Аксы окуясынын 15 жылдыгы эскерилүүдө

Аксы окуясынын 15 жылдыгы эскерилүүдө

Жала-Абаддын Аксы аймагындагы эскерүү иш-чараларына өлкөнүн премьер-министри Сооронбай Жээнбеков катышууда.

Ѳлкө Президенти Алмазбек Атамабаев Бишкектеги Аксы жана апрель окуяларынын курмандыктарына арналып тургузулган эстеликке барып, гүлчамбар коюп эскерди. Аксыга президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков барган.

2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абал облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында укук коргоо органдары куралсыз демонстранттарга ок ок чыгарып, алты киши каза тапкан. Бул нааразылык акцияларына Үзөңгү-Кууш тилкесинин Кытайга берилиш жана ага каршы чыккан ошокездеги ЖК депутаты Азимбек Бекназаров камакка алынышы болгон.

Үзөңгү-Куушту кайтарып алуу, Бекназаровду бошотуу талаптары айтылып, жөө жүрүшкө чыккан демонстранттарга карата ок атылган.

Бул окуялар 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы элдик толкундоолордун башаты болуп калды деп баа берет тарыхчылар.

Президент Аксы окуясынын 15 жылдыгына байланыштуу кайрылуусунда дагы бул жагдайды белгилеген:

«Аксы окуясы болбосо Март-2005 жана Апрель-2010 революциялары болмок эмес. Бул үч окуя эгемен Кыргызстандын демократия жолундагы, жаңы коом, жаңы мамлекет куруу жолундагы эң оор, бирок эң маанилүү үч ашуусу болгон. Бүгүн баарыбыз адилеттик, чындык үчүн өмүрүн берген эр-азаматтар Эркиналы Четинбаевди, Кадыркул Сапаралиевди, Медетбек Бекмуратовду, Сатынбай Үркүнбаевди, Советбек Тагаевди, Элдияр Үмөталиевди эскерип, эстелигине таазим этебиз. Аксылыктарды колдоп, ачкачылык жарыялап, каза тапкан бишкектик Шералы Назаркуловду эскеребиз. Жаткан жерлери жаннат болсун!»,-деп айтылды кайрылууда.