Э.Нурушев: Сөз эркиндигин бийлик менен коомчулук эки башка түшүнөт
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Э.Нурушев: Сөз эркиндигин бийлик менен коомчулук эки башка түшүнөт

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн бир катар чет өлкөлөрдүн жаңы дайындалган элчилеринен ишеним грамота кабыл алып жатып, сөз эркиндигиндеги журналисттердин жоопкерчилиги жөнүндөгү маселеге кайрадан токтолду. Мамлекет башчы журналисттерди кесиптик этиканы жана адамдык моралды бекем сактоого, коомчулукка чындыкты жана бейтарап маалымат жеткирүүгө чакырды.

“Мыйзам маалыматты жарыялоодон мурун текшерүүнү талап кылат. Чыныгы журналист ушуну менен "ушакчыдан", "жалганчыдан" айырмаланат. Эркиндик - бул баарынан мурда жоопкерчилик»,-деди президент.

Атамбаев өзүнүн сөзүндө президенттин аброю менен намысын коргоо боюнча Башкы прокуратура берген доо арыздар эки гана маалымат каражатына, атап айтканда, "Азаттык" менен "Занозага" багытталганын баса белгилеп, аларды бир нече жылдан бери максаттуу түрдө мамлекетти жана президентти дискредитациялоо боюнча иштеп жатат деп сындады.

Башкы прокуратура "Азаттык" радиосу менен "Заноза" басылмасын "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин президент Атамбаевдин мүлкү жөнүндө сөздөрүн жарыялаганы үчүн "президенттин аброюна шеккелтирди" деген негизде сотко берген эле.

Би-Би-Си коомдук ишмер, журналист Эсенбай Нурушевди маекке тартып, президенттин аброюн коргоп, Башкы прокуратуранын бир катар маалымат каражаттары менен соттошуп жатканы Кыргызстанда сөз эркиндигинин кандай деңгээлин көрсөтөт деп сурадык.