Жаштардын иш табуу көйгөйү

Расмий маалыматтар боюнча, 2015-жылы Кыргызстанда 200 миңге жакын жумушсуздар катталган
Image caption Расмий маалыматтар боюнча, 2015-жылы Кыргызстанда 200 миңге жакын жумушсуздар катталган

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 2015-жылы 200 миңге жакын жумушсуздар катталган. Кээ бир мекемелерде адистердин жетишсиздиги катталганы менен айрым бир кызматтарга ишке орношууну каалагандар ар кандай тоскоолдуктарга кабылып жатканын айтып келишет.

Аты жөнүн жашыруун калтырууну суранган адам райондук прокуратурага ишке орношуу үчүн 2011-жылдан тарта үч жыл бою атайын сынактарга катышып келгенин айтат.

"Жогорку окуу жайын бүттүк, барып тесттерин да тапшырдык. Бир эле жолу эмес үч, төрт жолу катыштык. Биринчисин даяр эмес дей турган болсо, экинчи, үчүнчүсүн аябай даярданып бардык. Ал жакта коррупция жайылып кеткен. Ким бирөөлөр аркылуу суратып, мынча деп акчанын суммасын айтат. Ал биз ойлогондой же берип койгондой аз акча эмес. Райондук прокуратура үчүн бизден 10 миңден 20 миң долларга чейин жетет. Мени менен кошо тесттен бир дос балам тест тапшырган. Анан ал жактан мээси иштегендер өтө албай калып акчасы барлар өттү. Биз сыяктуулар арыз жазып жүрүп ошол бойдон калып калышкан. Майнап чыкпагандан кийин эмне кылат? Айла жок башка жакка кетиш керек, жашаш керек”,-деди атын жашыруун калтыргысы келген адам.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы айтылгандарды курулай доомат деп четке кагууда.

“Андай фактылар жок, себеби биздин расмий сайтыбызда конкурстан өткөндөрдүн тизмеси илинет. Анан ошол тизме боюнча кезеги менен коюлуп кете берет. Алар айтып жаткан доомат чындыкка дал келбейт”,-дейт Башкы прокуратуранын өкүлү Алманбет Абдраманов.

Ал прокуратура тармагы өзгөчө макамга ээ кызмат катары, өздөрүнүн ички эрежелерине ылайык тандоо жүргүзөөрүн айтат. Абдраманов жумушка орношууну каалагандарды кызматкерлер гана текшербестен, атайын аппараттар да текшерээрин кошумчалады.

Бирок аталган тармакка ишке орношууда акча же тааныш роль ойнобойт деп айтуу кыйын дегендер да жок эмес. Алар кайсы гана кызмат болбосун ачык-айкын тандоо өтмөйүн мындай нааразылык чыга берет дешет.

Image caption Кубатбек Кожаналиев

“Президент Аппаратынын жетекчиси пара алган деп соттолуп кеткени бар. Азыр фракция лидери пара алды деп тергөөсү жүрүп жатат. Демек жогорку деңгээлде жаман болсо, төмөнкү деңгээлде андан да начар болушу толук мүмкүн. Мындай көрүнүштөр мурда деле болгон. Бирок ишке алууда мындай акча талап кылууну далилдөө өтө кыйын болот”,-дейт генерал Кубатбек Кожоналиев.

Дал ушундай эле сынга көп кабылып келе жаткан Мамлекеттик салык кызматы азыр акча же тааныш-билиш роль ойнобой калган деп ишендирүүдө.

Image caption Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазбаков

“Кадр кызматынан атайын тестирлөөдөн өткөн адамдар, практикалык атайын тестирлөөгө катышат. Быйылкы жылдан баштап жаңы система киргизилди. Үчүнчү этап - бул аңгемелешүү. Бизде конкурсттук атайын комиссия бар. Өкмөт аппаратынан, кадр кызматынан келет жана байкоочу кеңештен өкүлдөр болот. Ачык-айкынбыз дегендин бир далили, биз баардык тапшырмаларды сынакка катышкандар кандай аткарганын, жооп бергенин толугу менен видеокамерага тартып алабыз. Акыркы беш жылдын архивдери өзүмдө сакталат, эгер кандайдыр бир жаран конкурс туура эмес өттү деп арызы менен кайрылса видеотасманы көрсөтүп бергенге даярбыз. Мындай дооматтар да болгон. Алардын катышуусунда сынакта жеңди дегендер кандай жооп бергенин, шек санап аткан адам менен чогуу көрүп, салыштырабыз. Ошондон кийин алар туура жыйынтык экен, башка конкурсттарга катышыбыз дегендер болгон”,-дейт Мамлекттик салык кызматыны басма сөз катчысы Эркин Сазбаков.

Учурда саны азайды деген менен мындан беш алты жыл мурун айтылган эки фактор таасирдүү болуп келгенин Сазбаков да четке капайт.

Өткөн жылы Салык кызматы 211 бош орунга сынак жарыялап, ага 3246 адам резюме тапшырган.

Мамлекттик кадр кызматы Би-Би-Сиге билдиргендей, 2016-жылы жалпы мамлекттик кызматтар үчүн 17571 адам кызматка орношуу үчүн өз маалыматтарын жиберген. Алардын ичинен 6811 адам тиешелүү упай топтоп, тандоонун кийинки баскычына өткөн.