Салтанат Саматова: Кыйынчылыктарга багынбагыла, өзүңөргө ишенгиле!

Салтанат Саматова Сүрөттүн автордук укугу facebook

Салтанат Саматова коомчулукка теле алып баруучу катары кеңири таанымал.

Ал бир нече жылдан бери оор илдет менен күрөшүп келүүдө. Бирок каарманыбыз ар кандай кечелерде жаркырап чыгып, теледе жылдыздуу ажары менен миңдеген кишилердин маанайын көтөрүп, үмүт берип, шыктандырган, энергиялуу айым. Ал мындай күчтү кайдан алды?

Салтанат Саматова Би-Би-Сиге маек курду.

Би-Би-Си: Майрамыңыз менен! Сиз кандай жашоо образын тандагансыз?

Салтанат Саматова: Албетте, мен ар дайым позитивдүү жүргөнгө аракеттенем. Кээде чарчап калганымда үйдө тынч жатып эс алам. Балким, үйдө жүргөндө башкача деле болушу мүмкүн, бирок мен адатта ар дайым жылмайып жүргөндү жактырам.

Би-Би-Си: Майрамды кандай белгилеп жатасыз?

Салтанат Саматова: Бүгүн абдан сонун майрамдык маанай болуп жатат. Азыр эле банкка кирсем, айымдарды куттуктап, ырдап, гүлдөрдү берип жатышыптыр. Күн дагы тимеле чайыттай, кудум айымдардын маанайындай болуп тийип турганын айт. Бирок эртең кар жаап калышы мүмкүн, анткени мырзалар айтып калышат силердин жаман кыялдарыңар бар, ошого жараша аба ырайы да бузулуп жатат деп. Ошондуктан эртең аябай дагы ушундай маанай болсо деп тилейт элем.

Сүрөттүн автордук укугу facebook

Би-Би-Си: Көпчүлүк кооптонуп, коркуп, жашырынып жүргөн дарттан сиз коркпой күрөшө турганыңызды ачык билдирдиңиз. Кандай богондо да оор эле болсо керек.

Салтанат Саматова: Албетте, катуу турдум. Беш жыл мурун ушул рак диагнозун коюшканда деле өзүмдү жоготкон эмесмин. Башка жеңил илдеттер сыяктуу эле кабыл алдым. Жанымдагы жолдошум, ата-энем, туугандарым, баарысы ыйлашты. Эмнегедир биздин коомдо рактан, "рак" деген сөздүн өзүнөн да коркушат. Менимче, корксоң дароо ошол дарт жабышат да калат. Дарттын аркасынан ар бир үч айда бир жолу Түркияга барам. Ден соолугум чың болсо Түркияга барбай деле жүрмөкмүн да. Муну менен айтайын дегеним, баардык нерсени жакшы жагынан көрө билүү керек. Көп жакшы нерселерди кабыл алдым, көп жакшы адамдар менен тааныштым, далай жерлерди көрүп келдим. Ошондуктан бул оору мен үчүн кадимки эле сыркоого тете. Ооруп калган замандаштарыма кайрылат элем, эч качан коркпогула, мен жеңем деген ой жүрөктө, мээде дайыма болуш керек. Баары ошо мээден кетет, жеңишке ишенгиле.

Би-Би-Си: Сиз айткандай буга бекем тургандар аз болсо керек, балким. Өзүңүзгө тилектеш айымдарды тапканда алардан эмнелерди таптыңыз, жашоого болгон көз карашта өзгөрүүлөр болдубу?

Салтанат Саматова: Андай жолугушуулар көп болгон жок. Көбүнчө менден кеңеш сурап келишет. Аянбайм, келгиле андай кылгыла, мындай кылгыла деп багыт берем. Мен өз башымдан өткөндөрдү айтып берем. Көп замандаштарым мени дартын жеңди деп ойлошот. Себеби качан болбосун жаркырап кийинип, боёнуп-жасанып алам эл аралап жүрөм. Ал эмес Түркиядагы дарыгерим: "Салтанат дегеле ооруган кишиге окшобойсун" деп тамашалайт. Бул менин колумдагы иш да. Мен кандай болбосун оорудум деген жан эмесмин. Бул менин чечимим, позициям. Мен ооруп атам деп да ойлобойм. Мунун баарын эрким жеңип, ооруу, турмуш өзү үйрөттү. Мен ошондон алган сабактарымдын баарын замандаштарыма айтып бергим келет. Эч качан багынбагыла, ишенгиле! Мага келип акылдашам, сүйлөшөм дегендерге мен даярмын.

Би-Би-Си: Бул тажрыйбаңызды китеп кылып жазсам деген оюңуз жокпу?

Салтанат Саматова: Мына, сиз айткан сунушту мен ишке ашырышым керек экен. Мени ойго салды, колдон келсе жазсам болот экен. Көп адамдардын ишеними бош. Ракты кой, бирдеме болуп ооруп калса, бүттү өлөт деген ушул турбайбы деп жатып калышат. Өлбөйт, рак деген азыр 99 пайызга коркунучсуз, биз үчүн алсыз. Азыр аны даарылай турган дарыгерлер да, дары-дармектер да толтура. Албетте, бирок каражат маселеси да кыйын. Бирок жашагың келсе, жеңип чыккың келсе аны да чечсе болот. Адамдын колунан баары келет. Менин жакын санаалаштарым, кесиптештерим, эстарда ырчылары, классташтарым, досторум ал тургай мен тааныбаган адамдар да колдоп келе жатышат. Мен алардын баарына чексиз ыраазычылыгымды билдирем. Эгер колдоп-коштоп турган адамдар болсо жеңишке барчу татаал жол да оңой эле болуп калат экен.

Би-Би-Си: Сиздин таанымал болгонуңуз сизге бир топ жеңилдик берген экен. Ал эми жардамга муктаж киишлер үчүн дарт менен күрөшүү оор болсо керек?

Салтанат Саматова: Ооба бир топ эле оор болот. Бирок ким болбосун колдой турган уюмдар фонддор бар. Мисалы "Жардам берүү оңой" деген фонд бар. Жардамга такай кол сунушат. Ошондуктан такыр чүнчүбөгүлө, кабатыр болбогула, ишенип алга жылгыла. Алдыда менде далай пландар бар. Балдырым кичинекей, ата-энем, бир туугандарым, жолдошум, досторум бар. Мен көп жылдар алардын арасында жүргүм келет.

Би-Би-Си: Сизди көп учурда кечелерден көрөбүз. Ырга мамилеңиз кандай?

С. Саматова: Ырдаганды жүргөндү аябай жактырам. Бул обондуу ырдын сөздөрү мага абдан жагат:

Тайкы ойлоп, сараң болушпай,

Таңы салкын жайкы конуштай.

Жүрөк сырын бирге чечишип,

Жүрөлүчү жүрөк оорутпай.