Ошто кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жолугушуу өтүүдө

2016-жылы 18-мартта Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасынын такталбаган тилкесине Өзбекстан эки БТР жана эки "КамАЗ" киргизип, блок-пост коюп алган.
Image caption 2016-жылы 18-мартта Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасынын такталбаган тилкесине Өзбекстан эки БТР жана эки "КамАЗ" киргизип, блок-пост коюп алган.

Кыргызстандын Ош аймагында кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча эки өлкөнүн жумушчу тобунун кезектеги жолугушуусу өтүүдө.

Жолугушуу тууралуу расмий маалыматтар берилген жок. Бизге жеткен маалыматтарга караганда жолугушуу 9-марттан 19-мартка чейин уланат. Жумушчу топ талаштуу тилкелерди жеринде көрүп, тактоо иштерин жүргүзөт деп айтылды.

Өткөн жылдын октябрь айынан тарта чек араны тактоо боюнча өкмөттөр аралык жумушчу топтордун иши жанданган. Кыргызстандын Президенти өткөн жыл соңунда Өзбекстанга расмий иш сапары менен барып, өзбек лидери Шавкат Мирзиёев менен жолугушуусунда мамлекеттер аралык маселелерди чечүүнү жандантуу боюнча макулдашуулар болгон.

Чырга себеп болгон чек ара

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүүлөр 2000-жылы башталганы менен тараптар талаштуу делген тилкелер боюнча тил табыша албай келет. Эки өлкө ортосундагы чек аранын 35% такталып, аныкталбай турат.

Чек аранын такталып, аныкталбаганы ар кандай чыр-чатактарга себеп болуп келүүдө. Айталы, 2016-жылы кыргыз-өзбек чек арасында кырдаал чыңалууга чейин жеткен учурлар катталды.

2016-жылы 18-мартта Жалал-Абаддын Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасынын такталбаган тилкесине Өзбекстан эки БТР жана эки "КамАЗ" киргизип, Кербен-Ала-Бука унаа жолунун жарым чакырым чамалуу тилкесине өзбек чек арачылары блок-пост коюп алган. Бул окуядан кийин Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Кыргызстандагы элчисин чакырып, Кербен-Ала-Бука автожолун өзбек чек арачыларынын тосуп алганына байланыштуу каршылык нотасын тапшырып, жолго коюлган постторду дароо алууну талап кылган. Ѳзбек тарап Нооруз майрамынын алдында коопсуздук чараларын күчөткөнүн билдирип, Кыргызстан менен байланыштырган чек ара бекеттерин да бир тараптуу жапты. Көп өтпөй эле Кыргызстан дагы аталган унаа жолуна блок-пост коюп, эки БТРин койду. Бир нече күнгө уланган сүйлөшүүлөрдөн кийин жол ачылган.

Кыргыз расмийлери Өзбекстан аскер техникасын жана чек арачыларын киргизип, жолго пост коюп алышына себеп болушу мүмкүн делген жагдайларды атаган эле. Алардын негизгиси катары Кыргызстан советтер союзу учурунда өзүнүн аймагынада курулуп, бирок коңшу өлкө пайдаланып келген бир нече обьектини өлкөнүн менчигине өткөрүп алганын, анын ичинде Орто-Токой суу сактагычы да бар экенин айткан. Өзбек тараптын аракетин ошого байланыштырган.

Көп өтпөй ушул эле Аксы аймагындагы Үңкүр-Тоодо жайгашкан теле мунаранын тегерегинде ызы-чуу болду. 22-августта дал ушул станцияга өзбек тарап жети милиция кызматкерин тик учак менен таштап, ал жердеги кыргызстандык төрт кызматкерди өзүнүн аймагына алып кирип кеткен.

Талаштуу аймакты өз аймагы деп жарыялап, кармалгандарды өзбек тарап Янги-Курган райондук милициясында экенин билдирген. Кыргыз тарап Ѳзбекстандын бул аракетин мыйзамсыз деп атап, тушүндүрмө талап кылды. Өзбек тарап станциядан кармап кеткен кыргызстандык жарандарды 8-сентябрда чыгарып берген.

Үңкүр-Тоодогу соңку окуядан Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, өлкөнүн тышкы иштер министрин кабыл алып, чек ара маселеcи боюнча бардык эл аралык келишимдер менен макулдашууларды тыкыр текшерип чыгууну тапшырган. Президент "Кыргызстан эли өзүбүздүкү деп эсептеген бир катар жерлерди мурдагы президенттер менен кызмат адамдары коӊшулардыкы деп тааныган фактылар мезгил мезгили менен ачыкка чыгып жатканын" айткан.

"Ал документтер ратификациялана элек жана белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кире элек болсо да, эл аралык укуктун ченемдерине ылайык алар келечектеги макулдашуулардын негизин түзүп калгандыктан, азыр кыйла кыйынчылыктарды жаратып, Кыргызстандын улуттук таламдарын талашууга чоӊ тоскоол болууда",-деп белгилеген эле.

Мирзёев коңшулар менен мамилени оңдогусу келет

Сүрөттүн автордук укугу offical

Маркум Ислам Каримовдон кийин бийлик башына келген Шавкат Мирзиёев дароо эле коңшулары менен мамилени жакшыртуу саясатын жүргүзөрүн шардана кылды.

Соңку он жылдан бери биринчи жолу 29-сентябрда Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Тажикистанга барды. Анжиянда болсо коңшулаш Кыргызстандын атайын делегациясы барды. Андан кийин өзбек делегациясы Ош шаарына келди. Бул дагы коңшулардын акыркы он жылдан бери биринчи ирет жылуу маанайдагы учурашуусу болуп калды.

Жолгушууларда Өзбекстандын вице премьер-министри Адхам Икрамов чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдө жаңы импульс болот деп билдирген.

"Бүгүн биздин мамилелерде, өзгөчө чек ара тилкелериндеги аймактар тууралуу маселеде, жаңы импульс, жаңы формадагы сүйлөшүү башталды. Бул импульс чек арадагы көйгөйлөрдү чечүүгө чоң көмөк берип, жол ачат деп ишенип турам. Чек ара көйгөйү бир эле биздин өлкөлөргө таандык эмес. Дүйнөдө баардык эле өлкөлөр бул көйгөй менен бет келген. Бүгүн биз кабыл алган меморандум маселени жеңилдетет. Ага ылайык жергиликтүү бийликтер чек арага байланышкан маселени жеринде чечишет",-деген эле өзбек Икрамов.

Чек арада тактоодо орток пикир табылабы?

Чек арадагы талаштуу делген 60 чукул участок боюнча тараптар тил табыша алабы деген сурооого шыр жооп айтуу азырынча татаал. Анткени буга чейин чек ара тактоодо Өзбекстан тарап 1924-27-жылдардагы улуттук-аймактык бөлүштүрүү маалындагы документтерге таянса, Кыргызстан 1955-жылдагы паритеттик комиссиянын материалдарынын жана 1961-жылы чыккан жарлыктын негизинде иш алып барып жатканы айтылып, эки тарап ар дайым орток пикир таба алган эмес.

Көп учурда өзбек тарап сүйлөшүүлөрдү токтотуп, үзгүлтүккө учуратып, артка жылдырып келген. 1378 чакырымга созулган кыргыз-өзбек чек арасынын 324 чакырымы такталып бүтө элек. Чек аранын такталбаганы жаңжалдашууларга себеп болуп, ок атылган учурлар болду.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өткөн жылдын октябрь айынан тарта катары менен эки тараптуу жолугушуулар өтүп жатат. Өткөн жыл соңунда тактала элек 55 тилке боюнча комиссия иликтөө жүргүзүп, аймактарга барганы айтылган. Бирок так маалыматтар таратылган эмес.

Андан кийинки жолугушууда 10 го чукул талаштуу чек ара участоктору боюнча орток пикир табылганын маалымат булактары Өзбекстандын Tышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка шилтеме берип жазышкан.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги талаштуу делген 14 участок боюнча сүйлөшүүлөр болгонун билдирип, дээрлик 56 участок боюнча позициялары дал келгенин айткан. Расмий маалыматта изилдөө иштери, топографиялык сүрөткө тартуу, иликтөөлөр буга чейин такталбаган 14 тилкеде - Анжиян, Наманган, Фергана облустары чектешкен аймактарда жүргөнү айтылган эле.