18-мартта сөз эркиндигине арналган тынчтык жүрүшү өтөт

18-мартта сөз эркиндигине арналган тынчтык жүрүшү өтөт
Image caption 18-мартта сөз эркиндигине арналган тынчтык жүрүшү өтөт

Бишкекте 18-мартта жарандык активисттер уюштурган, сөз эркиндигине арналган жөө жүрүш өтөөрү күтүлүп жатат. Иш-чаранын максаты тууралуу жарандык активист Эдил Байсалов Би-Би-Сиге буларды айтты:

"Эртең саат ондо "Жеңиш" паркында тынчтык жүрүшүбүздү баштайбыз. Ага бардык каалоочулар келсе болот. Биз үй-бүлө мүчөлөрүбүз менен гүл кармап барып, бири-бирибизге тилектештигибизди билдиребиз. Менимче майрамдагыдай маанай менен өтөт. "Жеңиш" сейил багынан башталган тынчтык жүрүшү Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында аяктайт. Биз "Азаттык" үналгысы, "Заноза", "24kg" маалымат каражаттарына жасалган соңку аракеттерди көрүп ушундай демилге менен чыктык. Биз корко турган эч нерсе жок. Учурунда мындан жүз эсе оор, мындан да караңгы күндөрдө биз туруштук бергенбиз",-дейт тынчтык жүрүшүнүн демилгечиси активист Эдил Байсалов.

Уюштуруучулар "Саясий укуктар жана сөз эркиндиги" деген чакырык менен чыгаарын кабарлады. Ошондой эле алар буга чейин кетсин, жоголсун деген ураандар болбойт деп билдирүү таратышкан. Байсалов тиешелүү мекемелерге, райондук администрацияларга, укук коргоо органдарына жүрүш тууралуу маалымат жеткиргенин фейсбук баракчасына да жазган.

Ошондой эле эртеңден тарта шаар боюнча жазгы тазалоо иштери да баштала турганы белгилүу болду.Борбор калаанын башчысы Албек Ибраимов шаар тургундарын тамашалуу кайрылуусу менен ишембиликке чакырды.

_ _ _

Тектеш темалар