Аксы окуясы менен курмандыктары эскерилди

Аксыга премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков барды Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Аксыга премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков барды

Аксы окуясын жана курмандыктарын эскерүү үчүн окуя болгон Боспиек айылына президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков барып, президент өзү Бишкектеги аянтка келди. Тарыхчылар жай тургундардын каны төгүлгөн нааразылык акциясы эгемендүү Кыргызстанга бурулуш болгон деген менен ал турмушту өзгөртө алдыбы?

“Адегенде алып чыккан тамак-аштарыбызды жүк ташуучу унаага салып камакка алып коюшту. Жолдон тоскоолдук кылышты. Ага карабай биз бир гана нан менен жолдогу сууну ичип үч күн жүрдүк. Каракөлгө чейин келдик. Чийки сууну ичип, көбү ооруду...”, - деген “Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясынын төрагасы Дөөлөт Нусупов 2002-жылы Аксыдан Бишкекти көздөй жасалып, жолдон кайтарылган жөө жүрүштү эскерүүдө.

17-март күнү Аксы окуясында алты, кийин ачкачылыктан бир адам каза болгон соң нааразылыктар күзгө чейин уланып турган.

Экинчи жүрүшкө катышкан Дөөлөт Нусупов бийлик ал кандуу окуядан тыянак чыгарган жок дейт:

“Андан кийин эки жолу революция болду. Маселе алар турмушту өзгөртүп же өзгөртпөгөнүндө жатат. Анткени Аксы окуясында ок чыгаргандар жазаланган жок. Жазасын албагандан кийин ошол эле көрүнүш кайталанып жатат. Эгер 2005-жылдагы революциядан кийин күнөөлүүлөрдүн баары жазаланса, балким азыркыдай башаламандыкка, коррупциялык иштерге чек коюлмак”.

Эгемендүү Кыргызстанда эл өз пикирин ачык айтып чыгып, дмеократияга бурулуш жасоо учуру Аксы окуясы менен байланыштырылат. Бүгүн анын курмандыктарын эскерүү менен бирге, дале окуяга баа берүү аракети жүрүп келет.

Тарыхчы-окумуштуу, ал учурда журналисттик менен алектенип жүргөн Кыяс Молдокасымов Аксы эли 2002-жылы 17-мартта жердин бүтүндүгүн сактап калуу үчүн, бийликтин мыйзамсыз аракетине биринчи жолу каршы чыкканын айтууда:

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Президент Алмазбек Атамбаев Аксы окуясынын курмандыктарын бул жылы Бишкектен эскерди

“Азимбек Бекназаровду бир эле Аксы эли эмес, Кыргызстандын башка жериндегилер да тынбай колдоп турганына жерди бербөө аракети себеп болгон. Азыркы саясатчылар майда-чүйдө, өзүнүн карт кызыкчылыгын ойлогон үчүн колдоого ээ болбой жатпайбы. Ал учурда Бекназаровду эл ушунчалык олдогон”.

Молдокасымов да Аксы окуясы демократиялык нукка чоң бурулуш болгон менен таза, коррупциясыз коомго дале жетише алган жокпуз деп эсептейт.

Коомдук-саясий ишмер Топчубек Тургуналиев болсо эл тыянак чыгарды – ал мындай кандуу окуяны кайра болтурбоо, ал эми бийлик сабак алган жок деди.

“Сабак алмак түгүл ушул күнгө чейин кан төгүлгөн Аксы окуясы, 1990-жылдагы июнь окуясы, 2010-жылдагы июнь жана апрель окуялары боюнча мамлекеттик бийлик саясий-укуктук тыянак чыгара албады. Чыгарганда эле көпчүлүгү өздөрү күнөлүү болуп чыгат эле да, ошондон коркту булар”, - деди Тургуналиев Би-Би-Сиге.

Аксы окуясына он беш жыл болду. Аны Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Бишкектин бордорбук аянтындагы эстеликке гүл коюп эскерди. Окуя болгон Боспиек айылына премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков барды. Исаков президенттин кайрылуусун элге окуп берип жатып, бул окуядан мурунку эки бийлик сабак албаганын белгиледи.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Жалал-Абад, Аксы, Боспиек айылы

Ал эми Сооронбай Жээнбеков октон мерт кеткендер сырткы күчтөрдөн эмес, өз башкаруучуларынын колунан өлгөнүнө көңүл бурду.

“Ошол кезде Аксы эли бийликке адилеттик үчүн айбат көрсөткөн. Колунда куралы жок болгон менен, жүрөгүндө жалыны, жүзүндө айбаты бар жигиттер өлүмгө тик карап, ошол кездеги бийликти селт эттирген”, - деди өкмөт башчы Аксыда жергиликтүү калкка жана жабыркагандарга кайрылып жатып.

Аксыдагы нааразылык Үзөңгү-Кууштун Кытайга сатылып кеткенине нааразылыктан чыккан окуя катары сыпатталат. 2002-жылы 5-январда ошондогу Жогорку Кеңештин депутаты, президентке импичмент жарыялоо ниетин билдирген Азимбек Бекназаров камакка алынган. Аны бошотуу, жерди кайтарып алуу талаптары коюлган нааразылыктар кан төгүүгө алып келген. 17-мартта куралсыз демонстранттарга тартип коргоо органдары ок чыгарган. Алты киши мерт кетип, кийин аларды колдоп ачкачылыкка чыккан дагы бир жаран көз жумган.