Сариев: Кыргызстан ЕАЭСке кирбесе азыркыдан да жаман абалда калмак
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Сариев: Кыргызстан ЕАЭСке кирбесе азыркыдан да жаман абалда калмак

Бүгүн Бишкек шаарында Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешмеси өттү. Кыргызcтандын төрагалыгы астында өткөн бул жыйында интеграциялык биримдиктин алкагында кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Кыргызстан аталган экономикалык бирикмеге мүчө болгондон бери бир топ үмүттөр акталбай калды дегендер да жок эмес. Бирок бийлик бул өтө маанилүү кадам болгон деп ишендирип келет. Би-Би-Си Кыргызстан бул уюмга мүчө болуу менен эмнеге жетишти деген суроо менен мурдагы өкмөт башчы Темир Сариевге кайрылды.