Чек ара ашып келген келиндердин көйгөйү

Өзбек чек арасындагы келин Сүрөттүн автордук укугу MAXIM MARMUR/AFP/Getty Images

Чек арада көп маселелер курч турат. Анын ичинде суу, жер бөлүштүрүү жана соода бар. Ал тапта чек ара ашып келген келиндердин көйгөйлөрү көмүскөдө калууда.

Кыргысзтанга келин болуп келген миңдеген теги өзбек тургундардын документтери жок болгондуктан, алар балдарын мектепке жөнөтө албай же медициналык жардам ала албай келишет. Бул маселеге Өзбекстанга күйөгө чыккан кыргызтандык келиндер да туш болууда.

Би-Би-Си айтылган көйгөй боюнча документалдык тасма тарткан журналист Хулькар Исамованы кепке тартып, чек ара ашып келген келиндердин кыйынчылыктары тууралуу сурады.

Хулькар Исамова: Бул маселе менен "Перспектива" атуу долбоордун алкагында тааныштым. Биз чек арадагы көйгөйлөрдү изилдеп, чек ара ашып келген келиндердин маселеси Кыргызстан жана Өзбекстанда курч турганын түшүндүм.

Долбоордун алкагында биз Кыргызстанга күйөгө чыккан өзбек келиндер менен сүйлөштүк. Алардын эч укугу жок экен. Өздөрүнүн жана балдарынын эч документтери жок. Алардын медициналык жардам алууга дагы укугу жок эле.

Каармандарыбыздын бири 32 жыл мурун күйөгө тийип, Кыргызстанга көчүп келген. 32 жыл бою эч документтери жок Кыргызстанда жашаган. Ал документ алууга аракеттениптир, бирок, ар кандай себептерден улам документ ала албай калыптыр. Кызы майып болуп төрөлгөндөн кийин паспорту жок болгондуктан медициналык жардам ала албай, бир топ кыйынчылыктарга туш болуптур.

Документалдык тасма тартылып жаткан учурда, айтылган келин Кыргыз Республикасынын жараны болуп, паспортун колуна алды. Жок дегенде бир тургунга жардам бердик деп кубанып калдык.

Сүрөттүн автордук укугу MAXIM MARMUR/AFP/Getty Images

Би-Би-Си: Сиз айтып жаткан маселе бүгүнкү күнү кеңири тараганбы?

Хулькар Исамова: 2010-жылы орун алган Ош окуяларынан кийин чек ара ашып келген келиндердин саны кескин төмөндөдү. Бирок 2010-жылга чейин Кыргызстандын жаранына күйөгө чыккан өзбек келиндер көп болгон. Туугандык байланыштар болгон. Ал байланышты жоготпош үчүн эки тарап кыздарын күйөгө берип келишкен. Ал себептен бул маселе дале олуттуу.

Документалдык тасма тартып жатканда айтылган көйгөйгө байкоо салган уюм, Кыргызстандын түштүк тарабында чек ара ашып келип, документи жок жүргөн келиндердин саны 10 миңге жакын деп билдирген. Бул өтө чоң көрсөткүч.

Би-Би-Си: Айтылган маселени жайгарууда өкмөт тарабынан кандай долбоорлор бар?

Хулькар Исамова: Өкмөт бир нече долбоорду баштаган. Бирок ал толук кандуу ишке ашуу үчүн кыргыз жарандары аң сезимин өзгөртүшү абзел. Мисалы күйөгө чыккан келин никесин каттоодон өткөргөн болсо, тез эле паспорт алууга мүмкүнчүлүгү бар. Арийне тургундардын көбү айтылган кадамдарды аткарбайт. Балким алардын маалыматы жоктур.

Биз документалдык тасма аркылуу бул көйгөйдү көтөрүп, документ алуу укуктары тууралуу айтып бердик. Балдарын мектепке жөнөтүү же медициналык жардам алуу үчүн документтер зарыл.

Ошондой эле өкмөт чек ара ашып келген келиндерге жарандык берүүнү жеңилдеткен. Бирок көп тургундар ал мүмкүнчүлүктү дагы колдонбой келет. Документи жок жүргөн жарандарыбыздын саны өсүп жатат. Себеби айтылган келиндердин балдары дагы бар.

Би-Би-Си: Чек ара көйгөлөрү дегенде суу жана жер маселеси эске келет. Демек чек ара ашып келген келиндердин кыйынчылыктары көмүскөдө калган жокпу?

Хулькар Исамова: Айтылган долбоорго даярданып жатып чек арадагы көйгөлөр тууралуу окудум. Анын ичинде суу, жер, газ жана соода дагы бар эле.

Бирок биз адам ресурстары өтө маанилүү деп ойлоп, айтылган темага токтолдук. Менимче бул маселени кийин дагы көтөрүп туруу зарыл.

Себеби бул кишилер келечекте иш таба албай, мектепке бара албай, медициналык жардам дагы ала албай калышат. Келечекте бул тургундар жумушсуз калат. Анын экономикалык кесепети да бар.

Тектеш темалар