Арабөк калган аңчылык мыйзамы

Аңчылыкка тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште жетиштүү сандагы добуш албай калгандан кийин талаш талкуулар ого бетер күчөдү
Image caption Аңчылыкка тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште жетиштүү добуш албай калгандан кийин талаш талкуулар күчөдү

Аңчылыкка тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште жетиштүү сандагы добуш албай калгандан кийин талаш талкуулар күчөдү.

Мыйзамдын авторлору Кыргызстандын "Kызыл китебине" кирген жапайы жандыктарга 2025-жылга чейин аңчылык кылууга тыюу салууну көздөшкөн. Мыйзамга каршылыгын билдирип келген Aңчылык департаменти мыйзам долбоору чийки экендигин айтып, жалпы мараторий киргизүү эч кандай көйгөйдү чечпей турганын айтууда.

Мыйзамдын демилгечилери чет элдик мергендер сайлуу чоң мылтыктар менен келип кайберен баштаган сейрек жаныбарларды ой кырынча атып, табиятка суук колун салып жаткандыгын айтканы менен каршы тарап буга өз жүйөлөрүн айтып келе жатат.

Image caption Мыйзам кайрадан даярдалат деген менен азырынча анын мөөнөтү так белгисиз

Аңчылык департаментинин айткандарына караганда жаныбарларды коргоо бир эле жергиликтүү мыйзамдар менен эле эмес, эл аралык эреже талаптарга менен да тескелерин жүйө келтирүүдө. Алар буга чейин мараторий мыйзамы коңшулаш Тажикстанда ишке ашырылып, браконьерлер күчөп, каражат көмүскө жолдор аркылуу кете баштаганда тажик өкмөтү толгон-токой убарагерчилик менен эл аралык уюмдарга кайрылып жатып, мараторийди кайра алганы деп жатат.

Алар сөз болуп жаткан мыйзам долбоору бир барактан тураарын айтып, кемчилиги өтө көп деп сынга алууда.

"Агенттик өзү эле буга чейин мораторий киргизип келген. Биз мораторийге эмес, мыйзамдын долбооруна каршыбыз. Устүртөн гана жазылган бир барак мыйзам. Кокус эртең кайберендерден котур оорусу чыкса биз аны кантип атабыз, кантип жөнгө салабыз, мыйзам жол бербейт. Биз анда мыйзамга өзгөртүү киргизип туруп, атканга туура келет. Аны биринчи окуу, экинчи окуудан кабыл алып, анан барып аткыча котур жайылып кетет. Аңчылык алты ай гана болот, башка учурда ал аңчылык эмес. Бул браконьерлик. Биздикилер ошону алмаштырып алып жатат", -дейт Жаратылыш байлыктарын коргоо жана пайдалануу департаментинин директору Алмаз Мусаев.

Image caption Аңчылыкка тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорунун авторлору Кыргызстандын кызыл китебине кирген жапайы жандыктарга 2025-жылга чейин аңчылык кылууга тыюу салууну көздөшкөн

Аңчылык мекемеси эгер мыйзам долбоору толук кандуу даярдалса биринчилерден болуп колдой турганын кошумчалады.

Бирок мыйзамдын демилгечилери бул жерде ири коррупция жана кызыкчылыктардын кагылышы бар деп эсептейт. Мыйзамдын авторлору элдин суроо талабы мыйзамды ишке ашыруу экендигин айтып, жакынкы айларда бул маселени кайра алып чыгаарын билдирди.

"Мыйзамды бир барак, он барак жазсак болот. Каршы болгондор, эгер биз жалпы тыюу салсак браконьерлер көбөйөт, туризм токтоп калат деп жатышат. Бирок буга мен макул эмесмин. Жаныбарларды атканга чыгарган фирмалар туристтерди атканга эмес, аларды көргөзгөнгө чакырса туризм кайра өнүгөт эле. Аңчылык департаментинде чоң коррупция бар. Алар түшкөн кирешелерди өз ара кийиктерге чөп салабыз, туз себебиз, дарылайбыз деп фирмалар бөлүп алышат. Бул жерде чоң каражат бар. Ошол акчадан кур-жалак калабызбы деп каршы болуп туруп алышты. Кыргызстанга бул акчадан бир сом да түшпөйт. Биз кызыл китепке киргендерге гана атууга тыюу салып жатабыз десек да ынынышкан жок. Булар кызыл китепке киргизип алып, кайра эле өздөрү аттырып атышпайбы", -дейт Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев.

Мыйзам кайрадан даярдалат деген менен азырынча анын мөөнөтү так белгисиз.

"Мен өмүрү колума курал алып, жаныбар атып көргөн киши эмесмин. Мыйзамдын кемчиликтерин, каражаттын жок экенин эске алып каршы добуш бергем. Ошол үчүн эле мен браконьер болуп каламбы? Мындай болбошу керек. Эгер мыйзамды дагы иштеп алып келе турган болсо өтөт деп ишенем. Антпей туруп азыр мараторий жарыялай турган болсок, анда өздөрүнүн мыйзамы жөнгө салат деген ишеним менен коргоо иштерин жүргүзүп жаткан чет өлкөлүк уюмдар ишин токтотуп коёт. Мараторий киргизебиз деп Соң-Көлдүн балыктары эмне болгонун жакшы билебиз", -дейт Жогорку Кеңештин депутаты Алмаз Эргешов.

Кечээ мыйзам долбоору добушка коюлду. Анда элүү алты депутат каршы, элүү эки депутат макул деп добуш беришти.