Ооганстан: "ИМ" тобу аскердик ооруканага кол салды

Бейтапкана АКШнын элчилигине жакын жайгашкан
Image caption Бейтапкана АКШнын элчилигине жакын жайгашкан

Ооганстандын баш калаасы Кабул шаарындагы эң ири аскердик ооруканага кол салуу болду. Бейтапкана АКШнын элчилигине жакын жайгашкан. Чабуулга өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топ жоопкерчиликти алды.

Окуяга күбө болгондор согушкерлер башында бомба жардырып, андан соң ок жаадырганын айтышууда. "Сардар Дауд" аскердик оорукананын кызматкерлери доктурдун кийимин кийген куралчандар эч тандабай ок чыгарганын билдиришүүдө.

Кеминде үч адам каза таап, 60дан ашуун тургун жаракат алганы маалымдалууда. Алардын көбү бейтапкананын кызматкерлери.

Ооганстандын атайын күчтөрү тик учактардан оорукананын имаратына түшүрүлүп, учурда катуу салгылашуулар жүрүүдө.

Президент Ашраф Гани кол салуу "бүткүл ооган калкына жасалды" деп белгиледи.

Image caption Жергиликтүү медиа Талибан кыймылы чабуулга тиешеси жок экенин билдиргенин маалымдады

Өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топ Ооганстанда 2015-жылдан бери теракттарды уюштуруп келет. Өткөн айда экстремисттик топ Кабулдагы жогорку сотто жан кечтинин жардыруусун уюштуруп, 22 адам курман болгон.

Жергиликтүү медиа Талибан кыймылы чабуулга тиешеси жок экенин билдиргенин маалымдады. Бир апта мурун талиптер Кабул шаарында эки жардырууну уюштуруп, кеминде 16 адам каза тапкан.