Бишкекте сөз эркиндигине арналган жөө жүрүш өтүүдө

Бишкекте сөз эркиндигине арналган жөө жүрүш өттүдө

Бишкекте жарандык активисттер уюштурган сөз эркиндиги жана саясый укуктарга арналган жөө жүрүш өтүүдө. Жүрүшкө укук коргоочулар, активисттер, шаар тургундары катышууда.

«Жеңиш" сейил багынан башталган тынчтык жүрүшү Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында аяктайт.

«Биз "Азаттык" үналгысы, "Заноза", "24kg" маалымат каражаттарына жасалган соңку аракеттерди көрүп ушундай демилге менен чыктык",-деди тынчтык жүрүшүнүн демилгечиси активист Эдил Байсалов.

Жөө жүрүшкө Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев жана «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянова да катышып жатат.

Тынчтык жүрүшүнө 70ке чукул киши катышууда. Жүрүш «Саясий укуктар жана сөз эркиндиги" деген чакырык алдында өтүп жатат.

Тектеш темалар