеңеште, өкмөттө бир нече жолу көтөрүлгөн. Депутат Кенжебек Бокоев парламенттеги жыйындардын биринде "мыйзамсыз паспорт берүү боюнча ИИМ тарабынан 2014-жылы 84 кылмыш иши, 2015-жылы 25 кылмыш иши козголуп, бирок бир дагы кызматкер жоопкерчиликке тартылган эмес" деген болчу.

Жакында эле өкмөттүн жыйынында вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков коррупцияны “гүлдөтүп жаткан” бир нече мамлекеттик мекемелерди атап, анын арасында Мамлекеттик каттоо кызматындагы коррупция алты эсеге өскөнүн айтты. Ал эми депутат Мирлан Жээнчороев Мамкаттоо кызматында калыптанып калган системалык маселелер көп дейт:

“Документтерди бере турган ар кайсы бөлүмдөрдө иштегендерге ишин батыраак бүтүрүш үчүн жарандар белек-бечкектен баштап, чоң каражаттарга чейин жең ичинен акча беришет. Ал жерде иштегендер сүрөтчүлөр менен сүйлөшүп алып, ошол жерге гана жарандарды жиберишет. Мунун баары коррупция. Качан гана адам таасири тие турган жагдайларды азайтып, автоматташтыруу системасына өтмөйүн, мындай көрүнүштөр кайтала берет. Толук бирдиктүү система, база түзүлүшү керек”.

Image caption Кыргыз паспортунун айланасында талаш-талкуулар күчөп жаткан чакта, Мамлекеттик каттоо кызматы жакынкы айларда биометрикалык паспорт берүү башталат деп билдирүүдө

Мамлекеттик каттоо кызматынын дарегинде көп сындар айтылганы менен, аталган мекеме мыйзамсыз документ жасоого бөгөт коюу үчүн жакында биометрикалык-электрондук паспортторду колдонууга бергени жатабыз деп билдирүүдө. Азыр бул долбоор өкмөттө каралып, коомдук талкуу этабында турат. Май, июнь айларында адамдын өздүгүн аныктаган бардык документтерди электрондук түрдө гана түзүп, кол жазма менен толтурууга тыюу салганы жатабыз дейт Мамкаттоо кызматынын төрага орун басары Дастан Догоев:

“Чынын айтканда 2004-жылкы жана 2006-жылкы үлгүдөгү паспорттор он жылдан ашык убакыттан бери каралып чыга элек, кандайдыр бир коргоо элементтери кошулган эмес. Башка өлкөлөрдө беш-алты жылда кошумча элементтер кошулуп турат. Ошондуктан биз дагы 2014-жылдан тартып калктын бирдиктүү маалымат базасын түзүп баштаганбыз. Мунун негизинде жакынкы айларда жарандын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөн баштап, адамдын өздүгүн аныктаган документтердин баарын электрондук түрдө гана толтуруп, андан кийин колдонууга бергени жатабыз. Мунун баары кылмыштуулуктун алдын алат жана бирдиктүү базадан пайдалануу оңой, жеңил болуп калат”.

Айрым депутаттардын айтымында, ар кандай топтордун же адамдардын колундагы жасалма кыргыз паспорттору 30 миңге жетиши мүмкүн. 2010-жылдагы кандуу окуялардан кийин документтер күйүп кеткен деген шылтоо менен кыргыз паспорттору чет өлкөлүк жарандарга, ар кандай радикал уюмдардын колуна сатылып кеткен болушу мүмкүн деген расмий билдирүүлөр да жок эмес.

1994-жылы 100 миң паспорттун таза бланктары жоголгону жөнүндө маалыматтар өткөн жыл соңунда коомчулукка тарап, ошол жоголгон паспорт бланктары чуулгандуу окуяларга тиешеси болушу мүмкүн деген божомолун айткандар да болгон.