Талашка түшкөн сөз эркиндиги

Айрым журналисттик уюмдар сөз эркиндигине кысым башталды деген тынчсыздануусун билдирүүдө
Image caption Айрым журналисттик уюмдар сөз эркиндигине кысым башталды деген тынчсыздануусун билдирүүдө

Сөз эркиндиги жана маалымат алуу укугу Кыргызстанда кайрадан кызуу талкууда. Айрым журналисттер менен жарандык активисттер өлкөдө сөз эркиндигин кысуу күчөдү деп коңгуроо кагышууда. Бирок экинчи тарап тескерисинче сөз эркиндиги ашкере кенен деп эсептейт.

Кыргыз президентинин орус президенти менен бирге маалымат жыйында журналисттерге жана айрым маалымат каражаттарына айткан сыны, Башкы прокуратуранын кээ бир басылмаларды сотко бергени жана президенттин кечээ элчилер алдында да журналисттерди урушканынан кийин сөз эркиндиги боюнча талкуулар күч алды.

Пикир билдирүү укугу кысылып жатат деп тынчсызданган “Көз карандысыз журналисттердин союзу” бийлик менен журналисттерди диалог үчүн бир үстөлгө чогултууга аракет кылды.

Image caption "Көз карандысыз журналисттер союзу" бийлик менен журналисттер бири-бирине доосун айтыш үчүн бир жыйынга чакырды

Мамлекеттик жана жеке маалымат каражатарынын өкүлдөрү, укук коргоочулар, жарандык активисттер Кыргызстандагы сөз эркиндигинин сакталып жана өнүктүрүлүп жатышына бирдей көз карашта эмес.

“Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чолпон Жакупова маалымат каражаттары менен бийлик өкүлдөрү арасында жаралган соңку окуяларды президенттик шайлоого байланыштырып, күнүнө чейин атайын пландалган иш деп атады.

“Ушу тапта коомдун жетилип жетилбегени, андагы жарандык позициянны күчү сыноодон өтүп жатат. Сыноодон баары, журналисттер дагы өтүүдө. Журналисттерде жоопкерчилик, тилектештик, эр жүрөктүк барбы деген сыноо жүрүүдө. Журналисттер бардык коомдо эң эр жүрөк адамдар, анткени алардын кесиби опурталдуу. Бул сыноодон мен саясатчылар өтпөй калды деп эсептейм. Сөз эркиндигин маңдай-тескей отуруп талкуулоо үчүн бүгүн алар келген жок. Демек президенттикке талапкерлер өлкөнүн орчундуу жүгүн көтөрүүгө даяр эмес экен. Бирок үгүт иштеринде алар сөз жок адам укуктары, сөз эркиндиги тууралуу убадаларды беришет”, - деди Жакупова Би-Би-Сиге.

Байкоочулар сөз эркиндиги адамдын башка укуктары менен катар демократиялык коомду куруу үчүн канчалык маанилүү болбосун, мамлекеттик институттар аны коргоого аракет кылбайт дешет.

“Сөз эркиндигин коргоо комитетинин” өкүлү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков пикир билдирүү, маалымат алуу укугун жарандык коом жана журналисттер өздөрү да эми активдүү коргоого ала баштады дейт:

“Тилекке каршы мурда сөз эркиндигин сактоо үчүн күрөшүү жокко эсе болуп калган. Бирок акыркы убактарда, азыр журналисттердин биримдиктери, медиа коомчулук баш көтөрүп, өздөрүнүн позицияларын айтып жатканы кубандырат. Кыргызстанда сөз эркиндигин коргой турган массалык маалымат каражаттары бар”.

Жарандык коомдун өкүлдөрү менен айрым журналисттер көп түрдүү пикир, көп түрдүү маалымат аркылуу ачык жана өнүккөн коом түзүлүш керек дешет. Ал эми айрым чиновниктер менен журналисттер Кыргызстанда сөз эркиндиги жетиштүү экенин, жада калса көп учурда аны аша чаап колдонуп жатышканын айтышат.

Массалык маалымат каражаттарынын бир бөлүгү демократиянын принциптерин өздөрү сактабай, эркиндиктин баасын билбей жатышат деп эсептейт мамлекеттик “Кабар” маалымат агенттигинин директору Кубан Абдымен:

“Демократиялык нукта өнүгүү багытында чоң аңдар, тоолор, түз жерлер болот. Биз түз жерге келип, андан кийинки жерге өтөбүз дегенде кыйынчылыктарга такалсак эле кысым башталып жатат деп ойлойбуз. Чындыгында ошону да басып өткөндөн кийин накта демократиялык нукка чыгабыз”.

“Медиа Полиси Институтунун” юристи Алтынай Исаева эл аралык ар кандай рейтингдерде Кыргызстан чөлкөмдө дале сөз эркиндиги жагынан алдыда, бирок баары салыштырмалуу дейт.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Президент Алмазбек Атамбаев айрым маалымат каражаттары ушак таратып жатат деди

“Кыргызстан “Чек арасыз кабарчылардын” рейтинги боюнча, 180 өлкөдөн болжолдуу 80-орунда турат. “Фридамхаустун” рейтингине ылайык, Кыргызстан Борбор Азияда лидер, бирок ал жарым-жартылай сөз эркиндиги бар өлкө деп эсептейт. Бирок булардын баары салыштырмалуу”, - деди Исаева.

Исаева Кыргызстан ар түрдүу маалымат каражаттарын камтыган өлкө экенин кошумчалады. Ал журналисттерге карата соттук иштер дайыма болуп келгенин айтып, беделине шек келтирди деп эсептеген ар бир тарап сотко кайрыла аларын белгиледи. Бирок арыздануучу тарап прокуратура болуп жатышы өзгөчө көңүл бурчу жагдай дейт юрист.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев орус президенти Владимир Путин менен Бишкекте берген маалымат жыйында айрым маалымат каражаттарын зекиген. Ал эми ушул айда Башкы прокуратура “Азаттык” радиосу менен “Заноза” маалымат сайтын президенттин беделине шек келтирген деп сотко берди. Биринчисинен он миллион, экинчисинен үч миллион сом компенсация сурады. Президент кечээ бир катар өлкөлөрдүн элчилерин кабыл алуусунда да журналисттер жалган, жалааны таратып өлкөнүн абийирине шек келтирип жатат деп, өз сөзүндө ушул маселеге кенен орун берди.

Тектеш темалар